
Алла ооруп жаткан бир-туугандарыбыздын баарына, анын
ичинде биздин апабыз менен келинчегибизге шыпаа берсин, Москвада өрттөн каза
тапкан бир-тууган карындаштарыбыздын балдарын жетимдей кылбасын, Ош-Бишкек
жолунда, башка жолдордо тез-тез эле кырсыктагандар болуп атат, алардын
жакындарына көңүл айтабыз, өтүп кеткендердин баарын Кудайым Бейиштик кылсын.
Айланайын бир-туугандар, келгилечи, адамча
жашайлычы, унааны катуу айдабайлы. Келгилечи, жол тартибин сактайлычы. Ырыскы
Кудайдан келет, ал тез айдагандан тездеп кетпейт. Уйкуну кандырып жолго
чыгалычы. Бирибизге бирибиз аяр мамиле кылып, жүрөктөрдү оорутпастан, катуу сөз
айтпастан, улуу адам бололучу. Кыргыз качан ушинтип калдык эле? Качан
бири-бирибизди шашкандан басып өлтүрүп кетип калдык эле?
_Урматтуу бир-туугандар, уурдабайлычы, айрыкча
мамлекетибизден уурдабайлычы! Ырыскыны Кудайым берет. Кудайым берген ырыскыдан ашыгын
оозуңа тыгып жей албайсың. Сенин ырыскың башка биринин оозуна кирип кетпейт.
Иш-кагаздарын жасалма кылып, акча алган – арам оокат. Бул сага жакшылык алып
келбейт. Балаңдан, небереңден, өзүңдөн чыга берет. Кыяматка барганда тозокко
түшөсүң. Уурдаган өлүп кетсин, башкага асылбайлы, ар ким өзүбүздү билели. Ар
адам өзүн оңдосо, ошондо мамлекет оңолот. Мамлекет болсо биздики. Табаа эмес,
тообо кылдым, канча деген элдер мамлекетсиз жүрөт. Миллиондогон элдер мамлекети
жок жүрөт. Чоңдорубуз намаз окуп атат. Коррупция кылгандан тыйылалычы. Биз
оңолууга ниет кылбасак, анда болбойт. Балам мамлекетти тоноп, пара алып
жыргасын деген түшүнүк жок болуп баратат. Адал эмгек менен жан багалы деген
түшүнүктү айта берсек, айта берсек, айта берсек, балдардын кулагына кадимкидей
кирет. Бул акыйкат сөз. Мамлекетке кошкон негизги салымыбыз ушул. Келгиле,
баарыбыз балабызга адал тамак жегенди үйрөтөлү.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 15