ҮЙ-БҮЛӨ КУРА ТУРГАНДАРГА ОРТОМЧУ БОЛУУ........
Үй-бүлөдөгү бакыттын жана бейпилдиктин болушунун биринчи шарты- жубайлардын ортосундагы ынтымак. Сезим, ой-пикир, адеп-ахлак жана ишенимде бири-бирине шайкештик. Мына ошондуктан үй-бүлө курууну каалаган ар бир адам оболу сезим, көз караш жана адеп-ахлак жагынан өзүнө ылайыктуу бирөөнү издеши зарыл. Тескерисинче боло
турган болсо, көз карашы, адеп-ахлагы туура келбеген бирөө менен өмүр сүрүүгө мажбур болот. Мындай жубайлар үчүн өмүр бою азап болот.
(Бейиштин бакчасындай үй-бүлө китебинен, Дил Азык басма үйү)
“Ким бир аялдын аброюна карап үйлөнсө Алла аны кор кылып коет.Ким байлыгы үчүн
үйлөнө Аллах ага кедейлик гана берет. Ким тегине карап гана үйлөнсө, Алла ага пастыкты гана берет. Ким бир аял менен көзүн, намысын арамдан сактоо жана жакындарына жардамчы болуу үчүн үйлөнсө, Алла ал үчүн ошол аялга жакшылык жана берекет, ал аял үчүн ага жакшылык жана берекет берет”,- деп айтат. Сырткы сулуулук убактылуу, ички сулуулук болсо өмүр бою сакталат. Сырткы сулуулук,
ички сулуулук жана такыбалык менен коштолгондо гана бааланат. Үй-бүлө курууда руханий негиз болбосо ал үй-бүлө кемчиликтүү болот.
Бейиштин бакчасындай үй-бүлө китебинен; Дил Азык басма үй
Жубайлардын бири-бирине жактырбагандыгын, бири-биринин жагымсыздыгын , колунан иш келбегендигин жана кемчиликтерин
беттерине айтышы сыяктуу нерселер үй-бүлөдөгү ынтымакты ыдыратат.
Жубайлар бири-бирине жардам көрсөтүп, бири-бирин
колдоп турушат. Пайгамбарыбыз(алейхи-салам) үй иштеринде аялдарына жардам берип, бут кийимдерин оӊдоп, кийимин жамап, коюн саап, үй жандыктарына жем берчү.
Жубайлар бири-бирине карата сылык, назик жана мээримдүү мамиледе болушун динибиз буйрат. Кимдир бирөөгө ырайым көрсөткөн адам Улуу Жаратуучунун ырайымына бөлөнөт.Пайгамбарыбыз (алейхи-салам) : “Эркек аялына, аялы күйөөсүнө с үйүү менен карай турган болсо, Алла Таала да аларга мээрим назарын салат. Эгер эркек аялынын колдорун кармаса экөөнүн тең күнөөлөрү манжаларынын арасынан төгүлөт”- деп айткан.
Биздин өлкөбүздө адамдар болочок жубайлары менен табигый чөйрөлөрдө б.а. окуу жайларда, жашаган жерлеринде, жумуш орундарында жана тууган-уруктары аркылуу таанышууда.
Баш кошо турган адамдарга ортомчу болуу жана жол көрсөтүү диний жана коомдук милдет болуп саналат. Пайгамбарыбыз (алейхи-салам) мындай деп айтат: “Эң жакшы ортомчулуктун бири –баш кошо турган
эки адамга ортомчу болуу.”Ортомчулук кылганда калыс болуш керек. Ортомчу адам апыртпастан калыс сөзүн айтышы керек.
Бир адамдын жамандыгын билип туруп жашырган ортомчулар өмүр бою жек көрүндү болуп өтөт жана каргышка калышы ыктымал.
Пайгамбарыбы (алейхи-салам) мындай дейт: “Силердин бириңер (диндеги) бир тууганы менен кеңешсе, кеңеш берген адам ага (акыйкатты жана көргөн чындыгын) оюн ачык айтсын”.
Бейиштин бакчасындай үй-бүлө китебинен; Дил Азык басма үйү
Акыл-эстүү адам, өмүрлүк жарын беш-он жылдык убактылуу жана сырткы жамалына карап сүйбөйт.Ал жубайынын ички сулуулугуна, мээримдүүлүгүнө жана аялзатына таандык жүрүш-турушуна карап сүйөт. Себеби, анын жубайы бул дүйнөдөгү убактылуу
жашоодогу жан шериги эмес, түбөлүктүү жашоодогу түбөлүктүү жары жары
болгондуктан , картайган сайын бири-бирин урматтап, сыйлашып, бири-биринсүйүүгө тийиш. Азыркы учурдагы маданияттын тарбиясы астындагы айбан сыяктууубактылуу биргеликтен кийин түбөлүк ажырашууга дуушар болгон үй-бүлө түбүнөн
бузулат.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3