Келе жатат акчасы бар,
Бекинип турат карызы бар.
Ыйман менен соопчулук жоголуп,
Харам акчанын заманы болуп.
Аттиң мындай заман кайда барат акырында,
Бул заман кыяматка жакындап калгандай да
Жакындап келе жатат дагы шайлоо,
Мына эми дагы убадалар айтышат.
Акчаларын чачышат ишенген эл дагы алданат,
Түшкө кирбеген жомокторду айтып отурушат креслодо,
Акчаны алып эл байкуш шайлашат үмүт менен,
Акырындап караса убадалар учуп кеткен куш болуп.
Аттиң кылып кала берет кайран элдин үмүтү үзүлүп,
Отурушат креслодо кудайым буюрса баары жакшы болот деп.
Төрөлгөндөн баштап өлгөнгө чейин акча,
Мындай заман кайда барат акырында?
Акча болсо баарын алат,
Акчасы жок баарынан калат.
Азыр кыздар эрте чыгат