☘️Бир жылы Воронцовкадагы санаторийде бир даргин эже менен чогуу жатып калдым. Бишкектин четинде өзүнчө айыл болуп жашашат эмеспи. Алар Кыргызстанда отурукташып калганына кылым болуп калса дагы, өз салтын, тилин, тарыхын биринчи орунга коюшат экен. 📌Алар өз улутунун кызын алып, өз улутуна гана кыз беребиз, себеби, биз аз болгондуктан, орус, кыргыз же башкалар менен аралашып жок болуп кетишибиз мүмкүн...дейт. - Бир айыл болсоңор, ошончо жылдан бери бири- бириңерге эле куда - сөөк боло бересиңерби?- десем. - Жок, Дагестан менен тыгыз байланышып турабыз, алар менен кудалашабыз . Менин үч уулум, бир кызым бар, эки уулум ошол жактан келин алып келди. Жалгыз кызым мага жакын болсун, деп
    0 комментариев
    1 класс
    1 комментарий
    30 классов
    2 комментария
    38 классов
    ӨКҮНҮЧ 1-бөлүм Айсыз караңгы түндө,айыл аралап эки караан кетип бара жатты. Айылдын кээ бир эле үйлөрүнүн терезесинде жарык күйүп турбаса , көпчүлүк терең уйкуда. Бирин - серин иттердин үргөн үндөрү угулуп жатат. - Кайсы жерде эле? - Азыр ,бийик эки терек өсүп турган болчу ? - Таеже , бирөө жарым көрүнбөйбү? - Жок... - Эми эмне кылабыз? - Азыр ,мобу жерге отуруп тур,мен карап келейин! Аңгыча ыңаалаган баланын үнү угулду. - Акырын ,ыйлабачы!Азыр сени багып ала турган үйдү табабыз. Мага таарынбачы,мен сени эмес өзүмдүн кара жанымды бага албайм. Ата сөрөйдөн пайда жок. Мени алдап кетпедиби! Ымыркай катуулап ыйлай баштады,ары - бери терметсе да болбойт.Эки жагын каранган неме ,бирөөлөр укса кармап калчудай коркуп элеңдеп айланасын карайт. Ыйлаганы басылбасын сездиби ,айтор ыңгайлуу отуруп алып,тырсыйып,сүт тээп баштаган эмчегинин үрпүн баланын оозуна жакындатты. Таежесинин " баланы эмизбе" деген сөзүн дагы унутта калтырды. Ачкасынан ыйлап жаткан ымыркай ,оозуна жакындаган эмчекти ,жытынан таап алып,шап жармашып ,эме баштады. Төрөтканадан дарыгерлердин эмиз дегенин укпай,кошумча тамак менен тамактандырып жаткан неме,айла жок бирөөлөр угуп калбасын деп эмизип жаткан. Бир заматта , бүлкүлдөтүп эмип жаткан наристесин карап ,ичи ачыша баштады. - Эй кыз,эмне эмизип жатасың?Мен сага айтпадым беле,таштай турган болсоң,эмизбе деп... - Катуу ыйлап жатса ,эмне кылайын анан... Мейличи байкушум бир тоюп алсын,кандай күнгө туш болот ,ким билет? - Аны башынан ойлонушун керек болчу! Экинчи эмчегин да ачып эмизгенге киришти. Экөө тең унчукпай ойлонуп отуруп калышты. Сүткө тойгон бала,былк - былк эттирип тилин былкылдатып уйкуга кетти. Ушуну менен энесинен айрылып жатканын кайдан билсин? - Тиги үйдү таптыңызбы? - Ооба - Эшикке чыкпай койбойбу? - Укса чыгат да . Акырын басышып көчөсүндө эки чоң терек өскөн үйгө жакындашты. Дагы жакшы ,көчөдө бош жүргөн иттер деле көрүнбөйт. Чоң дарбазалуу үйдүн жанындагы ,жыгач отургучка баланы ороо- чулгоосун бекемдей жаткырышты. Акыркы жолу наристесин бир жыттап алган,илмейген жаш кыз көзүнүн жашын көлдөтүп,улам - улам артын карап кетип бара жатты... - Ээ Сагын тиги эшикте ыйлаган баланын үнү угулуп жатат окшойт. Тур карачы! - Өзүң кара ,түн жарымында кайдагы бала болмок эле? - Сен эркек болуп ,чыгып карабасан,мен эмнеге чыкмак элем? - Туй, энеңди урайындын катыны! Дегеле менин баркымды билбедиң го! - Кыйын молдо болсоң өзүңө,мага эмне? Же мени тиги " дем салып коюңузчу молдоке" деген жаш келиндерден дейсиңби? - Эй ,башты оорутпачы,сенин ушундай кыялыңды көтөрүп кантип жашап жүрөм! - Мен үчүн эмес үч кызың үчүн жашайсың да! Тетири басып көр ,молдоке болгонго чейинки кылык - жоругуңду элге жайып салсам, сага бир киши басып келбейт! Аялы Клара тултундаган бойдон ,кыздары жаткан бөлмөгө кирип кетти. Сабира ары- бери которулуп жатып ,ойгонуп кетти. Түшүндө кызы Нуржан кириптир , Сабира аны бекем кучактап кучактап алып ыйлап жатыптыр. " Сен тирүү турбайсыңбы,мен сени өлүп калды деп куурап жүрбөйүмбү,кызым" , " Апа көп ыйлабачы ,менин жаткан жерим сазга ,баткакка айланып калды.Ыйлабачы! Биз атам экөөбүз биргебиз,сиз ыйлаган сайын атам экөөбүз кыйналып ооруп жатабыз! Ыйды токтотунуз ,бул көгүчкөндүн балапанына уя жасап берип коюңузчу!Кичине алаксыйсыз - деп колуна балапан берип жатыптыр. Чочуп ойгонсо ,бетинин баары көзүнүн жашы,ал эмес жаздыгы нан бери көз жаштан суу болуп калган экен. Бүгүн кечке короо жайын тазалап жатып аябай чарчаган ,кечке жуук телевизор көрүп жатып көзү илинип кетиптир. - Катуу чарчасам керек, түн жарымына чейин уктаганымды кара! Кызымды өңүмдө көргөндөй көрдүм ,кой туруп кичине камыр жууруп коёюн. Эртең жыт чыгарып,май токоч жасап таратып коюш керек. Өзүнчө ар кайсыны кобурап жатып, ун салган чарасын көтөрүп ,короодогу ашканага жөнөдү. Короонун жарыгын күйгүзүп,сыртка чыкты. Ашканасынын эшигин жаап жатып,кулагына баланын ыйлаганы угулуп кетти. Мындай караңгы түндө,кайдагы бала ,көчөдө жүргөн мышыктар мыелоп жаткандыр деп ойлонуп койду. Үйүнө кирип бара жатып ,дарбазанын эшигин илдим бекен деп ойлонуп дарбазага жөнөдү... Чын эле ачык калган тура ,дарбазаны жаап ,илгичин иле баштады. Мына дагы эле ,баланын үнүндөй кынылдаган үн чыкты. Бир топко тыңшап турду,мына дагы ... Үйүнө кирип ,кире беришинде турган фонаригин көтөрүп көчөгө чыкты. Жарык кылып ары жак,бери жагын караса да эч нерсе көрүнбөйт. Дагы бир аз турду да ,кошунасы тарапты да жарык кылды. Оң жактагы кошунасынын үйүнүн алдында, жыгачтан жасалган отургучта бир баштыкпы, чүпүрөкпү иши кылса бир нерсе жаткансыйт. Жакындап барып караса ,оролгон бир нерсе жатат. Мына ,жанына келип туруп калды - Ой тобо ,чын эле ымыркай го! Оо Кудайым кайсы куураган эне минтип ,баласын таштап кетти! Тепкилене берип ороо- чулгоосу ачылып калыптыр, колу буту муздап селейип калган баланын үнү араң эле кыңылдайт. Сабира баланы ороо-чулгоосу менен кучактай коюп ,үйүн көздөй чуркады... Сабира үйүнө кирип келип ,диванга баланы жаткырып, бөлмөгө үй жылыткычтан сая койду. Ороосун ачып караса ,киндиги кургай да элек эркек бала экен. Төрөлгөнүнө көп болсо үч - төрт эле күн болсо керек. Баланын колуна тагылуучу биркада " Исаева Асылай" деген жазуу ,анан баланын бою,салмагы, төрөлгөн убактысы 04-30 деп жазылыптыр. Чачы капкара ,өзү аппак болгон бала жылууга киргенге кыңылдап ,кыймылдай баштады. Эми эмне кылсам экен деп , Сабира эси ооп отуруп калды. Мындай кичине бала баккан кезден бери отуз беш жыл өтүптүр. Жолдошу Канат экөөнө Кудай бир эле кыз берди. Андан кийин катуу ооруп,боюнан түштү дагы ,башка төрөй албай калган. Кызы он сегизге чыкканда, чоң жолдон өтүп бараткан жүк ташуучу машина коюп кетип каза болду. Жалгыз кызынын күйүтүн көтөрө албай,жолдошу Канат инфаркт болду ,бир жылдан кийин ал да кызынын артынан кете берди.Машинанын айдоочусу ,сотко акча берип жатып ,жазадан кутулуп кетти, кийинчерээк Орусияга кетип калып жок болду. Ошол күндөн баштап Сабиранын күнү жалаң ый- муң менен өтүп келе жатат. Жолдошу экөөлөп ,көп балалуу болсок деп салган чоң үйү аңгырап бош ... Өзү болсо ,күнүмдүк оокатын кыбыратып ,айылдагы кыз- келиндерден буюртма алып, кийим - кече тиге коёт. Отуз сотых огородуна , жашылча - картошка айдап коёт. Сааган эки ую, он чакты кой- козусу бар. Далай киши Сабирага ,арага түшүшүп күйөө таап бергенге аракет кылышты. - Мен силерден күйөө сурабайм, Канаттын ордун бир дагы эркек толтура албайт. Кимиңер ушунтип келсеңер кууп чыгам деп салгандан бери,эч ким келбей калды. Ошентип мына алтымыштын кырына чыгып калды. Түшүндөгү кызы берген , көгүчкөн ушул бала окшойт го деп ойлоп койду. - Апей ,ойго батып отура берген турбаймынбы - деген Сабира суу жылытып ,баланы киринткенге киришти. Шкафтарын ачып,эски жумшак шейшебин чарчыларга бөлүп,жалаяк даярдай баштады. Баланын төрөтканадан кийгизген памперсин чечип ,колундагы жазууларды чечип шкафтын суурмасына салып койду. Аябай содалап,таза жууп чайкаган илегенге жумшак сүлгүнү салып ,жылуу суу куйду. Баланын оозунан агып калган ,сүттүн изин жарыкта эми байкады. - Аа шордуу келин ,чыдай албай акыркы жолу эмизип кеткен экенсиң ээ? Демек ,боору таш сойкулардан эмессиң! Балким алам деп ,алдап таштап кеткен шордуу кыз болсоң керек! Акыры бир күнү болбосо ,бир күнү кайрылып келет окшойсуң! Таш боор ,кара мүртөз кыздар эмизмек тургай,карагандан жийиркенип,эптеп кутулганына сүйүнмөк. Өзүнүн ичинде тогуз ай жатып ,кан- жаны менен биригип калганын унутушмак.Демек тамеки ,наркотик ,арак менен каны бузулгандардан эмес экен... Өзүнчө кобурап баланы киринте баштады. Мыйтыйган колдорун ,буттарын ушалап ,киндигин чебердеп жууп жатты. Төрөлгөндөн бери биринчи жуунуп жатты окшойт. Таптаза жуунтуп,апакай сүлгүнү салып ороп , жылуулап туруп аппак шейшепке ороп ,кудадан белек катары алган бир корей пледи бар эле. Ошону алып чыгып ,ага ороду.Тазаланып ,жылуу оролгонгобу бала бышылдап уйкуга кетти. - Кой эми , балага сүт даярдайын деп ,ашканасына барып ,кечинде сааган сүтүнөн табакка куюп бышырды. - Таза уйдун сүтү ичин оорутат го деп ,суудан кошуп кайнатып койду. Бир жерден упчу көрдүм эле деп ,шкафтарынын суурмаларын аңтара салды. Абысыны кичине баласы менен келип жатып кеткенде калып калган упчуну,аптечкасынын ичинен тапты. Эми бөтөлкө издеймин деп жатып, аптечкадан физ.раствор куюлган айнек идишти көрүп сүйүнүп кетти. Мына , Кудайымдын кудурети,издей келсең керектүү нерселердин баары табылат тура! Бөтөлкөдөгү дарыны төгүп ,аябай кайнатып туруп ,суу кошулган сүттөн куюп барып упчуну тагып ,баланы алдына алды. Ачка болсо керек, кыңылдап ыйлап ойгоно баштады. Акырын бөтөлкөнү бетине тийгизип муздаганын көргөндөн кийин,балага сүттү ичире баштады. Бир- эки тамчы оозуна тамгандан кийин , чопулдата соруп ,бир заматта түгөтүп койду. - Азамат , сүттү бат түгөткөндөн кийин ,ден соолугуң буюрса жакшы экен! Бала кайра уйкуга кетти,Сабира акырын алып барып ,диванга жаткырып койду. Өзү эртеңкиге камыр жууруп жатып ,эми эмне кылсам экен деп ойлонуп жатты. - Эртең эмне кылсам,тиги молдокеникине эркек баласы жок деп таштаса керек! Тиги Клара укса ,үч кызынан кийин багып алаар беле? Бирок бир топ ыйлаптыр ,кантип угушпасын? Андан арыраак жашаган мен угуп келдим,дагы жакшы ойгонуп кеттим. Таңга чейин калса ,тоңуп калат беле?" Жаздын суугу жандан өтөт" дейт. Эмне болсо да ,кызым бекер түшүмө кирген жок. Мен багып алышым керек,көп болсо элүү тогузга чыктым. Окшош күндөр өтүп жатты эле ,балким Кудайдын мага боору ачыгандыр? Же бир бир туугандарым жок ,балдарынан багып алайын десем. Тиги энелеш эжемден пайда жок! Жездем экөө тең акча дегенде ,эт- бетинен кетишет.Бир баласын мен багып алайын десем ,өлүп кала жаздашты.й ха Ар кайсыны ойлонуп жатып,камырын жууруп коюп ,баланын жанына барып жатып,уктап кетти... Таңга маал таежеси Маралдын үйүнө жетишип Асылай экөө жатып калышты. Кудай жалгап таажездеси Калыс үйүндө жок экен. Ал башынан эле аялынын туугандарын такыр жактырбайт. - Асылай ,болоору болду,азыр жатып уктап ал дагы , эртең үйүңө бар. Меникине кал дейин десем ,Калысты билесиң,мээмди жей баштайт. Жок дегенде тыныганча, эжемдикине жаша да ,анан иш таап иште! - Таеже ,ал жакка бара албайм. Апамды билесиз да! Тиги күйөөсү дагы мени жактырбайт. - Анда атаңкына бар! - Өгөй апам мендей эч кимди жаман көрбөсө керек! - Эмне кылайын эми , эптеп арзан батир таап төрөгөнчө каралаштым.Куйоом эле адамдай болгондо сени кубалайт белем.Дагы жакшы бүгүн жок экен! Кандай эле адамдар,ынтымакта жашайт. - Макул таеже сизге чоң рахмат! Төрөтканага дагы акчасын сиз төлөп чыгардыңыз! Эртең менен апама барайын,жок дегенде бир жума жатып ,эс алып алсам,кайра шаарга барып идишимди жууп иштеп баштайм да! - Тигинин кайра келсе ,кечирип жашап алба! - Жок ,ал боюмда бар экенин көрүп туруп ,эки миң сом берип жогот дебедиби.