Предыдущая публикация
ЭЛДИК ТАЙПА.

ЭЛДИК ТАЙПА.

12 дек

Ж и й д е г ү л ж и н д и

(аңгеме)

Ж и й д е г ү л   ж и н д и - 5396316647338
Жийдегүл босогодон ачууланып кирип келип, колундагы калай табакты жерге тарс эттирип бир чапты да, терезе туштагы эски керебетине боюн сулк таштап, көмкөрөсүнөн түшүп жатып калды. Жоолугу жерге шыпырылып, көк ала чачы саксайып, энтиге-энтиге дем алып жатты. Көпкө жатты. Ыйлап атабы, уктап калдыбы – белгисиз. Былк этпей жата берди. Демейде жонуна чыгып, балтырларына сүйкөнүп эркелечү мышыктары мындайда куйруктарын кыпчып, үстөлдүн астына кирип дым болушат. Кошуна катындыкы өттү. “Иттериңди жоготпосоң сотко берем, айылдан көчүрүп жиберем” дегенине көп болду. Бермектен өлүп кетпейби?! Мени өкмат да көчүрө алган эмес?! Мага десе президентке барсын. Иттерим анын короосуна кирбесе, аны каап албаса – эмне деп сотко берет десең?! - Берип эле көрбөйсүңбү итирейген арбак! Менден жакшылык күтпө. Сен мага периште болбой эле кой. Өзүңдү билип ал - эриң ууру, өзүң жалап... Иттерден айлангыр десе. Сен өзүң итче да жоксуң, – деп дагы бир топ ачуу сөздөрдү айтып, колдору калтырап, жаак эттери титиреп, үйгө кирип жатып калды. Башы жарылып кетчүдөй зыңылдап чыкты. Эми көпкө чейин ачуусу тарабайт. Жийдегүлдүн короо толо иттери, үй толо мышыктары бар. Иттери аны кайтарат, мышыктары үйдө жанына эрмек болот. Кыскасы, анын жашоосу – ошолор менен. Бул айылда аны менен эч ким деле чечилип сүйлөшпөйт. Баары эле окчундап турушат. Эки күйөөсүнөн эки уул төрөгөн. Балдары чоңойгон соң, иштеп келебиз деп экөө эки жакка басып кетишти. Улуусу өзүнөн кыйла улуу орус аялга үйлөнүп, Сибирь жакта дейт, экинчиси Москвада болсо керек. Жийдегүл өзү деле так билбейт. Сурагандарга балдарым Россияга иштегени кеткен дейт. Көп жылдар мурун эки наристесин жетелеп, ушул айылга келгенде анын тагдыр таржымалына эч ким деле кызыккан эмес. Эптеп балдарын багайын деп жүргөн жалгыз бой неме да деп коюшса керек. А чынында эле ошондой болчу. Колхоздун гаражынын жанындагы кароолчунун эки бөлмөлүү жапыз үйүнө көчүп кирген. Үй дегидей жыргаган деле үй эмес. Жамгыр жааса шыптын ар кай жеринен тамчы өтүп, ага Жийдегүл чака-челектерин тосуп коёт. Эшик-терезесинин кашектери араң кармалып, дубалынын шыбактары көчүп турат. Жаңы келгенде жаш болчу Жийдегүл. Балдарын ушул үйдө чоңойтту. Аны бул айылдагылар Жийдегүл жинди дешет. Албетте антип көзүнө айта алышпай дечи. Антсе ач айкырыкты салып, колуна өлүп бербейби. Колхоз тараганда алиги эски үйдү бошот дешкен Жийдегүлгө. Ал чыркырап: - Жаш балдарым менен кайда барам? Эч кимим жок. Талаада каламбы? - деп ыйлактап үйдөн чыкпай койгон. Чынында эле чиедей балдары менен кайда барат эле?! Кийин дагы келишкен. “Бошотпосоң болбойт, бул мамлекеттин мүлкү” дешти. Ошондо Жийдегүл өзүнө бензин чачып өрттөнмөк болгондо, эл аны араң сактап калган. Ошондон кийин ага батынып эч ким басып барган жок. Далай жылдар өттү. Ал үйдүн ооз жагына дагы бир бөлмө кошуп, улам бир жерин жамап-жаскап, үңкүр да болсо үйүм бар деп жашап келет. Жийдегүл эл айткандай жинди деле эмес. Болгону кыялы чорт, ачуусу чукул. Капа болгондо өзүн кармай албай калат. Кичине эле намысына тийген сөз болсо өлбөгөн жерде калат. Өз чындыгын далилдегиси келгенде же бирөөдөн өч алгысы келсе оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып, албууттанып кетет. Адептүү, сылык болгонго кичинесинен эч ким үйрөтпөсө эмне кылсын. Үйрөтмөк тургай маданияттуу адамдардын чөйрөсүнө аралашып көргөн да эмес. Бирок ал дайыма эле ачуулуу жүрбөйт. Ак көңүлдүк жайы деле бар. Оң кыялы кармаганда андан жакшы киши жок. Жашоо шарты келишсе - өңү-түсү деле алдемедей көрүнмөк. Көчөдөн өтүп баратып учурашкандарга: - Үйгө кирип чай ичип кет, май токоч жасадым эле, – деп калат кээде. Эркек кишилер учурап калса: - Максымым сонун ачыптыр. Кайрылып ичип кет, мен жалгыз түгөтө албайм, - деп үйүнө чакырып, жыты буркураган максымдан керден пиалага көбүртө куюп сунат. Чынында эле ал арпа максымды баптап-таптап жакшы жасайт. Аныкын сөзсүз мактап ичишет. Антпесе болобу?! Өмүрү эч кимден жылуу сөз укпаган аял жок дегенде ушул максымына мактоо уккусу келерин башкалар кайдан билсин?! Уулдары эки жакка кеткенден кийин ит-мышыктарын көбөйтүп алган. Ошолор менен убара. Ошолор менен сүйлөшөт. Базардан жем алып келип, атала жасап, баарын тойгузат. Эки күндүн биринде сентирдеги ашканадан эки челек жугунду көтөрүп келет. Кошуна-колоңдор анын бул жоругун жактырбайт. Жактырмак түгүл: - Иттериңди жогот. Тынчтык бер бизге, - деп урушкандары бар. Бир кошунасы “Сотко берем” деп жүрөт. “Берип эле көрбөйбү?!” дейт Жийдегүл. Кээде түн ичинде чуулдап жапырт үргөнү, жагымсыз жыты тегерекке тараганы болбосо – башка зыяны деле жок. Жийдегүл төрт жашынан эжеси экөө өгөй эненин колунда өстү. Өз энесин элес-булас гана билет. Эки кызын күйөөсүнө таштап, бир эркекти ээрчип шаарга кеткен боюнча дайынсыз болду. Бир кайрылып кыздарынан кабар алганы жок. Жийдегүлдүн атасы ылжып мас болуп көчөдө жатып калбаса да, дайыма чала кызуу болуп ичип жүрчү. Ал аз келгенсип, өгөй энеси да ичкиликке ыктап турчу. Мурдакы эринен ээрчитип келген эки баласы менен төртөө ач-ток, бар-жок турмушта чоңоюшту. Каардуу аял болчу. Эки кызга жакшылык көрсөткөн жок. Атасы кыздарынын өксүп чоңоюп атканына көңүл деле бурбады. Ал тургай кээде кыздарын тоголото тепчү. Уят сөздөр менен сөгүнүп-сагынганын Жийдегүл азыр эстесе да эчак өлгөн атасына таарынычы козголуп кетет. Кызым деп чекесинен бир жолу сылап койгон эмес. Эжеси он алтыга чыкканда тайежесине качып кетти. Жийдегүлдү мектепти бүтө электе күйөөгө беришти (Кийин билсе аны ачык эле сатышыптыр). Күйөө сөрөйү улам аял кетирген чоң муштум зөөкүр болуп чыкты. Тиштерин күбүп, акырегин сындырып, жүрөгүн өлтүрдү. Андан кийинки күйөөсү өзүнөн отуз жаш улуу улгайган киши болчу. Эптеп бирине бири эш болуп жашап кетсин деп өң-тааныштар алып беришкен. Барар жери жогунан гана Жийдегүл чалга көзүн жуумп тийген. Ал киши Жийдегүлдү кызганып, баласы менен үйүнө камап, сыртынан кулпулап, талаага элдин малын кайтарып кетип