Ушак бул жөн эле сөз эмес, адамдын жүрөгүн жаралап, жашоосун өзгөртүп, кээде өмүрүн да кыскарткан күч. Адамдын тили ыйык курал. Аны менен дарыласа болот, ал менен өлтүрсө да болот. Жакшы сөз жүрөктү жылытса, жаман сөз жүрөктү тызылдатып, жан дүйнөнү оорутат.
Ушактын зыяны көрүнбөгөн жара. Ал көзгө көрүнбөйт, бирок ички дүйнөнү жеп-талап, көңүлдү карайтып, ишенимди талкалайт. Бир эле жалган сөз бир үй-бүлөнү бузат, бир айылдын ынтымагын жок кылат, бир достуктун көпүрөсүн өрттөйт. Эң оор жерин билесизби? Ушак кылып отурган адам көбүнчө өзүңүздү эмес, өзүнүн абийирин сатып отурат.
Бирок ушактын пайдасы да бар деп айткандар чыгат. Ал кандай пайда? Бир гана сабак катары. Ушак угуп жүрүп, өзүң ушак кылуунун канчалык ыплас экенин түшүнөсүң. Адамдын артынан жамандоо өзүңдү кемитүү экенин сезесиң. Ошол учурда өзүңө убада бересиң: "Мен эч качан бирөөнүн жүрөгүн тилим менен канатпайм!"
Жаман сөздүн күчү өтө чоң. Ал адамдын ден соолугуна да зыянын тийгизет. Көңүлү чөгүп, жүрөгү ооруп, нервдери бузулат. Дарыгерлер да айтышат адамдын эң чоң оорусу кээде сөздөн башталат. Сөздөн жараланган жүрөк калыбына келиши кыйын.
Ошондуктан жамандыктан качып, жакшылык айтып, жылуу сөз таратуу эң чоң сооп. Бир жакшы сөз менен бир адамды тирилтүүгө болот. Бир жаман сөз менен бир адамды өлтүрүүгө болот.
Ушак убактылуу кумар, түбөлүк уят.
Жакшы сөз адамдын жүрөгүндө түбөлүк эстелик.
Жакшы сөз сүйлөө менен жарышалы.
Венера Нусуратилаевна


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев