Күнүгө көчөгө чыгам да ары бери өткөндөргө эмне ичип, эмне жегенимди, эмне кылып жатканымды, эртен эмне кылаарымды айтып түшүндүрө баштадым. Мышыгымдын сүрөтүн, өзүмдүн 1 жаштагы сүрөтүмдү көрсөттүм. Мага жылмая карап баш бармагын көрсөтүп кетишсе толкунданып, жылмайып бактылуу боло бердим. Мени жактырбай кабагын чытыгандарды жоопсуз калтырбай, улуу кичүүсүнө карабай келиштире сөккөнгө да жетишип жаттым.
Чоочун адамдардын бири бири менен сүйлөшкөндөрүн угуп “Мага жакты” деп кыйкырып кое бердим. Кээде мени кепке чакырбаса деле, мени эч ким укпаса деле адамдардын ортосуна тура калып сөздөрүнө кыпчылып өз оюмду айта бердим.
Менин аракетим акыбетин бере баштады👏:
Азыр жаныма 5 адам топтодум.
- 1 психиатр
- 2 милиционер
- 1 психолог
- 1 медицина кызматкери
🤪🤪🤪🤪🤪
Текст интернеттен


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2