Предыдущая публикация
БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

26 окт 2015

ЫРААЗЫЧЫЛЫК БУЛ -БАКЫТТЫН ЭШИГИ...

🙏🏻Ыраазычылык бул бакыттын эшиги,бейпилдиктин ачкычы,тынчтыка амандыка карай жол,ден соолуктун негизи. Аллахтын сага бергенине, тагдырына ыраазы бол,бардык ишти Аллахка тапшыр,кыйынчылыкты да,оңойчулукту да капачылыкта да жыргалчылыкта да сабырдуу бол. Сага келген кыйынчылыкка ыраазы бол ошондо ал нерсе жакшылыкка айланат,үстүңө түшкөн оордукка ыраазы бол ошондо ал нерсе жеңилдикке айланат. Аллах жолунда кыйналып,Аллахка ибадат кылып ырахаттан,Аллахтын ыраазылыгы үчүн кедейликти сез, ошондо ыраазылыктын таттуулугун, ыкластуулуктун даамын, сабырдуулуктун пайдасын, шүкүрдүүлүктүн акыбетин сезесиң!
😏Наразычылыктан узак бол! Анткени адамдык сыпатыңды жок кылат тагдырга болгон наразычылыкты билдирет,Аллахка күнөөкөр болосуң,жаратылышка терс келет,берилген ырыскыга нааразылык билдирет жана өзүңө өзүң карышы чыккандык...
☝Турмуштун таттуусуна,ачуусуна,жеңилдигине,оордугуна,кедейлигине,байлыгына,ооруусуна,саламаттыгына ыраазы бол. Досторуңдан ыраазы бол адардын жакшы жактарын жаман жактарын жабат. Анткени өзүң да бардык каталардан аруу эмессиң ..
🙎🏻Аялыңдан ыраазы бол анын жакшы жактары жаман жактарын унуттурат. Анткени ал сенин да туура эмес ката жактарыңа ыраазы болду ...
🏡Үйүңө ыраазы бол. Анткени олтурган бөлмөң сууктан сактап турат,күндүн ысыктыгы падышанын тактысынан да жакшыраак,үйүңдө бейпилдикте саламаттыкта олтуруп,жеп жаткан ыссык наныңа ыраазы бол. Анткени бийлердин тамагынан да даамдураак,эски жамынчы болсо да кийген киймиңе да ыраазы бол,эгер анда такыбалык жана кадыр барк болсо падышанын кийминен да жакшыраак...
🚶🏻Тынч саламаттыкта басып жүргөн бутуңа,таянган таягыңа ыраазы бол. Анткени ал байдын унаасынан да абзел.
☝Иштеген ишиңе ыраазы бол,жумушуң жөнөкөй болсо да күнүмдүк турмушуңа жетип тургандыгы,министирдин тапканынан да жакшыраак..
❗Кыскасы ыраазы болсоң болду,эгер ыраазы болбосоң башка эмне кыласың?
Же болбосо ыраазылыктан башка айла амалың барбы?
Же жазмыш тагдырдан качып кетүү үчүн жер ортосуна кирип кетүү үчүн чуңкуруң барбы?
Же сенде асманга чыгып кете турган тепкичиң барбы?
Же сенде айтылган ушак сөздөрдү жок кылып жиберүүгө сыйкырың барбы?
Ыраазычылыктан башка сенде эч нерсе жок ошондуктан ыраазы жана шайыр -шаттуу бол!
☝🌹Ыраазычылык менен эң жакыш жашоого болот. Аллахка ант, эгер ыраазычылык жок болсо, якут маржандар төгүлүп турган деңиздин жээгине куралган хан сарайда жашасаңда, астыңда бөлпүлдөгөн төшөктөр, ойногонуң алтын болсо да айланаңда кызматчылар чуркап турса да,бакыттын,тынчтыктын,бейпилдиктин,саламаттыктын даамын тата албайсың. 🏣Өзүңдү баймын деп элестет, бир күнө кадимкидей үч жолу тамак жейсиң, кийим кийесиң жумшак төшөктө жатасың. Эгер акыбалыңа ыраазы болсоң сенден өткөн бай адам жок болот...
🎓Илимпоздар, даанышмандар,докторлор да "Ыраазылык ден соолук эң жакшы "-деп ачылыш жасашкан..
☝Кайсыл бир ааламдын дааватын же даанышмандын сөзүн же доктордун кеңешин уксаң "тынчысдануудан узак болуп ыраазычылыкта жүр "-деп айтышат..
☝Азыртадан баштап бардыгына ыраазы болуу менен карай бер,бардык иштин оң жагын кара, жакшы нерседен пайдаланып билип жамандыкты көзгө илбе. Жаратканга ыраазы болуп инсандар менен жакшы мамиледе бол, өзүңдөгү немат жакшылыктарды баалай билип анын кадырына жетип жашоо турмушуңда эң жакшы ийгиликтерди чыгарып, аны пайдалуу иштерге сарпта. "Тагдырга ыраазы болуп оттой ыссык болсо өткөндү унута билгендигиң үчүн сага жакшылык болсун! "-деп айтабыз 😊👍...
☝ Эгер бул жашоо турмушуңа ыраазы болсоң,акыретиңе да ыраазы болосуң, ошондо гана бул аятта айтылган инсандардын катарына киресиң:
«(Мунун себеби) алардан Аллах ыраазы болду, алар Аллахтан ыраазы болушту»(98:8)...
"Капаланба "китебинен...
👪"Бактылуулук формуласы ".

Комментарии 6

aika aika
aika aika
👍👍👍👍👍👍👍👍
26 окт 2015
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    А А
    А А
    Ушунчалыгына шугур Аллахым
    26 окт 2015
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Эламан Бектемиров
    Эламан Бектемиров
    👍
    28 окт 2015
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
     Ашим Маматбаев
    Ашим Маматбаев
    😃
    11 апр 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
     Ашим Маматбаев
    Ашим Маматбаев
    😃
    11 апр 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
     Ашим Маматбаев
    Ашим Маматбаев
    ❤️
    11 апр 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

    ЛентаТемы 16 385Фото 7 415Видео 2 327Участники 196 051
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 16 385
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться