Кемчилик жоктой мага эч жериңде Кезигип келсең жашоо кечмегинде Кең дүйнө тарып кетет кантем анан Көрүнбөй калсаң эрте- кечтеримде Кубаныч карегиңде катылгандай Кусамын кээде алыс кеткениңде . Жамгырдай жашоо берип себелеген Жазыксыз гүлдөй болуп соолуп калам Жылмайып жылуу сөзүң айтпай калсаң Жабыгып жан дүйнөмдөн ооруп калам Жарыгың күн сыяктуу чачып турсаң Жүрөккө кубат алып толуп калам. Жалгызым жакшынамсың жашоомдогу Жок дегенде бираз эрте жолукпаган.