Предыдущая публикация
БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

11 дек 2016
АТАЛАР! - 849569868814

АТАЛАР!

БИЗ ӨЛДҮ-Ү-Ү-К!!!
Бисмилляхир Рохманир Рохийм!
Урматтуу туугандар, чындыгында менин бул кайрылуум балким кайсыдыр «светтик» же «заманбап» ээн башка өөн учурайт. Кыжырын да келтириши ыктымал. Мен, акыркы учурда ансыз да көп нерсе тууралуу өзүмдү араң кармап, үнүмдү чыгарбай келем.
Бирок бул жорукка унчукпай коюуга алым жетпеди.
Мындан бир канча убакыт мурда «Супер инфо» гезити сулуулар конкурсун жарыялаптыр. Балким буга чейин деле ушундай мекемелерди уюштуруп келишкендир, мен болгону ушунусун көрүп калдым. Жана турган турпатым, дене мүчөм зырылдап кирди. Кыргыздын жылдыздай болгон, өңү чырайлуу жыйырмадай кызы жылаңачтанып сүрөткө түшүп, анан элдин назарына, добуш берүүгө коюлуптур.
Чынында балким кайсыдыр катмарга бул көнүмүш болуп калгандыр, бирок мен, жашы элүүдөн өтүп бараткан ата буга тулку боюм зыркырап чыдай албадым.
Бул кыздардын ата-энелери барбы?
Ал ата-энелер кыздарынын бул кылыктарын билишеби?
Ал кыздардын аталары ушул сүрөттөрдү көрүшөбү?
Кызынын жылаңач сүрөтүн көргөн ата кандай абалда болду экен?
Эгер бул кыздардын кой дээр ата-энеси жок, тоголок жетимдер болсо, алардын тууган-уруктары барбы?
Эгер бул кыздардын тууган-уругу да жок болсо, балким тааныгандары, мугалимдери, кошуналары бар бекен жана алар бул кыздарга бул жоруктарынын жосунсуз, биздин элдин намысын кордогон кылык экенин түшүндүрүп бере алышат бекен?
Эгер бул биздин жылдыздай болгон кыздарыбызга сөзү өткөн, түшүндүрө алган эч кимиси табылбаса, андай журту жок болсо өтүнүч, ушул кыздарды тааныгандар, жок дегенде алардын электрондук же башка байланыш даректерин тапканга жардам бериңиздерчи, мен өзүм айтып көрөйүн. Аларга: «Айланайын, кыргыздын келечектеги энелери! Али төрөлө элек кыргыздын баатырларынын абийирин азыртан төгүп, намысын эмитен тебелебегилечи. Сиздер мекенсиздер, келечек насил сиздерден көз каранды жана сиздер бул жоопкерчиликти Каныкей, Айчүрөк, Курманжан датка энелерибиздей татыктуу көтөрүңүздөр. Бизге окшогон аталарыңарды Кудай алдында, башка элдер алдында жер каратпаңызар. Эл десе элге окшобогон элдердин кыздары деле элинин намысын ойлойт экен. Силер кадырлуу, тарыхта зоболосу менен доор титиреткен элдин урпагысыңар го» - деп жалынайын, суранайын.
Анан алар менин да сөзүмдү укпаса, анда калбында кыпындай болсо да намысы бар энелер, эжелер, карындаштар инилер, агалар, аталар сиздер айтыңыздар!
Суранам, бул кыздарыбыз али эч нерсени түшүнбөгөн, жалтырак-жултуракка алданып бараткан бөбөктөрүбүз го. Алардын эл катарынан татыктуу ордун табууга жардам берели.
Анан да «Супер-инфо» гезитинин ээсине, жетекчилигине насыйкаты менен сөзү өткөн аксакалдар, эл жакшылары болсо, алардын арына тийбей, жакшы сөз менен, биз кайсы кылымда жашабайлы, түптүү эл экенибизди, наркыбызды, кылым карыткан баалуулуктарыбызды түшүндүрүп, ушул жоруктан кайтарып койсо.
Антпесек, аталар биз өлдүк! Кудай алдында кантип жооп беребиз? Келечек насил алдында канттик?
Мен Максат ажы Токтомушевден, Чубак ажыкемдем, Өзүкемден, Русландан, Уландан, Мирландан, Максаттан жана баардык аталардан, эркектерден, уулдардан, энелерден, эжелерден жана карындаш-кыздардан колдоо күтөм.
Аймакчы, "Кайран элим кайда баратасың?" деп кайгыргандарга бул сүрөттөр жооп берээр.
Мыктыбек Арстанбек.

АТАЛАР! - 849569877518

Комментарии 89

Samat Jakipov
Samat Jakipov
Супер инфо чыгарган типографиясын орттоп эле жиберсе баары ордуна келет
12 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    kg sagynbekovich
    kg sagynbekovich
    Супер инфо деген гезит ачыктан ачык кыргыздын кыздарын сулуулар конкурсу деп сойкулардын кийимдерин кийгизип элдин алдына алып чыгып жатат ал жонундо эчким айтпайт бул жылына болуп турат экен жылдын мыктысы деген наам ыйгарат имиш дагы эми батышты туурайым олуп кете турган болду го
    12 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Салкынай Джурабаева
    Салкынай Джурабаева
    Аллах Ыйман берсин кыргыз журтума
    12 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Катя Павеловна
    Катя Павеловна
    СУПЕР ИНФОнун уяты жок.
    12 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айпери Ураимова
    Айпери Ураимова
    супер инфодо дагы эробекет дегенин окусан бут эвропалыктарга ылайык темалар бизге бир да туура келбейт. жаап эле салышса нары.
    12 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Насипхан Чынарбеков
    Насипхан Чынарбеков
    Супер инфо бузулар
    12 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Муслим Жигит Мухтаров
    Муслим Жигит Мухтаров
    Каным кайнап зорго журом окунуп оксуйм чыдабай
    12 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Наргиза Галдыбаева
    Наргиза Галдыбаева
    Конкурска катышкан кыз дар! оздору кунолуу жарым жыланач болуп чыкканга каршы болуш керек еле! Кулиевада иштеген кыздар окшойт уялса жыланач болуп чыкпайт еле?
    12 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Наргиза Галдыбаева
    Наргиза Галдыбаева
    Супер Инфо гезити! Начар? кыздардын уяттуу сурот  торун? гезитке чыгарбаш керек еле! Башчысы айтыш керек болчу андай суроттор ду чыгарбагыла деп бут еле . Г
    12 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    🕊🕊🕊 🕊🕊🕊
    🕊🕊🕊 🕊🕊🕊
    Ушул элдин ойун угуп тушунуп кележаткан жыл мындай жыланач конкурсун жыйыштырып салсын болбосо лично озум СУПЕР ИНФО!гезитине каршы чыгам😠
    12 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Клеопатра Империя
    Клеопатра Империя
    Уят уят деп кайра кайра суротторуну чыгарып карап отурасыздар го молдокелер.
    12 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Клеопатра Империя
    Клеопатра Империя
    Бишкекте толтура кыздарды жыланач саткан сайттар. Жаш кыздарды высокая оплата деп кызыктырышат. Дизель.кг ден карап коргуло. Ушундай бизнесмендерди жок кылыш керек, анан кыздарды тыйгыла.
    12 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Ишенбек Айтбаев
    Ишенбек Айтбаев
    ответил Клеопатре
    проблема кыздарда эмес эркектерде:-@ :-@ :-@
    12 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Begimai Martova Zamujem
    Begimai Martova Zamujem
    ответила Клеопатре
    Озунуз жакшы билесиз интернеттин кайсы тармагына кирбейли везде полуголая кыздарды коробуз аларда ошол коргонун айтып жатса к/к. Билип-билбей кунолоодон алыс бололу.
    13 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Nazi💐💐💐💐 Akylbekova
    Nazi💐💐💐💐 Akylbekova
    Салам баарысына
    13 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Арнайым Абдиллаевна
    Арнайым Абдиллаевна
    Кыздар жылач болуп макул деп чыккандарда куноо кыздар молдокелерго соз тийгизбегиле биз биринчи ошол молдокелердей болуп алалычы жыланач кыздардын ата энесине наалат болсун ал кыздар олгондон кийинкисин ойлошкон жок кунумдук жашоосун ойлоп журушотда
    13 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Элина Бакытовна
    Элина Бакытовна
    ЧЫН эле БУЛ КЫЗДАРДЫН АТА ЭНЕСИ ЖОКПУ ??? ЖЫЛАНАЧ ДЕНЕСИН !!АТАСЫ, БАЙКЕСИ корсо баары бирби??? ЕВРОПАНЫ ТУУРАГАНГА БИЗДИН МЕНАЛИТЕТ ТУУРА КЕЛБЕЙТ КО!!! СУПЕР ИНФО !! ЖЫЛАНАЧЫ ЖОК ЭЛЕ КОНКУРС КЫЛСА БОЛБОЙБУ??? БИЗ ДЕГЕН МУСУЛМАН ЭЛ БИЗКО ?? БИР ПУТЕВКА УЧУН КЫЗДАРДЫН АТА ЭНЕСИ БААРЫНА КОЗУН ЖУМУП КОЙГОН ТАН КАЛДЫМ!!! СУПЕР ИНФО ГО НААРАЗЫЧЫЛЫК !!!
    13 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    АЛИИЕВ АРГЕН
    АЛИИЕВ АРГЕН
    Туура айтасыздар менда кошулам уялыш керек эле да канча деген эл корду ал кыздарды ойлонбой иш кылышты булар
    18 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    lilimj lilimj
    lilimj lilimj
    Уят начар деп коюп КР 90%сатып алып окушат,калтырбай сандан санга акчасын аябастан сатып алышат.Жакшы прибыль болуп аткан бизнестен ким баш тартсын?колунан келишинче ар турдуу конкурстарды уюштурушат,уятына карашпайт.Таанышуу бурчу деп ойлоп табышкан эмне кереги бар ошонун?
    27 дек 2016
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Калыс )( Али Тараза
    Калыс )( Али Тараза
    Демократиянын тубу  мына ушул  кимди  эрчип баратабыз
    12 янв 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    ЛентаТемы 16 385Фото 7 415Видео 2 327Участники 196 097
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 16 385
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться