Предыдущая публикация
БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

22 дек 2017
Эркектерге! - 863031518478

Эркектерге!

Таңдан кечке ойлонгонум ойлонгон,
Түнү бою толгонгонум толгонгон.
Бул чындыкты жеткирем деп баарына,
Кайран көңүл көп учурда кор болгон.
Биз баарыбыз жолоочубуз,
Бара жатып жолугушкан чоң жолдон.
Көйгөйүмдү айтайынчы дегенде,
“Унчукпа” деп напси тартат сол колдон.
“Ыйла, боздо, жамандыктан куткар” деп,
Ыйманым да жулкулдатат оң колдон.
Мен мусулман эркектерге кайрылам!
Кыйкыргандай тээ алыскы тоолордон.
Оо эркектер,оо мусулман эркектер!
Караналы жүрөктөгү күзгүгө.
Эгер чындап көз салсаңар,
Турган турпат, кылганыбыз бүт күнөө.
“Эркекмин!” деп төштү какпай бийиктен,
Эки мүнөт жерге эми түшкүлө.
Келгилечи дартташалы кичине,
Кекти,өчтү, менменсинүү, душмандыкты,
Көкүрөктөн сүрткүлө.
Оо, мусулман эркектер,
Пайгамбардын баскан жолун эстегин,
Пайгамбардын айткандарын кеп дегин.
Кумирибиз жалгыз гана Мухаммед,
Куса болуп ар күн сайын көксөгүн.
Пайгамбарга окшошом деп дайыма,
Жан дүйнөңдү билбейм канча өрттөдүң.
Бирок айтчы уктуң беле?
Биздин улуу пайгамбардын,
Чылым алып чеккенин?
Үммөт болсоң жарашабы,
Утур -утур уу чылымды чеккениң?
Жакшы көрсөң пайгамбарды,
Кантип карайт нурлуу жүзүн,
Акыретте көздөрүң?
Эсиңе сал!
Аманатка кыянаттык кылба деген,
Жараткандын сөздөрүн.
Толгон арман,
Тоодой, тоодой арбын кеп.
Чын мусулман азап чегет,
Башкалардын каталары,
Менин дагы кайгым деп.
Пайгамбарым айтты беле,
Кудай деген кызыл тилдин алдына,
Наалаттанган шайтан дагы жийиркенген,
Насвайыңды салгын деп?!
Түркүн-түркүн гүлдөр турса,
Тандап ылай – балчыкты.
Улуу Куран колдо туруп,
Убададан тайдыкпы?!
Үшкүрүнгөн максаты жок,
Үммөт болуп калдыкпы?!
Көчө-көчө көкүрөктү уулайбыз,
Көңүлгө илбей улуу Кудай жалгызды.
Бир учурда пайгамбардын биз үчүн,
Көздөрүнөн жаштар агып,
Таманынан кан чыкты.
Үммөтүм деп төрөлгөндөй,
Үммөтүм деп жан чыкты.
А сен айтчы башта акыл бар эсиң,
Колуңдагы насвай менен тамекиң,
Пайгамбарым сөздөрүнөн,
Мөлтүр, тунук көздөрүнөн артыкпы?!
Оо, эркектер, оо мусулман эркектер,
Каалайт элем пайгамбарым хадистери,
Көңүлдөрдүн түпкүрүнөн түнөсө.
Жаным кейийт,
Жаабарстай жигиттер,
Жалкоолуктан жүдөсө.
Биз эркектер ушак айтып -гыйбат кылуу жагынан,
Аялдардан ашып түштүк миң эсе.
Бейиш турса тозок көздөй,
Баргандайбыз кадамдап.
Интернетте, фейзбукттан,
Көрүнгөнгө көө шыбайбыз жамандап.
Тилде сөөк жок,
Кете берет токтотпосоң,
Тозокторго отундарды даярдап.
Качан эркек сөз айтчу эле артынан,
Көзү жокто жамандаган бирөөнү,
Эркек эмес алар байкуш жарты жан.
Эркексиңби жанына бар бет маңдай,
Анда ушак гыйбат болбойт эч кандай.
Элестетчи өлүп калган адамдын,
Этин кесип чайнап жутуп жеш кандай.
Дал ошондой,
Ушак айтып этин жебе бирөөнүн,
Этин жесең сенин этиң унутпа,
Жалбырттаган тозоктордо күйөөрүн.
Эки жаактын ортосуна,
Эки буттун ортосуна кепил болгон,
Пайгамбарым айткан эле,
Кең бейишке кирерин.
Ойлонолу,
Толгонолу азыраак.
Кемчилигин башкалардын,
Кенен адам жашырат.
Акылы жок жан талашып,
Айтыш үчүн шашылат.
Ушак кылып жаткандарга,
Токтоткула деген жанга,
Жүз шейиттин сооптору жазылат.
Эгер гыйбат кылган болсок,
Тобоолорду кылбайлыбы батыраак?!
Оо, эркектер, оо мусулман эркектер,
Канттик эгер шайтандарга утулсак.
Мойнубузда толтура жүк,
Моюн сунуп кутулсак.
Аарыларда балын ташыйт,
Ары-бери ызылдап.
Кумурскалар кыймылдашат,
Кудай үчүн кыжылдап.
Заманыбыз учуп жатат,
Саат болуп чыкылдап.
Эркекмин деп кайсыл эркек айталат,
Багымдатта уктап жатса бышылдап?!
Айтчы кана,
Канча жолу уктуң жетим ыйларын?
Карып –арып,
Канча байлык жыйнадың?
Жыйнаганың маселе эмес,
Кайда кетти жыйганың?
“Патриотмун, өлөм!” дейсиң эл үчүн,
Айтчы кана,
Канча жолу жай намаздын үстүндө,
Мекен үчүн көз жаш төгүп ыйладың?
Апаң бейиш, атаң асыл кутманың,
Канча жолу колунан өөп,
Атакеңди жыттадың?
Канча жолу эркелетип,
Апакеңдин жууп бердиң буттарын?
Канча жолу,
Аялыңдын кучагынан бөлүнүп,
Тагдырына эл-жериңдин,
Тахажутта сыздадың?
Чыныгы эркек,
Чыркыратпай үй-бүлөсүн,
Чыйрак кылып баккандар.
Бар тапканын чача бербей,
Балдарына каткандар.
Жаш кыздарга сугун артпай,
Жаш кыздарга пулун чачпай,
Ак никелүү аялына кайткандар.
Аял деген эркектерге аманат,
Маани бербей аманатка,
Макшар күнү боло көрбө жаман ат.
Койнуңдагы аялыңды,
Коргой албай кордук кылсаң,
Коңшуң карайт табалап.
Жакшылап бак алганыңды,
Жакшы кара балдарыңды,
Жан үрөгөн,
Жакшылыкты таба алат.
Жалгыз жүрүп тойгонуңа сүйүнбө,
Жалгыз жанын кайырчы да бага алат.
Турмуш деген көз жетпеген узун жол,
Тайгалатып кээ бир жери жылгаяк.
Жыгылгандар турса жетет максатка,
Туралбаган көп бакыттан кур калат.
Сен бирөөнүн карындашын,
Же кыздарын булгасаң,
Тагдырың да татаалдашып чырмалат.
Ишенип кой,
Сенин дагы карындашың, кыздарың,
Сен кылгандай бирөөлөрдөн булганат.
Мейлиң жоош,
Мейлиң жүргөн тентек бол.
Кутулабыз,
Кудай үчүн берсек кол.
Каада күтүп бой көтөрсөң бүткөнүң,
Кайда болбо жөнөкөй бол элпек бол.
Кол тийбеген эгер кызды кааласаң,
Өзүң дагы кол тийбеген эркек бол!
Оо, эркектер, оо мусулман эркектер,
Пайгамбарым күлүп тоссун десеңер,
Келечекке кызмат кылып баш катыр.
Жараткандын көрөм десең жамалын,
Ичкиликке жолобогун таптакыр.
Ким Кудайга моюн сунса,
Кыяматта басаар жолу жап-жашыл.
Абалкыдан мурас эмес,
Аракты алып жүргөнгө.
Акыйкатты айткан үчүн,
Ачууланып сүйлөнбө.
Куранда айтат,
Эч убакта тең болушпайт,
Билбегендер билгенге.
Жүз чакырым качаар элең жолобой,
Арак үчүн сен,
Мүрзөдөгү жети атаңдын,
Акыбалын билгенде.
Оо бир тууган,
Биз өлүмдү ойлойлу.
Исламды көрсөтө албай таптаза,
Инсандарды качыргандан болбойлу.
Даанышмандар баскан изин,
Дал өзүндөй жолдойлу.
Келгилечи,
Өзгөлөргө бериш үчүн бакытты,
Өзүбүздү оңдойлу.
Даават кылган элдерде,
Даарат алган жерлерде,
Коомчулукта жумушта,
Койгон сакал мурутта,
Соода сатык базарда.
Сооп тилеп жатаарда,
Мамиледе достукта,
Барчылыкта жоктукта,
Көрсөтөлү мусулмандын үлгүсүн,
Бөлүнбөйлү биз бололу биз бүтүн.
Көрсөтөлү таза тунук,
Мусулмандын күзгүсүн.
Жеңишбек Жумакадыр.

Комментарии 9

Kanatbek Sharshenaliev
Kanatbek Sharshenaliev
⭐
23 дек 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Nurik N
    Nurik N
    👍
    23 дек 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Сатылган Жанузак уулу
    Сатылган Жанузак уулу
    Талантынызга таазим АЛЛАХ ыраазы болсун сизге
    23 дек 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Мерием Шадана
    Мерием Шадана
    👍👍👍
    23 дек 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Астра Баймырзаева
    Астра Баймырзаева
    Ачу болсо да чындык
    23 дек 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    А А
    А А
    👍👍👍👍👍
    24 дек 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Мурзабек М
    Аллах ыраазы болсун!
    25 дек 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    азьам Ханиф
    азьам Ханиф
    Ассаламу алейкум ыйман жолуна таанышууга карындаштар барбы алмаз ажы таксыр жениш ажы байкенин болосу болуп кетем ватсап 0707590281-14.06.83
    28 дек 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    ЛентаТемы 16 385Фото 7 415Видео 2 327Участники 196 052
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 16 385
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться