*✅ АЯЛ СЫЙЛАБАГАН ЖАРЫБАЙТ*Элибизде «Аял жакшы, эр жакшы», «Алганың жаман болсо, сакалың агарат» деген сыяктуу баалуу сөздөр бар. Айтса-айтпаса аялдын орду, үй-бүлөдө болсун, турмушта болсун абдан жогору. Тилекке каршы, акыркы учурларда эркектер аялдардын баркын билбей, алардын аялдарга болгон мамилеси сууп бара жаткансыйт. Келечекте өзүнүн атын сактап, тукумун улап жүрүүчү балдарды төрөп берген аялына кол көтөргөн эргулдар көбөйүүдө. Кээ бирөөлөр атың өчкүр аракка тоюу алып «үйдө баатыр жоодо жок» болуп, болгон күчүн байкуш аялынан чыгарса, кээлери «баланы жашынан, аялдын башынан» деген асыл сөздү тескери түүнү, аялдарга «атаман» болуп алышат. Ал эмес, кээ бир дин жолун карманып, ашкаларга