калчу. Ал да жалгыз жашап “жеке макоо –жеке таз” болуп бүткөн неме окшобойбу. Кыскасы, андан да жакшылык көрбөдү. Чалдан төрөгөн уулу үчкө чыкканда шоруң куруган Жийдегүл эки баласын жетелеп качып чыгып, тааныштардын жардамы менен төмөнкү айылга көчүп барып, алиги кароолчунун кепе тамына кирип олтурбайбы. Бул турмушта эч кимден чекеси жылыбай, эки уулу эки жакка дайынын билдирбей кетип, акыры бир кепеде ит мышыктары менен күн көрүп олтурат. Ал итти жакшы көргөнүнөн бакты дейсиңби?! Илгери ушул айылга жаңы келгенде анын жалгыз экенин, жаш экенин көргөн айылдык эркектер түнкүсүн үйүн сагаалап, терезесин чертип тынчын алышчу. Кээде таң аткыча кетпей, улам эшигин кагып, “ачып койчу, бир эле сөзүм бар” деп туруп алгандары болчу. Жийдегүл колуна бычак кармап босогодо калчылдап турган түндөр болду. Ыйбаалуу, адептүү эркектер ошентмек беле?! Кудайдан жөө качкандар бардык айылда бар эмеспи. Жийдегүл андайлардан жүрөгү титиреп коркчу. Эркек катары тийишип жатат деп ойлочу эмес. Урганы, өлтүргөнү келди деп түшүнчү. Бир жолу жергиликтүү милийсага барып даттанса, алар кайра шакаба чегип күлүшүп: - Эшигиңди ачып кой да, сени сүйгөн жигиттер турбайбы, - деп кайдыгер гана тамеки чегип олтуруп алышкан. Ошондо кара жини кармаган Жийдегүл милийсанын бөлмөсүн үч көтөрө чаң салып: - Өкматтын айлыгын жеген торпоктор, эл силерге ишенип жүрсө, силер арак ичип олтурасыңар, азыр акча берсем арыз-муңумду карамаксыңар, силерге акча гана керек, - деп далдада катылып турган пивонун бош бөтөлкөлөрүн буту менен туш-тушка шагырата тээп, урдум силерди деп эшигин тарс жаап чыгып кеткен. Ошондон кийин милийса көрсө эле итатайы тутулчу болгон. Эркектерден көңүлү үч көчкөн журттай калган неме эркек аттууну жек көрөт эле. Иттерди ошолордон сактануу үчүн баккан. Өз турмушунда ага адамгерчиликтүү эркек жолуккан жок. Ошондуктан бардык жерде өзүн коргогонго даяр турчу. А баса, Жийдегүлгө сылык, аяр мамиле жасаган бир гана эркек болду. Ал айыл башчысы – Мыктыбек эле. Майрамдарда, Курман айтта кыйналып жашаган үйлөрдү өзү кыдырып, тамак-аш, белек-бечкек таратып кетчү. Жийдегүлдү да унут кылбай, ар дайым муктаждардын тизмесине кошчу. Кышкысын бир-эки жолу көмүр түшүртүп да берген. - Жийдеш, ал-ахыбалың кандай? Эмне кем-карчың бар, айтып тур. Колдон келишинче жардам беребиз, - дегенде, мындай жылуу сөздү эч кимден укпаган жаны эреркеп ыйлап жиберген. “Эмне кем-карчың бар?” деп эзели эч ким сураган эмес экен Жийдегүлдөн. Жылуу мамилеси үчүнбү, айтор карааны көзгө толумдуу, жүзүнөн адамгерчиликтин илеби келип турган Мырзабекке ичи жылып, жакшы көрүп калган. Үйүнө баш бакканда буркурап ачыган максымынан куюп, берерге ашын таппай далбастап калчу. Маал-маалы менен кайрымдуулук уюмдарынан келген тамак-аштан кээде жардамчы балдары да жеткирип турчу. Эркекти акылында канчалык жек көргөнү менен баары бир аял киши сезим түпкүрүндө анын жылуу мамилесин эңсебей койбойт. Мырзабектей күйөөм болсо деп тымызын кыялданганын кантип жашырат?! Аялы кандай болду экен? Бактылуу неме го. Күйөө болсо Мырзабектей болсун, болбосо башкасынын кереги не дечү ичинде. Бирок андай эркек маңдайына жазылбаптыр. Кийинчерээк Мырзабек үй-бүлөсү менен чет өлкөгө көчүп кеткенин укканда сүйлөшкөн жигити таштап кеткенсип, ичи эңшерилип жаман болгон. Жалгыздык деген оңой бекен?! Анын үстүнө Жийдегүлдүн чечилип сүйлөшкөн эч кимиси деле жок. Айласы кеткенде ич күптүсүн мышыктарына айтат. Алар адамдардай болуп сыртын салып окчундабай, анда-санда мыёо деп үн чыгырып коюп, кадимкидей кулак төшөп, муюп угушат. Ээсинин арыз-арманына түшүнүп, ага жооп кылгансып Жийдегүлдүн балтырларына оролушуп, этегине олтуруп, көңүлүн жубаткандай болушат.Түнкүсүн жуурканын тегеректеп укташат. Жаздыгынын бир четине жанашып жатып алгандары да бар. А иттери болсо ишенген достору. Иттерим бар деп Жийдегүл коркпой жашап, коркпой уктайт. Сыртка чыгып алар менен сүйлөшөт, кээде урушуп жинин ошолордон чыгарат. Аталасын берип, алдын тазалап, убарасы бүтпөйт. Бир жолу кимдир бирөөлөр ит атар чакырышыптыр. Алар иттерин атмак болгондо Жийдегүл бычак көтөрүп чыгып, мылтыктын оозуна төшүн тосуп: - Мени аткыла, акмактар! Иттерди атсаңар бычакка сайылам, колуңарга өлүп берем! – деп колундагы чоң бычагын кекиртегине такап, өкүрүп-бакырып аттырбай койгон. Ошону көргөн кошуналары үй-үйлөрүнө качып кирип, дым болушкан. Ит атарды кайсы акмак чакырганын билбей калбадыбы. Билгенинде тим эле колуна өлүп берип, көргүлүктү гана көрсөтмөк Жийдегүл. Ушул айылда эч ким Жийдегүлгө ит менен мышыкчалык жакын боло алганы жок. Баары эле бир балээси жугуп калчудан бетер андан алысыраак болгусу келчү. Ичкич атасы, таштап кеткен өз энеси, боору таш өгөй энеси, аялдын кадырын билбеген зөөкүр, кызганчаак күйөөлөрү, эшигин акмалаган түнкү дейдилер, энесинен кабар албай бет алды кеткен уулдары – ушунун баары Жийдегүлдү бактысыз, ичинен коркок, сыртынан ачуулуу кылып, аягында жалгыз калтырып олтурбайбы. Чындыгында Жийдегүл жинди деле эмес. Болгону тагдыр жайы ушундай... Элмира АЖЫКАНОВА 2025-ж. Сентябрь #жийдегулжинди_элдик

Комментарии 6

Элера Элегия
Элера Элегия
Оа адамдан откон мыкаачы жок
12 дек
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Haz Секрет
    Haz Секрет
    Ото окунучтуу мындай тагдырлар толтура .
    12 дек
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулнара Баргыбаева
    Ооба турмуш адамдын кулук мунозун озгортуп коет
    12 дек
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Б Т
    Б Т
    Окунучтуу тагдыр
    12 дек
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Элера Элегия
    Элера Элегия
    Озуну озун коргобосон озуно озун куйбосон сен жонундо эч ким ойлобойт деле
    12 дек
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Чолпонай Джунсалиева
    Чолпонай Джунсалиева
    13 дек
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    ЭЛДИК ТАЙПА.

    ЭЛДИК ТАЙПА.

    ЛентаТемы 3 061Фото 2 938Видео 5Участники 4 951
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 3 061
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться