БАБНИК ЖИГИТ
Жанга жакын Жыпара,
Андан ашат Нурзада.
Тең келбейтко баарынан,
Мееримин төккөн Айзада.
Айлап жүрдүм ал менен,
Жүрөккө такыр жетпеген.
Айзаданы унутуп,
Айжамалды таптым мен.
Айжамалым деп жүрүп,
Аны дагы алдадым.
Айжамалдын курбусу,
Нуржамалга көз арттым.
Нурум, күнүм, айым деп,
Бир нече ай сүйлөштүм.
Андан сулуу кыз көрүп,
Нуржамалды таштадым.
Эс алганы барып мен,
Жактырганым Лейлектен.
Жамандашып, жаакташып,
Алыстады ал менден.
Эриткен ширин сөздөрү,
Элиза кайда жүрдү экен.
Энчилеп аны алсамбы,
Эх айлам, кетти карачы.
Кер маралдуу келишкен,
Байдын кызы дегизген.
Акмаралдуу периштем,
Сени издеп келдим мен.
Алтыным мен чырагым,
Алмашкыс жалгы