✍🏻Милицияда иштечүмүн. Оңой жумуш эмес. Күндүр-түндүр эле ызы-чуунун үстүндө жүрмөй. Бир ирет "коңшуларыбыз тынчтык бербей жатат" деген чакыруу келип, шаардын чок ортосундагы көп кабаттуу үйгө бардык. Мындай чакыруулар толтура эле болот. Кептин баары аракта да. Андайда масты алып келип, бир жумадай камап салабыз. Айткандай эле, мас экен. Күйөөсү-аялы экөө тең жапжаш кыргыздар, экөө тең мас. Ызы- чуу түшүп мушташышкан окшойт. Үй ичинин баары идиштин сыныгы. Күйөөсүнүн колун кайрып алып жөнөгөнү калганбыз, капыстан эле эшиги жабык турган бөлмөдөн добуш угулду. Карап коёюнчу деп ача салып жүрөгүм үшүй түштү. Бөлмөдө төрт жаштар