Аялым менен ажырашам, балдар меники эмес ,мени алдап эле тийип алды дегенине ишендим да. - Эми акылың болсо,жигит дегенди жакын жолотпо! - Таеже ,мен иштеп ,бутума турам да баламды алам. - Андай оюңду токтот! Мен Кларанын эркек баласы жок ,башка төрөй албаганын билген үчүн сенин балаңды ошол үйгө таштаттырдым! Сен кантип бакмак элең,кара башың батпай ,ар кимдикинде темселеп жүрөсүң! Аман эсен болсоң,иштеп бутуңа тур,кийин үй бүлө куруп, төрөп аласың! Болду укта! Таежеси эшикти жаап чыгып кетти. Эки эмчегине сүт толуп калган Асылай ,колун төшүнө койгон бойдон калчылдап төшөккө кирип жатып алды. Көз алдынан өткөн өмүрү чубалып өтө баштады. Он тогуз жашка жаңы эле чыккан. Эне - атасы алты жашында ажырашып эки башка кетишти. Аялга күйөө,эркекке аял деле бат эле табылат тура! Ортодогу балдарга гана ажырашуу деген тозок болот экен. Атасы апасына түртүп, апасы мен базарга чыгып жатам ,бул сенин да кызың деп айылга атасына таштап кетет. Алтыга чыкканча эркелетип эле өстүргөн атасы ,эмнеге мурдагыдай кучактап ,эркелетпей калганына кичине кыздын акылы жетпей жүрдү. Бир жыл өтпөй,Асылайдан бир жаш улуу Элиза деген кызы бар Назира деген аялга үйлөнүп,атасы үйүнө көчүрүп келди. Биринчи келген күндөн Асылайга жакшы эле мамиле кылгансып жүргөн. Көйнөк алса да ,эки кызга тең алып , таттууларды алса да тең бөлүп жүрдү. Атасы жумуштан келгенде Элиза Асылайдан биринчи чуркап барып кучактап калат. Аны көргөн Асылай атасын кызганып ,экөө урушуп калышат. Атасы да кызынын бетинен өөп койбой ,биринчи аялына жагынгансып Элизаны көтөрүп эркелетет.Ал болсо атасына көрсөтпөй,тилин сунуп ,көзүн сүзүп эликтейт да турат. - Ата ,Элиза мага тилин сунуп жатат. - Ай Асылай эмне калп айтып жатасың,кана тилин сунганы? Дегеле ушул кызың жашабай жатып калпычы окшойт - деп өгөй энеси атасы Муратка. - Кой ,антип калп айтпагын! - Ата ,мен калп айткан жокмун! Сизге көрсөтпөй тилин сунуп жатат. - Мен сени болду деп жатам, энеңди тартып калган окшойсуң, тилиңди тартпай... Асылай эмне дээрин билбей отуруп эле калды. Ошол күндөн баштап,Элиза ага тийишип ,ата- энесине жаман көрсөткөнүн көбөйттү. - Мурат деген менин атам болду ,сеники эмес- Элиза тилин сунуп эликтей баштады. - Жок,ал менин атам ,сенин атаң бөлөк - деп жооп берип жатканда ,Назира кирип келип угуп калды. - Ай жашабагыр,эмне эле куучуңдап ,бөлүнүп жатасың! Менин кызымдан айлангыр - деп келип чымчып алды. - Аай ,эжее тийбеңиз мага деп ыйлап жиберди. - Карасаң муну эже деп ,мени апа дебейсиңби! - Менин апам бар - деп Асылай ыйлап жиберди. Ошол кезде жумуштан атасы келип ,жаңы үйгө кирип келе жатты эле ,Назира ага - Ай Мурат ,мобу кызың менин кызымды сенин атаң бөлөк деп ыйлатып салыптыр. Минте берсек жашай албайбыз го! Канча жакшы мамиле кылсам деле , бөрүнүн бөлтүрүгүндөй болуп , бөлүнгөнү бөлүнгөн. Же кызың менен жаша ,биз кете берели ! - Койчу жаным ,эми кичине кызга теңелбе ! Көнүп кетет,кичине убакыт өтсүн! Апасы ажырашканда үй - жайды бөлүшпөйм,болгону кызымды өзүң бак! Мен соода кылып ,шаарга кетем деген. Эгерде кызды берсем, үйдү