Напишите, что Вы ищете, и мы постараемся это найти!
Левая колонка
О группе
Ассаламу алейкум ва рахматулохи ва баракатух кандайсыз ? урматтуу кыргыз ,мусулман бир тууганым.
Мен сизди көчөдөн жоолуктуруп , "мага жардам катары бир сом бере аласызбы? "десем берет белеңиз? . Балким жылмайып туруп ойлонбостон бермексиз,же "жинди бир сомду эмне кылат? " дейт белеңиз ким билет.
Мага мындай ой келди ,кырзызда жакшы сөз бар эмеспи "Көп түкүрсө көл болот " деген кыргыз элим чогулуп жок дегенде жумасына бир сомдон чогултуп ,арабызда кыйналып ,ооруп жаткан ,жетим жесирлерге ,эч кими жок кары картаңдарга , жардам берсек деген.
Албетте бул группада 10 же 100 адам чогулсак колубуздан көзгө көрүнүктүү эч нерсе кыла албайбыз ,ошондуктан мен алланын жана, сиздин жардамыңызга муктажмын,сиз дагы бул ойду жайылтууга жардам берүүңүздү суранам.
Ооба бул группанын баштаган менмин ,бирок сизден жакшы , сизден кыйын эмесмин,бул ойдун келечеги ар бирибиздин колубузда.
Элестетсеңиз 100 000 же 1 000 000 адам чогулсак бир муктаж болуп жаткан адамга кандай жардамыбыз тийет эле. Бир сомдон чыгарсак эч кимибиздин чөнтөгүбүз жукарып кетпейт урматтуу бир тууганым, келиңиздер биригелик ,күч биримдикте.
Группада аял эркек аралаш болуп кичине күнөө кетирип алсак да мен себепкер болуп калбайын,ошондуктан эки башка бололу.