✍🏻Кыз: адатынча хижабын оңдоп, күзгүгө карап, оронуп, ойлуу карап жатты...
Шайтан: кыздын кулагына шыбырап: "Хижабың жүзүңө анча дал келбей жатат. Жүзүң да купкуу болуп калыптыр, бир аз өзүңө карасаң ..
Кыз: "Чын эле ошондой го?! Анча жарашпай жатат, бир аз боёнуп көрсөм бекен?!..
Шайтан:"Ооба, боёнсоң сонун болуп калат! Тим эле хижабыңа жарашып, башкаларга да сулуу болуп көрүнүп, үлгү болосуң! Хижап менен жүзүңдү жарык кылып,сулуу болгонуңду башкалар көрүп, хижабга кызыккандар көбөйөт...
Кыз боёнуп: "Чын эле татынакай, сулуу болуп калдым го?! Эми бир селфи кылып, сүрөткө түшүп көрөйүнчү?! Кандай чыгыптыр!"
Кыз сүрөткө түшүп, өзүнүн боёнгон сүрөтү менен боёнбогон сүрөтүн салыштырып: "Чын эле боёнсом сүрөтүм да жакшы чыгат экен?!"- деп ойлонуп, достору менен да бөлүшкүсү келип кетти...
Шайтан: "Ооба! Сүрөтүң тим эле сонун чыкты! Эмнеге болбосун, башка досторуң деле коюп жатат го? Сүрөт койсоң эле күнөө болот беле?! Болгону жүрөгүң таза болсо болду да! Досторуңа жөнөтүп, профилиңе коюп койсоң - сага суктангандар, көп колдогон досторуң болот. Жалгыз болгондон көрө жандаган досторуң көп болсо жакшы да!".
Кыз: сүрөттөрүн өзү колдонгон соц.тармактарга сүрөттөрүн жүктөп чыкты. Чын эле достору, суктангандар, жазышкан, сурашкандар көбөйдү...
❓Суроо: Эй, менин хижап кийген эжем, сиңдим!
Хижапты эмне үчүн кийдиң? Кандай максатта орондуң?
Кийген хижабың Жараткандын өкүмүнө ылайыктуубу?
Сен Аллахтын буйруганындай оронуп жатасыңбы?
Хижабың адебиңе, абийириңе, намысыңа дал келип жатабы?
Ушул суроону өзүңө берип көрдүң бекен?
Ооба, сен бул суроолордун жообун менден жакшы билесиң, бирок, сенин алсыз болгон ыйманыңды шайтангүл жолдон уруп жатканын сезбей жатасың. Туура, сен жашсың!
Жаштыгыңдын он гүлү бир ачылып бир келет,ал күндөрдү башкалардай өткөрүүнү каалап жатасың.
"Мен өзүмдү көрсөтпөй кандай досторду, келечек жарымды жолуктурам?! "-деп ойлоп жатасыңбы?
Сен Аллахты, Пайгамбарыбызды дос тутуп, Ал көрсөткөн жолдон чыкпай жүрсөң - сага жакшы досторду, сүйүктүү жарды Аллах Өзү жолуктурат. Билгиниң сен башкалардай эмессиң!
Сен Аллахтын тандалуу жүрөгү ойгонгон, көп жакшылыктарга жетип, сооптордун ээси боло турган, Бейишке татыктуу инсандардын катарында экениңди эч унутпагын! Себеби, Аллах сага ошол үчүн динден түшүнүк берди.
Аллах байлыкты сүйгөн да, сүйбөгөн да пендесине берет. Ал эми динди - сүйгөн гана пендесине берээрин унутпа!
Убактылуу нафсиңдин, шафхаттын кулу болуп, Жараткан берген мүмкүнчүлүктөн кур калбагын!
Хижап сенин абийриң, намсың, үй -бүлөөңдүн шаңы, келечекте жарыңдын куту, бактысы!
Хижап - бул караңгылык дүйнө эмес! Жан дүйнөгө жарыктык жашоо,жүрөктөргө тынчтык, жүзгө нур тартуулайт. Жараткан аялзатын өтө назик, сулуу, өзгөчө жан кылып жараткан. Хижаб - сени көп жамандыктан,күнөөлөрдөн коргой турган куралың!
Балким, сен башкалардай сулуу эмессиң,кийген кийимиң түрлүү, жакшына эмес, анча жарашпаган ,денеңе мас келбегендей болуп көрүнүп жаткандыр.
Билип койгун, сен Аллахтын алдында жүзүң жарык, эң сулуу, даражасы эң бийик, тандалуу, сүйүктүү, *Бейишке татыктуу аялсың!*
📌Канча бир адамдар бар, али жүрөгү уйкуда болгон, жоолук тургай намаздын <н > тамгасын билишпейт, канчалар жүрүшөт денеси ачык, күнөө, зынаага туш болуп, кор болууда, канчалар жүрөт оорунууга ата -энеси, жакындары, күйөөсү каршы!
А сен алардан өзгөчөлөнүп, Аллахтын бардык буйруктарын билесиң жана эч тосколдуксуз аткарып жатасың. Бирок мындай алсыздыгың менен башкалардан айырмаң калбай , аткарган амалдарың күйүп күл болуп, асманга учуп жатканын билгиниң!
Кийген хижабың Тозоктун оту болуп калуусунан сактангын!
🔗"Чындыгында ,шайтан силерге душман. Ошондуктан силер да аны душман деп билгиле. Акыйкатта, Шайтан өз тобун тозок ээлерине чакырат ".(35;6)📘
Аллах Таалам баарыбызды адашуудан,нафсибизге кул болуудан Өзү сактасын! Сүйлөгөн сөзүбүзгө амалыбыз,кийген кийимибизге адебибиз,жылмайган жүзүбүзгө жүрөгүбүз, мусулманмын деген атыбызга затыбыз дал келип башкаларга үлгү болууну насип кылган болсун!
👤Насиба Абдуллаева.
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy ✿ Fb.com/Formulasy ✿ Vk.com/Formulasy ✿ Youtube.com/Formulasy ✿ Instagram.com/Formulasy ✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13