Сайрагүл: “Кызым 14 жашынан баштап мени багат, чыркырап ыйлап карылар үйүнө бербей койгон”
52 жаштагы Сайрагүл эже төшөккө байланган оорукчан адам. Өмүрлүк жары дүйнөдөн өтүп кеткендиктен, ишенери жалгыз 18 жашар кызы Айтурган. Ал 14 жашынан баштап иштеп апасын багып келе жатат. “Жалгыз кызым – менин бар байлыгым” – Ата-энемдин жалгыз, бакма кызы болчумун. Мени багып алган атам менен энем 1992-1993-жылдары өтүп кетишкен. Каралашар адамым болбогондуктан, жогорку билим деле алган эмесмин. Турмушка чыктым, андан деле өйдө-ылдый болуп жүрүп 34 жашымда бир кыздуу болдум. Кызым эки жаштан өтүп калганда жолдошум бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Ошондон кийин кызым экөөбүз борборго келип ба