Бир кичинекей шаарда эки үй-бүлө кошуна жашайт. Бир үй-бүлөдөгү жубайлар дайыма бири-бирин күнөөлөп, ким туура экенин аныктамай менен убараланып, чырлашып жашайт. А, экинчи жубайлар эч кандай уруш-талашсыз ынтымактуу жашашат. Терс кыялдуу кожойке кошунасынын бактысына таң калат. Кызганат. Анан күйөөсүнө:
-Тиги кошуналарды барып байкачы, кантип аларда дайыма баары жакшы, баары жайында-дейт.
Күйөөсү келип кошунанын ачык терезесинин түбүнө жашынып, кулагын салып, байкап отурат. Кожойке үйүн жыйнап жаткан болот. Кымбат вазанын чаңын сүртүп жатканда, телефон чалып калат да, алаксып кетип, вазаны столдун чет жагына кулап кете тургандай кылып коюп койот. Ошол учурда күйөөсүнө бир нерсе керек болуп бөлмөгө кирип калат. Байкабай вазаны түртүп, сындырып алат. Сыртта байкап отурган кошуна: “Азыр эмне гана болор экен?”,-дейт ичинен. Аялы келип, өкүнүү менен үшкүрүп, күйөөсүнө:
-Кечир, жаным. Мен күнөөлүмүн. Вазаны туура эмес коюп коюптурмун.
-Койчу, сүйүктүүм. Мен күнөөлүүмүн. Шашкалактап жатып вазаны байкабай калыптырмын. Э, мейличи, башы-көзүбүздөн садага,- дейт.
Сыртта кулак салып отурган кошунанын жүрөгү “тыз” дей түшөт. Үйүнө капалуу келсе, аялы:
-Эмне мынча жоголдуң?! Байкадыңбы?
-Ооба!
-Анан, аларда кандай экен?
-Аларда баары күнөөлүү. А, бизде баары туура экен.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6