Предыдущая публикация
Бактылуу бол! Кайда болбо сен эми,
Дагы деле жүрөк сени сагынган.
Тагдыр экен боло албадык биз бирге,
Өмүр бою өзөктү өрттөйт бир арман.
Үмүт деген өчпөйт тура үлбүрөп,
Сен жөнүндө кабар уксам сүйүнөм.
Башка менен бирге экениң билсем да,
Чарчабадым жалгыз сени сүйүүдөн.
Мен күнөөлүү эмесмин бул жазмышка,
Сени сүйгөн жүрөгүмдү жеңе албайм.
Жүргөндүрсүң кээде ойлоп мени да,
Кайсы жолдо жүргөндүгүң биле албай.
Издебеймин жолдоруңдан жолукпайм,
Изиң суутуп мезгил мени дарылаар.
Антсе дагы үшкүрүгүм түн жарып,
Өзөктү өрттөп турат бүгүн бир арман
Авторун билбеймин

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев