Баягы эле күчүмдү ыйдан чыгарып жатам, көзүмдүн жашы өзүнчө эле куюлуп, ичимдеги болгон букту, ызаны тышка алып чыгып жаткандай, өпкө- өпкөмө батпай ,жаш баладай ыйладым. Караңгы түндүн кунарсыз коюнунда, жапжалгыз калгандай, дүйнөм ээнсирейт.Айланам: - Сага чала - дегендей, үнсүз табалап, тунжурайт. Бир жылуулук издеп жүргөн жүрөгүм, бүгүн мүздай муздап , жашоонун кызыгы токтогондой, эч нерсенин кереги жоктой , өз өкүнүчүнө, өз арманына уугуп, сыздайт. Кечөө эле ичи толо сүйүү, мээрим болсо, , бүгүн анын баары тоңуп, таштай катып калган сыяктуу сыздайт. . Кайран көңүлүм, канча жолу калдың экен, канча жолу суук сөздөрдү сиңире албай, соолудуң экен, канча жол