✅ ШИРК ПАЙДА БОЛУУ ТАРЫХЫ-3.
АРАБ ЖАРЫМ АРАЛЫНДА ПАЙДА БОЛГОН ШИРК ЖАНА САХАБАЛАР УЧУРУНДА ТАУХИДДИН ШИРКТИ ЖЕҢИШИ.
...
👣 Ошондой эле, ширк Амр ибн Лухай ал-Хузаи деген адамдын себеби менен арабтарга да жетип келет. Абу Хурайрадан (радиаллаху анху) келген хадисте Пайгамбарыбыз ﷺмындай деген:
«Мен, Амр ибн Лухай ал-Хузаиды өз ичеги-карынын сүйрөгөн абалында Отто жүргөнүн көрдүм. Ал Ибрахимдин динин эң алгачкы болуп өзгөрткөн адам» [Албани “Сахих ал-Джами`и” (2580), ибн Аббас сөзунөн алынган риваят].
Бул, Араб жарым аралына буттарды эң алгачкы болуп алып келген адам эле.
🔺Ошондон тартып, буттар улам көбөйгөндөн көбөйүп, жадагалса аларды Каабанын жанына, Каабанын айланасына