~~~ ТАР ЗАМАН~~~ Бир тууган баркын билбеген заман. Бар туруп колдо, бербеген заман. Темирден тосуп тегерек четин Абалын сурап кирбеген заман.
Калтырбай калдык жалаган эаман. Жетсем деп көкту самаган заман. Бышылуу ашка сын койуп ичпей. Ысырап кылып кор кылган заман.
Акылды акча бийлеген заман. Атага башын ийбеген заман. Артыкча коруп биринен бирин .Адамды ылгап иргеген заман.
Калжандап кемпир бийлеген заман. Өз тенин тандап тийбеген заман. Ит узгөн шымдай ар жерин жыртып. Бүтүлүү кийим кийбеген заман..... Автор. Гулмира Омошова. Иркутск 13..11.2018