🌹Азыркы учурда кайсыл жерге барбагын,кайсыл жерди карабагын баары бактылуулукту издешүүдө. Сен көргөн агы да,карасы да,жашы да карысы да,байы да кедейи да,эркеги да ,аялы да баары _бактылуулукту_ издешүүдө. Негизи _бактылуулук_ каякта? Ал кайда жашынган? Биз аны кантип табабыз? Бактылуулук бул- динде. Сен эгер дин менен кошо ,динде жашасаң, сен бактылуу боло аласың. Күн сайын 5 маал намаз окуп,намазыңды-ыйманыңды бекемде. Ата-энеңе чын дилиң менен кызмат кыл. Алардын ак батасын алууга аракет кыл. Жана жашооңдо төмөндөгү эрежени карма:
_🎗- Ар дайым бүгүнкү күндү гана жаша! Эгер бүгүнкү күнүңдү гана жашабасаң,оюң ар тарапка чачырап,ойлонуп,маанайың чөгөт! *"Эрте менен турсаң кечти күтпө,кеч кирсе таңды күтпө".*_
_🎗- Аллахка ыйман келтирүү, салих-жакшы амалдарды кылуу, бактылуу жашоонун башаты_
_🎗Аллах Тааланы ар дайым зикир кыл! Жашооң бейпилдикте,тынчтыкта болот._
_🎗Аллахтын сага берген нээмат-жакшылыктарына шүгүр кылып жаша! Сенде бар нерсе кээ биринде жок!_
_🎗Баардык нерсени Аллах ыраазычылыгы үчүн кыл! Эч кимден ыраазычылык күтпө!_
_🎗Башыңа кыйынчылык келсе- дуба кыл! Дуба- мусулмандын куралы._
🎗 _Өткөн ишти унут! Ал катачылык өтүп кетти. Өткөндү эстөө менен сен өзүңө кайгы-муң гана арттыра аласың._
_🎗 Келе элек нерсе үчүн кайгырба. Келечек бул кайып нерсе.Баары тагдырга жазылгандай болот._
_🎗Жашооңдо суу, аба, нан андан башка нерселерге азгырылба! Анткени дүнүйнөгө кызыгуу- ибаадаттан калтырат. Ал эми ибаадат- Аллахка жакындоонун эң маанилүү жолу._
_🎗Сага айтылган сын-пикирлерге капаланба! Анткени ит үрө берет,кербен жүрө берет._
_🎗"Эл мындай дейт,эл тигиндей дейт" деп жашаба. Эл сен төрөлгөндөн баштап,өлгөнүңө чейин гыйбат кылып,жашооңо кирише берет. А бул нерсе сенин эң чоң тоскоолдуктарыңдын бири._
_🎗Эч качан бош олтурба,пайдалуу иштерди жасоо менен убактыңды өткөз. Анткени "Убакыт учкан куш"- дейт эмеспи._
_🎗Башыңа сыноо келсе, аны сабыр куралы менен жеңгин! Аллах сүйгөн пендесине сыноо берээрин унутпа"_
_🎗Башыңа мусийбат (кыйынчылык) келсе капаланба! Албетте кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет. Түн кирген соң,баары бир эртеси таң атат ._
_🎗Жана эсиңде болсун! Мусулмандын башына келген ар бир кыйынчылык, ал үчүн жакшылык._
_🎗Ар дайым ден соолугуңа кара! Ден соолук болсо,башка жумушту,нерсени кыла аласың!_
_🎗Ата-энеңди сыйла! Ак батасын ал! Ушул эрезеге жеткизген инсандар- сенин ата-энең._
_🎗Илим ал!_
_🎗Эң жакын досуң- китеп болсун! Ал сага көп нерсени үйрөтөт!_
_🎗Келбетиңде,турмушуңда, ден-соолугуңда өзүндөн төмөнкүлөрдү карап жаша!_
_🎗Ар дайым диниңде,диниңдин мыйзамы менен жаша !_
_🌸Ар дайым кечиримди,ден соолукту,тынчтыкты ,бейпилдикти сурап Аллахка дуа кыл!_
👤 Нуриза Кармышакова
👨👩👧👦 "Бактылуулук формуласы"

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5