Предыдущая публикация
КИТЕПКАНА БАРАКЧАМ (таасирдүү чыгармалар)Бектенова Нуржамал

КИТЕПКАНА БАРАКЧАМ (таасирдүү чыгармалар)

3 фев 2025предложила 
Бектенова Нуржамал

ЖЕТИМДИН ҮНҮ ©

1-бөлүм
"Бүгүн эптеп чыдап таң атырсам, эртеси бир айласын табаармын... Мындан да оор күндөрдү башымдан кечирдим го... Эптеп чыдайын, чыдабаска аргам жок..." деп сыз жерде бүрүшүп жаткан Арман ыйламсырап, коркконунан уктап калганга аракет кылат. Үшүгөнүнөн титиреп улам бир капталына оодарылып: "Ичикиий, тоңуп калдым...Эптеп алаксып, уктап калсам жакшы болот эле... Бирок кара суук жандан өтүп, уктай алчудай эмесмин..."деп былчылдап суу болуп калган жыртык чокоёюн чечип, тоңуп калган колу-бутун ушалап жылытымыш болот. Жепирейген тамдын жалгыз көздүү сынык айнегинен, аркырап шамал уруп турган эле. Шамалдан корголоп тамдын бурчуна отуруп: "Ушул эле жетишпей тургансып, ээн-талаа жакка темселеп келип калганымды карасаң... Кайдан да автобуска түшө калдым экен? Таң эртеден аба ырайы бузулуп, бүгүн өзгөчө күн суук болбодубу. Тоңуп калганымдан чыдабай кетип, жүрүп бараткан автобустун бирине түшө калдым. Эптеп биртике болсо дагы, жылынып алайын дедим да... Тамга таанып окуганды билсем, балким азыр минтип карайлап отурбайт белем? Айдоочу байкап калып, ээн-талаадан түшүрүп салаарын каяктан билиптирмин... Артка кайтайын десем, кеч кирип кетти. Ит-кушка таланып талаада тоңуп калганча, дагы ушу кароосуз калган эски тамды таап алганым абийир болду. Бирок артка кайтканда деле, эмне өзгөрүлмөк? Баары бир бара турган жерим жок да... Бирок адамдын буту баспаган жердин сүрү, коркунучтуу болот экен..." деп шыбырт эткен добушка кулак түрүп, "түндөн аман чыксам экен" деп, безеленип тиленип жиберет. Уюлгуп соккон жел албууттанып тамдын ичин бийлеп алгансып, каалгасы кыйчылдап ачылып-жабылып, бирөө жарым кирип-чыгып ары-бери басып жүргөндөй туюлат. Тарса-түрс чыккан добуштардан жүрөгү түшүп, "апакелеп" боздоп ыйлап таң атырат. Таң сүңүлүп жер бетине жарык түшө баштаганда, тиши-тишине тийбей калчылдаган Арман тамдын ичинен үрпөйүп суурулуп чыга келип: "Экинчи... Эмнеси болсо да, экинчи бул жерге кайтып келбейм..." деп камыштарды аралап, артын карабай чуркап жөнөйт. Армандын башка бараар жери жок болгондуктан, мындай көрүнүштөр дагы нечен жолу кайталанат. Аргасыз байырлаган жерине кайтып келип түнөп жүрүп, акыры эски тамдын сүрүнөн коркпой, көнө түшкөнсүйт.
Армандын багар- көрөрү жок, томолой жетим бала болчу. Баласын жарык дүйнөгө алып келээри менен апасы көз жумган экен. Апасынын жалгыз калтырып кеткенин сезгенсип, ыңаалап ыйлаган ымыркайга доктурлардын боору ачып: "Ылайым баланы энеден ажыратпасын... Апасы дагы томолой жетим кыз экен, эми ымыркайы дагы жетим калды... Арман ай арман, эми наристесинин көргөн күнү эмне болот..." деп жүрөгү сыздаган доктурлардын бири: "Ымыркайдын аты, Арман болсун..." деп ыйламсырап, наристеге Арман деген ысымды ыйгарышкан экен. Ошентип Арман жарык дүйнөгө келээри менен куюлушкан ачуу шор муздак кулачын кенен жайып, көз-жашка чулгап тосуп алгансыйт. Төрөтканадан балдар үйүнүн ымыркай бөлүмүнө которулуп, өзүнө окшошкон жетим балдар менен чоңоёт.
Арман эс тарта баштагандан тартып бир нерсе жетишпегенсип, кичинекей жүрөгү уйгу-туйгу болуп түйшөлө берчү болот. Ал учурда мээримге муктаж болуп жүргөнүн, өзү али түшүнө элек эле. Балдар үйүндөгү жетим балдардай болуп, Арман дагы терезени акыйып карап, апасын күтөт. "Эмне үчүн бизди жетим дешет? Эмне үчүн балдар үйүндө, жалаң жетим балдар жашашат? Ата-энесиз балдар, ушунчалык көппү? Эмне үчүн, менин апам жок?" деген сыяктуу жоопсуз суроолор жүрөгүн өйүтүп, барган сайын күч ала берет. Балдар менен кошулуп ойнобой өзүнчө ойго чөмүлүп, терезени мелтиреп тиктеп отура берген адаты бар болчу. Бир күнү адатынча терезени тиктеп отурса, бир өспүрүм бала жанынан өтүп баратып:
--Иий байкушум, дале терезени тиктеп отурасыңбы?Байкашыма караганда, акыйып жол карай берчү болуп алыпсың. Эмне, бирөөнү күтүп отурасыңбы?- деп сурап калат. Анда Арман мелт-калт болгон көз-жашын чуурутуп:
--Ооба... "Апам келип калабы" деп күтүп отургам... - деп жооп берет. Баланын дагы көзүнө жаш тегерене түшүп:
--Апам менден баш тартып таштап кеткенине карабай, убагында мен дагы сендей болуп, апамды зарыгып күткөм...- десе, Арман жандана түшүп:
--Анан? Анан апаңыз сизди "алып кетем" деп келди беле? - деп ыйламсырап сурайт.
--Жок, келген жок! Таштап кеткенден кийин, келмек беле? Балдар үйүндө тарбияланып жашап жатышкан балдардын, эч кимге кереги жок! Биздин бар жогубуз, ачка-тогубуз менен эч кимдин иши жок, түшүндүңбү? Ушуну оң кулак сол кулагың менен жакшылап угуп, эсиңе бекем түйүп ал!- деп "бурк" этип басып баратып:
--Айткандай, сен томолой жетимсиң да?- дегенине Арман суроолуу карап:
--"Томолой жетим" деген эмне? Биз менен чогуу жашашкан балдардын көпчүлүгү, жетим балдар го?- десе ийнин куушуруп:
--Биз го, тирүүлөй жетимбиз. Ал эми сен болсоң, томолой жетимсиң! Сенин апаң өлүп калган, кайра тирилип келбейт. Ошону үчүн жалдырап күтпөй эле кой, баары бир эч ким келбейт! - деп Армандын шагын сындырып, кол шилтеп басып кетип калат.
--Жок жоок, апам өлүп калган эмес! Калп айтасыз, апам тирүү! Көрөсүз, бир күнү апам келип, мени алып кетет! Апам мени эч качан таштап кетпейт! Сөзсүз, сөзсүз апам келип, бир күнү мени алып кетет!- деп бакырып ыйлап жиберген Армандын жанына тарбиячысы чуркап келип, баланы эптеп сооротуп, жагдайды жумшак түшүндүрүп бергенге аракет кылат. Анда Арман мукактанып:
--Апам... Апамды сагынып күтүп жүрсөм, апам чын эле өлүп калган турбайбы... Эже, апам эмне үчүн өлүп калды экен? Эми апамсыз кантип жашайм? Апамды, бейиште дедиңизби? Чын эле апам мени асмандан карап турабы? Анда мен, чын эле томолой жетим турбаймынбы...- деп өпкөсү көөп муңга чулганган Армандын үнү титиреп, токтоно албай өксүп ыйлайт. Четте ыйламсырап карап отурушкан балдар үйүнүн кызматкерлеринин бири:
--Үмүтүн үзбөй, ата-энесин зарыгып күтүшкөн балдарга боорум ооруй берет... Байкуш балдардын көздөрү муңдуу. Эмтеден эле, кичинекей жүрөктөрү жараланган... Жетимчиликтин көр азабы балдардын жараланган жүрөгүндө так калтырып, өмүр бою жараты тартылып айыкпайт да... Байкуштар кийин адамдардан мээрим издешип, далай кагылып-согулушат го... Анткени, азыр жашоо кыйын. Барган сайын адамдар кайрымсыз, мерез болуп баратышат... Баарынан да ушундай мотурайган сонун наристелерин, сыздатып таштап кетишкен ата-энелерге, жиним келе берет. Кантип, кантип өз баласын чыркыратып таштап кетсе болот, түшүнбөйм... Балдарын кандай мээримсиз өксүк жашоого чулгап, сыздатып кыйнашканын түшүнүп биле алышса кана аттиң... Иий-иий, айтоор адамдарга ыйман берсин... Балдар үйүндөгү балдардай болуп, бир да бала өксүбөсүн... Мээримге муктаж болуп, бир да бала сыздап ыйлабасын... - деп ындыны өчө түшкөн Армандын, үмүтсүз теңселип кетип баратканын ыйламсырап кала берет.
Ошол күндөн тартып, Арман терезе жакка такыр жолобой калган эле.
Бир күнү Арман менен кошо дагы үч төрт баланы ээрчитип, тарбиячысы балдар үйүнүн жетекчисинин бөлмөсүнө алып барат. Бөлмөдө күтүп отурушкан конокторго балдарды тааныштырып, ар бири жөнүндө кыскача айтып бергенден кийин, тикирейип карап отурган сүрдүү айым үн катып:
--Мына бул бала жакты!- деп, Арманды сөөмөйү менен көрсөтөт. Анда балдар үйүнүн жетекчиси:
--Тандооңор туура болду, эң жакшы! Армандын ден-соолугу чың. Балдардын көпчүлүгүндөй, тубаса дарты жок. Өзү тил алчаак, жароокер жакшы бала! Кенже мектеп жашына, жашы жетип калды. Мектептин босогосун аттагандан кийин жакшы окуй турган болсо, "келечеги кең болот" деп ишенем!- деп Арманды жылмайып карап:
--Ата-энелүү болуп, өзүңдүн үйүндө жашагың келеби Арман?- деп сурайт. Мээримге чаңкап, өпкөсү көөп турган Арман ыйламсырап:
--Ооба эжеке...- деп башын ийкеп, ыйлап жиберет. Боору ачыган жетекчи жанына басып келип:
--Бул адамдар, сени асырап багып алганы жатышат. Жакында ата-энелүү болуп, жаңыча жашоо баштайсың! - деп жетекчинин айтканын угаар замат, болочоктогу энесинин жанына жетип барып жылуу кучагына култ этип, "апакелеп" эркелегиси келип кетет. Турган жеринен козголо берип, мисирейген айымдын суук көз-карашынан чочулап, унчукпай туруп калат. Ошондо эле жүрөгү "шуу" дей түшүп, бир жамандыкты сезгендей болгон эле. Бирок балалыгы менен "ата-энелүү" болдум деп сүйүнүп, жакшылыктан үмүтүн үзгөн эмес.
Багына жараша, жеткен таш боор мерез адамдарга тушукканын, үйүнө алып кетишкенден кийин гана түшүнөт. Үйүнүн босогосун аттаары менен ата ордуна болчу киши:
--Ай бала! Мындан ары мага "кожоюн" деп кайрыласың, уктуңбу?- деп бетинен заарын чачыратып:
--Мына бул жерде жашайсың! -деп короосундагы сарайлардын бирине жайгаштырат. Ошондо Арман ичинен сызып: "Жаңыча жашоомду башкача элестеткен элем... Тилегим таш кабып, бул адамдардан мээрим тапчудай эмесмин... Балким жакшы бала болуп берсем булар мага боор тартып, ата-эне болуп беришет?" деп дагы да жакшылыктан үмүтүн үзбөйт. "Кожоюндары" болсо жумушун жазатыш үчүн эле багып алышкансып, эшеңдетип иштетишип, абдан кордошот. Кожоюну одураңдаган, ачуулуу киши болчу. Мисирейген кожойкесинин оозунан, деле бир жылуу сөз чыкчу эмес. Армандын ичкен-жегенинен бери эсептеп, тамагын кызганып турчу. Чүкчүйтүп балдарынан ашканын берсе берет, бербесе ачка калчу. Тыпылдап айтканын кылып, канчалык бөжөңдөп көзүн карабасын, жибип боор тарта тургандай түрлөрү жок болчу. Чалчаңдап эрке өсүп калган балдары Арманды адам ордуна көрүшпөй, кемсинтип далай кордошот. Ошентип ар кимиси кодулап уруп-тепкилей беришип, Армандын жүрөк үшүн алып коюшкан эле.
Бир күнү Арман кожоюнунан катуу таяк жеп, качып кетүүгө аргасыз болот. Каргашалуу күнү демейдегидей эле жаны тынбай, короосунда эшеңдеп жумушун кылып жүргөн. Каны катып суусап кеткенинен, "суу ичип алайын" деп кожоюнунан суранып, ашкана жакка чуркап келет. Суу ичкенге чөмүч таппай ашкананын ичине кирсе, дасторкон бети дүрдүйүм тамак-ашка жайнап турган экен. Курсагы жакшы тойбой жүргөн бала чыдабай кетип, кантип жетип барып тамагын жей баштаганын, өзү дагы билбей калган эле. Бир убакта:
--Эй Арман! Ай куңгулак, суу ичип келем деген боюнча, каякка житип кеттиң?- деп күпүлдөп артынан жетип келген кожоюну:
--Кантет жутунуп? "Ачкадан өлөйүн" деп калган го, бу жетим! "Уруксатсыз, ашканага кирбей жүр" дебедим белем? Алдыгы укпаган кулагыңды, жулуп алайынбы яа?- деп тишин кычыратып:
--Демек, айткан сөздү укпайт экенсиң да?Экинчи тамакка кол салгыс кылбасам элеби!- деп Армандын ээгинен мыкчып кармап:
--Ууууу кураган жетим, ач оозуңду! Бүкүл бойдон жут, кана дагы сугун! Сугун дейм жетим, баарын жут! - деп тамак ашты оозу-мурдуна тыгып, тамак салынган идишке башын матырып ура баштайт.
--Кечирип коюңуз... Экинчи... Экинчи уруксатсыз тамак жебейм...- деп какап-чакап чырылдап ыйлаган Арманды башка-көзгө койгулап, уруп-тепкилеп жатып калат. Бакырып- өкүрүп чыркырап ыйлаган кичинекей баланы, эси ооп калганча урат. Көзү аңтарылып дымы чыкпай калганда гана урганын токтотуп, канжалаган баланы сарайына сүйрөп барып камап коёт. Ушинтип таяк жеген күндөрү Арманды сарайга камап, бир нече күн бою тамак бербей жазалачу.
Канча убакыт эс-учу жок жатканы белгисиз, бир убакта кыңкыстап көзүн ачып:
--Дагы... Дагы сарайына камап койдубу? Суу, суу ичким келип жатат...- деп денесинин чыдатпай оорутканынан онтолоп:
--Жаным ай жаным, эмне үчүн мынчалык шордуумун? Эмне үчүн, эмне үчүн жетим болуп жаралып калдым экен, аттиң... Жетимчиликтин көр азабы, жаныма батып кетти апа... Эмне үчүн мени мынчалык кыйнадыңыз? Эмне үчүн мени шорго малып, таш боор мерез адамдардын таландысына таштап кете бердиңиз экен? Ушунча сыздап азап чеккиче, өлүп эле калсамчы... Мени сыздатпай, жаныңызга кошо ала жатыңызчы, апа... - деп оозуна толо түшкөн канды "култ" жутуп, эреркеп ыйлап жиберет. Ошол учурда, ашкана жактан бакылдаган үндөр угулуп:
--Элге-журтка "жагынам" деп, каяктагы бир жетимди багып алып куураттың! Бүгүн тамак-ашыбызга кол салган неме, эртеси өзүбүзгө кол салат! Сарайымды сасытып, балдарга битин жугузуп бүтүрдү! Ашка жүк башка жүк кылбай, балдар үйүнө кайтарып бер! Көрөйүн деген көзүм жок, тезирээк жогот муну!- деп чаңкылдаса, бышылдап күйүккөн кожоюнун жагымсыз үнү угулуп:
--Ой бул жетимди өзүң жактырып, тандап алдың элең го? Кичине мээңди иштетип, ойлонсоң боло? Мал жанды жайгарып, бакча короону карай турган да адам керек да? Жумушчу жалдай турган болсом, ага олчойто акча төлөп беришим керек болот. Андан көрө бул жетимди, бекер иштеткеним жакшы эмеспи. Чоңойгон сайын кол арага жарап, дагы далай керекке жарап берет. Мындай бекер малайды, издесең да таппайсың! Бекеринен, мектепте окуткан жокмун да! Адам канчалык сабатсыз болсо, ошончолук үстөмдүк кылып башкарганга жеңил болот! Итти деле үйрөтүп алса болот, ошону үчүн шашпа. Эсине келсин. Анан бул жексурдун сазайын берип, бир жаңсыл кылам! - деп кобурашып, ичкери кирип кетишкенсийт.
--Жүрөктү канжалатып тилип жиберчүдөй болгон, кандай жагымсыз үндөр... Булардан ушунчалык заарканып калдым, деле бир адам сыягы жок немелер экен... Булар таш боор эле эмес жеткен сараң, ач көз, митайым адамдар экен... Мени тандап алгыдай мал же, буюм эмесмин го? Жетим болсом дагы, адаммын! "Ата-энелүү болдум" деп сүйүнүп, адашыптырмын... Көрсө бөлөк бирөө боор тартып, ата-эне болуп беришпейт тура.. - деп эчкирип ыйлап жиберип: "Апам тирүү болгондо, ушунча кордук көрбөйт белем? Кордуктан жүрөгүм жараланып, сыздап бүттүм апаке... Мээрим... Мээримге чаңкап, суусап жүрөм апа! Булар мээримин төгүп жакшы мамиле кылып коюшса эле, анда баарына кайыл болуп, малайы болуп бергенге деле даяр элем го... Бирок, булар эч убакта мээримдүү боло алышпайт. Эмне үчүн адамдар мынчалык таш боор, мерез болушат, түшүнбөйм..." деп ыйлап жатып: "Булар мени оңдурбайт го... Балдар үйүнө кайтарып берише турган болсо, анда эле шорум катты..." деп көз-жашын көлдөтүп, өзүнөн улуу балдар тамагын тартып жеп уруп-тепкилегендерин, кээ бир таш боор тарбиячылардын кемсинтип кордогондорун эстеп кетип: "Жок жоооок, балдар үйүнө кайтып барбайм! Андан көрө, көчөдө тентип өлгөнүм жакшы. Адамдардын баары эле бирдей таш боор, мерез эмес чыгаар? Булардан качып кетсем, балким көчөдөн мээрим табаармын?" деп качып кетүүнү чечет. Жерди сыйпалап колуна урунган чыбыкты ала калып, уч жагын кемирип уштукуй кылып ичкертет. Эшиктин жылчыгына бойлотуп, илгичин ачканга аракет кыла баштайт. Багына жараша, илгичи чала илинип калган экен. Чыбыгы менен тынбай илгичин тарткылай берип, бир убакта илгичи ачылып кетет. Арман сүйүнүп сарайдан чуркап чыгып, өңгүрөп ыйлаган боюнча бакчаны аралап качып жөнөйт.
Ошенип Арман багып алган адамдардан качып кутулуп, кароосуз калган балдардын катарын толуктаган эле. Адамдардан мээрим издеген бала мээрим таппай, көчө жашоосунан көрбөгөндү көрөт. Эптеп кардын тойгузуп өзөк жалгап алыш үчүн оор күндөрдү башынан кечирип, деңиздей чайпалган шорго малынып далай сыздайт. Кайыр сурап, таштандылардан өзөк жалгаган күндөрү болот. Бош бөтөлкөлөрдү, көчөдөн терип чогултуп сатат. Базарда тачки түртүп, ар кимдин бут кийимин тазалап берип жан сактайт. Чоң кишилерге кошулуп, жалданып иштеген күндөрү да болот. Анда да салаңдатып курсак байлаган эргулдар бекер иштетип алышып, уруп-тепкилеп эмгек акысын төлөп беришпей койгон учурлар болот. Чөнтөкчү шылуундарга таланып-тонолуп, аракеч бомждордон далай жолу таяк жейт. Айтоор тентип жүргөн эки жыл аралыгында, башынан кандай гана оор күндөрдү кечирбейт. Баш калкалай турган жер таппай бекет, базар, сейил бактын тегерек-четин шыноолоп, кай жерде гана түнөбөйт. Жер там үйлөргө, жакын жологондон коркчу. Анткени, көгала болгон жыртык кийимчен баладан чоочулашып, арылдаган иттерин агытып, талатып койгон учурлар болгон эле... Кыштын кыраан чилдесинде, көчөдө "тоңуп өлүп калбайын" деп, көп кабаттуу үйлөрдүн подвалында түнөгөнгө аракет кылчу. Бирок эшиги кулпуланып бекитилбеген подвалдар сейрек учурап, кабаттардын тепкичинде отуруп таң атырганга мажбур болчу. Башында: "Бири-бири менен ийилип учурашып, таптаза болуп чыкыйып кийинишкен адамдар, боорукер жакшы адамдар болушса керек" деп, тургундардан жакшылык күтөт. "Оңбогон тентимиш баладан, оору жугуп калбасын" деп Армандан жийиркенишип, жаа бою качышып, зээнин кейитишет. Калчылдап үшүп отурган жеринен, далай жолу аёосуз кууп чыгышкан күндөр болот. Ошондо Арман түңүлүп: "Мээрим издеп, дагы жаңылдым... Эч кимге зыяным жок, кичиней бала экенимди көрүп турушуп, эмне үчүн аяп коюшпайт? Ушунчалык да, таш боор болушабы? Деле бир эч жерге батпай, куурадым... Ар дайым жек көрүнүп, итче куулуп жүрүп тажадым... Адамдан баарын күтсө болот экен... Анан адамдан коркпой, ээн- талаадагы кароосуз калган эски тамдын эмнесинен корктум?" деп, кечкурун көнгөн жерине кайтып келчү болот. Бул жолу да камыштарды аралап басып келатып, демейдегиден маанайы суз эле. Акыркы учурда шалдырап, өзүн начар сезип жүргөн. Таманы жооруп шишип кеткен бутун араң сүйрөп басып келип: "Ааламдын суук кучагына чулганган жашоом менен түнөк тапкан жерим коёндой окшошуп, бири- биринен эч айырмасы жоктой... Жада калса дубалдары да жетимсиреп, өзүмө окшош... Мендей кароосуз калып, дубалдары четинен урай баштаптыр. Мен дагы качан "чорт" сынып, жок болуп кетээр экенмин..." деп мукактанып, көктү тиктейт. "Алым кетип, бир нече күндөн бери жолум болбой жүрөт. Ашказаным түйүлүп, канча күндөн бери ачка жүрөм... Айла жок, чыдаш керек... Эртең менен таң атпай туруп алып, күндөгүдөй эле ырыскымды издеп жөнөйм. Балким эптеп бир жерден өзөк жалгап алаармын, буйруганы болот да..." деп күдүк ойдун күбүрүнө түшүп, сыз жерге бүрүшүп жатып эчкирип ыйлап жиберет. Ичи түйүлүп оорутуп, дене табы көтөрүлүп турган эле. Аңгыча, чоң жол жактан музыканын үнү жаңырып чыгып, каткырып күлгөн үндөр угулуп калат. Уккан кулагына ишенбей, жандана түшкөн Арман сүйүнүп кетип: "Багыма жараша, чын эле түн каткан жолоочулар келип калышканбы? Кардым ачып турганда, ырас жакшы болбодбу, сонун, шүгүр! Буйруса, бүгүн жаман курсагым кампая тоёт экен да!" деп шымаланып, үндөр чыккан тарапты көздөй шашып жөнөйт.
Ай-талаалап түн каткан мындай жолоочулардын келип-кетиши, кичинекей Арман үчүн чоң майрам эле. Анткени, жолоочулардан калган таштанды калдыктардын арасынан, чала ичилип-желген азыктарын терип жеп, шам-шум этип өзөк жалгап алчу. Жыш өскөн бийик камыштарды аралап басып келип, жолдун боюнда токтоп турган унаа жакка жакындап келе берет. Адамдардын бакылдаган үндөрү угулган сайын, Арман өзүнчө кубанып: "Ээн-талаада өзүм жалгыз түнөп жүрүп, жалгызсырап кеттим... Баары бир, адамга адам керек экен... Бүгүн курсагым эле тойбостон, жолоочуларды караан тутуп таң атырат экенмин да!" деп кымыңдап, жолдун боюнда өсүп турган калың бактын далдаасына жашынып, караңгыга сиңип кеткендей болот. Унаанын фарасынын жарыгынан көрүнгөн жолоочулардын, кыймыл-аракетин кызыгып карайт. Бир борсойгон толук жигит, асманды тиктеп рахаттанып турган экен. Тамак-аш көзүнөн учуп араң турган Арман алаксыганга аракет кылып, жигиттин сөзүнө кулак төшөйт.
--Вах чиркииин, пай-пай-пай! Мммммммм, абанын тазалыгын карачы! Өз мекениңдин таза абасы, теңдешсиз! Керемет, керемет жигиттер керемет!- деп абадан кере-кере дем алып рахаттанып турган жигитти, дос баласы кубаттап:
--Ооба Байтур, айтканыңда калет жок! Жомоктогудай укмуш сонун жерлерди кыдырып жүргөнүң менен кооз жаратылышыбыз, таза абабыз, даамдуу суубузга эч нерсе жетпейт да! Кайда жүрсөң дагы, жүрөгүң "мекеним" деп согуп турат эмеспи!- дегенде, баштыктарын көтөрүп келаткан жигит дардалаңдап:
--Охоо, жигиттер! Айлуу түндүн таза абасы жүрөгүңөрдү элжиретип, укмуштуудай таасирлентти го силерди яа? Демек, Байтурду тосуп алгандан кийин жолдон токтоп, жолукканыбызды таза абада "белгилеп коёлу" деген оюбуз, туура чыккан экен да! - деп баштыгынын ичинен жыты буркураган тооктун грилин, токоч, суусундук ичимдиктердин бөтөлкөлөрүн шагыратып алып чыгып, капоттун үстүнө коёт.
--Казы-карта чучукту сагынсаң керек? Эртең кой союп, сени коноктойбуз! Ал эми бүгүн болсо, түнкү клубга барабыз. Буюртма берип, даярдатып койгонбуз!
Кичине черибизди жазып алып, түз эле клубду көздөй жөнөйбүз досум! - десе, жалпылдаган досуна башын ийкеп, топон салган каптай болуп тырсыйган курсагын сылагылайт.
--Мен дагы кур кол эмесмин, достор! Силердин эмнени жакшы көрөрүңөрдү, беш колумдай билет эмесминби!- деп дипломатынын оозун ачып, ортого коёт.
--О-хооо Байтур, азамат! Анык жигиттин гүлсүң да, баракелде! - деп дуулдашкан достору алакандарын ушалашып, дипломатынын ичиндеги ичимдиктерди стакандарга куюштура башташат. Анда Байтур ого бетер койколоңдоп:
--Алыста жүрсөм дагы, ар бириңдин жетишкен ийгиликтериңерден кабарым бар. Бириң кызмат ордунан жогоруласаң, бириңдин ишиң жакшы жүрүшүп, бизнес өркүндөө жолунда экен. Болсун досторум, болсун! Чечекейди чеч кылган дагы бир жакшы жаңылыгыңарга, чын ыкласыман жетине албай кубанып турам! Мына бул досум! - деп жанында турган шыңга бойлуу жигиттин ийнинен кучактап:
--Атасы жакшы кызматты ээлеген сыйлуу инсандын, чүрөк кызынын жүрөгүн багындырып алыптыр!- деп этеги тилик көйнөк кийген бийик шиштакачан бийкечти, астыртадан көзүн кымыңдатып карап коёт.
--Куттуктайм досум, азаматсың! Айтоор, силердей кол укуругу узун досторум менен сыймыктанам. Баарыңарды ийгилик жетишкендиктериңер менен куттуктайм!- деп досторун кыдырата жылмайып карап, бир гана Элчини көзүнүн төбөсү менен жактырбагансып карайт.
--Арабызда, бир гана Элчинин уучу боштой. Сыймыктанып кубанаарлыктай, жаңылыгы деле жок экен. Бизге жөн эле эркелеп, арабызда адашып жүргөн жоксуңбу яа Элчи? Болбосо же, байлыкка умтулбайсың... Же катардагы жөнөкөй жумушчудан, деле бир өйдөрөөк жогорулабай койдуң... Айтоор, жашооңдо эч бир өзгөрүү жок. Буга чейин кандай болсоң, дале ошол бойдон экенсиң...- деп күтүлбөгөн жерден тийишип сүйлөйт. Мындайды күтпөгөн Элчи таң калып:
--Көңүлүмдү көмө чаап, табалаганың кызык болду... Эми сен менин жашоом менен канааттанбасаң, өзүм ыраазы элемин, баарына шүгүр! - деп жооп бергенине Байтур көзүн жүлжүйтүп, каткырып күлүмүш болот.
--Ой эмне анчалык исиркектенип чычалап кеттиң? Тарс эткендин баары тамаша да. Кыздан бешбетер кылыктанып тамашаны көтөрө албай, таарынчаак болуп калгансыңбы?- деп далынан таптамыш болуп:
--Анда эмесе, келгиле жигиттер! Буйруган ырыскыбыздан даам татып, бир моокумубуз канганча чер жазып, көңүл ачалычы! Ар дайым бар бололу, бай бололу! Ушинтип эле телегейибиз тегиз болуп, бардар жашоодо жыргап жашап жүрө берели!Баарыбызга бакубат жашоо каалайм! Кана жигиттер, калтырбай алып жибергиле. Жолукканыбыз үчүн!- дегенин жигиттер коштоп:
--Жолукканыбыз үчүн!- дешип, бир дем менен шараптарын ичип жиберишет. Челкилдеп куюлган шарап ичилген сайын күлкүлөрү чыгып, каткырып күлгөн үндөр айлананы жаңырткансыйт. Жолоочуларды акмалап карап отурган Армандын оозуна кара суу келип, араң чыдап отурган эле. Ансайын Байтур өчөшкөнсүп:
--Хмммм жигиттер, тим эле грильдин даамдуулугун кантесиң! - деп тамшанып манжаларын чопулдатып жалаган сайын шилекейин "култ" жутуп, ыйлагысы келип кетет. Бир убакта шаңдуу музыкасын жаңыртып, капоттон обочороок туруп элирип бийлей башташат. Ушуну эле күтүп турган Арман кара түн жамынып жетип келе калат да, копоттун үстүндөгү болгон тамак-аштан жанталашып сугунуп жей баштайт. Колуна урунганын уучтап чөнтөк-койнуна тыгып, какап-чакаса дагы токтоосуз тамак жегенин уланта берет. Жигиттердин көз жоосун алып, ортодо кылыктанып бийлеп жаткан бийкеч бир убакта:
--Өх иий балдар, тим эле токтоно албай жыргап бийледик го? Тердеп-кургап, суусап кеттим. Бир тыныгып алып анан улантпайлыбы, кандай дейсиңер?-деп жайылган узун чачын желпип бурула берип:
--Ааааааааа, ууруу! Ууруну кармагыла жигиттер, уурунууууу!- деп ачуу чаңырып жиберет. Байтур чочуп кетип жерде жаткан чыбыкты ала калып:
--Кана, кана ууру?- деп элеңдеп:
--Ой чын эле ууру жүрөт го? Туш-тарабынан курчагыла, качып кетпесин! Мындайдын сазайынын бериш керек, кана жигиттер кармагыла! - деп элирген Байтур чыбыгы менен тап берип, Арманды курчоого алып жакындай беришет. Жырткыч сымалданган жигиттер, Армандын көзүнө жалаңкычтай көрүнөт. Жүрөгү оозуна кептелип эмне кылаарын билбей, кайсалактап жерге жата калып, унаанын алдына соймолоп кирип кетет. Кыжыры кайнаган Байтур тизелеп отура калып, Арманды чыбыгы менен сайгылап, чапкылай баштайт.
--Оңбогон ууру, бекинбей чык дейм! Бирөөнүн ырыскысына кир манжаңды матырып, кол салган кандай болоорун азыр сага көрсөтөм!- деп өңгөчүн тарта ыплас сөздөрүн жаадырып, сөгүнүп баштайт. Оолуккан Байтурдан жүрөгү түшкөн Арман ыйлап жиберип:
--Ууру эмесмин, эч нерсеңерге тийген жокмун... Бир нече күндөн бери оозума наар албай, өзөрүп ачка жүргөм. Чыдабай кетип, тамагыңарды жеп койдум. Кечирип койгулачы, экинчи мындай кылбайм! Урбагылачы мени, суранам силерден... Уурдап алган тамак-ашыңарды кайтарып берейин, мынакей...- деп койнуна салып алган эт токочун, унаанын алдынан колун бойлотуп сунат. Баланын быйтыйган колу сунулаар замат, шиштакачан бийкеч "опаа" деп, шиштакасы менен баса калып:
--Фуууу... Адамдын жүрөгүн айланып, иренжитпечи айбан! Кычы колуң менен кармалаган тамакты, эми биз жемек белек? Ачкадан өлүп баратсаң, тишиңдин кирин соруп жата бербейсиңби анан! Сабак болсун, мына сага! - деп өчү бардай эле шиштакасы менен колун катуураак басып, бутун ойноктотуп бычырата тебелейт.
--Аааааааа!-деп чыңырып жиберген баланын колун дагы тебелеп:
--Колум ай колум...- деп чыркырап ыйлап жиберген Арманды унаанын алдынан сууруп чыгышып, төртөө төрт жактан жабылып, башка-көзгө койгулап тепкилеп жатып калышат.
Чыгарманын автору:
Нуржамал Бектенова
Уландысы бар.

ЖЕТИМДИН ҮНҮ © - 998984509909
#ЖЕТИМДИНҮНҮ

Нет комментариев

Новые комментарии
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
КИТЕПКАНА БАРАКЧАМ (таасирдүү чыгармалар)

КИТЕПКАНА БАРАКЧАМ (таасирдүү чыгармалар)

ЛентаТемы 14Фото 35Видео Участники 30
  • Подарки
Левая колонка
Всё 14
Обсуждаемые

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

Зарегистрироваться