да бөлүш керек болуп калат. - Аа андай да кебиңер бар беле! Болуптур анда! Ошентип ,күндөр өтө баштады. Бир жылдан кийин Назира кыз төрөдү, эми атасы Асылайдын бары- жогуна такыр көңүл бөлбөй калды. Өзү менен тең чамал болсо да ,Элиза мектепке барып, үй жумуштарына такыр жардамдашпай калды. Айлар өтүп,жылдар жылып Асылай да мектептен окуп баштады. Апасы бир жылда бир келсе келет, келбесе жок. Кызым бар эле ,деп боор тартып эстеп да койбойт. Акырындап Элиза үйдүн эркесине айланды, сабактарын жакшы окуп грамота алып келсе ,ага кооз көйнөк,шуру- мончок алып беришет. Ал эми Асылай Элизадан арткан кийимдерди кийип , чоңоюп келе жатты. Сабак окуганга колу да тийбей ,бала багуу,сийип салган шымдарын жууш,үйдү тазалоо дагы анын моюнунда. Атасына канча жолу , кыйналганын айтайын деп жанына барат. Бирок карыш түшкөн кабагын көрүп кайра артка кайтат. Акыркы жолу " кызым" деп качан бетинен өпкөнүн дагы эстей албайт. Өгөй апасы качан болсо , кызыңдын окуусу начар,тиги же бул сабагынан жетишпей жатат деп эле арызданганын токтотпойт. Кара жумуштан колун бошотпой жатып,сабакты жакшы окуй албаганын эч ким айтпайт. Ошон үчүнбү,иши кылса атасы Асылайды жакшы көргөндү мындай кой,жылуу көз караш менен карабайт. " Жаман көргөн кишинин бөркү казанбактай " деген ушул окшойт,Назира жамандап отуруп ,Муратка өз канынан жаралган кызды жек көргөзүп бүттү. Бир нерсе болсо эле,атасы - Энеңди урайын ,бул тиги тажаал энесин тарткан да,менин канымды тартса мындай болмок эмес - деп калат. Ата-энеси тирүү туруп, тирүүлөй жетимге айланган кызга боор ооруй турган киши деле жок. Чоң энеси Жамал дагы Назиранын айтканына кирип ,өз небересин жектеп турат. Бир гана Мураттын бир чети кошунасы ,бир чети классташы Адистин аялы Бурул боор тартып турат. Ошол жылы Назира уул төрөгөн эле,мурда эле экиленген неме такыр эле болбой калды. Асылай он бешке чыгып калган , Элиза он алтыга чыгып тогузунчу классты бүтүп ,экзаменге даярданып жаткан. Көптөн күткөн уулдуу болгон Мурат ошол күнү бутуна тура албай мас . Жаңыдан төрөт үйүнөн чыгып келген Назира ,баса албайм деп диванда жатат. Кошуналар чогулуп,бала көргөнү кирип калышты. Буту- бутуна тийбей Асылай чуркап дасторконду жайып ,бир жагынан баланы карап жүрөт. Жөн эле Манас тууп салгансып ,Назира диванда оронуп чулганып отурат. Кошуна аялдарга төрөттүн кандай оор өткөнүн айтып - Ай кыз ,ысыгыраак мага шорпо куйчу! - Мына ичиңиз! - Эй , мунуң эбак эле муздап калган го! Кулагың угуп жатабы ?Мен тердешим керек ,ысытып куй- деп Назира чанкылдап калды. Кошуналарга даяр күрүчүн чыгарып келип , дасторконго койгон Асылай баарына шорпо куя баштады. - Ай ,Назира ,шорпо жакшы эле ысык эле турбайбы! Эмне эле экиленип калгансың - деп Бурул бир тийди. Эшиктен эркек кошуналар үйгө кирип келе жатканда,ондорго чыгып калган Мурат менен Назиранын кызы Зарема чалынып кетип ,колу менен ысык шорпону бутуна төгүп алып,буту күйүп калдыбы ,бакырып ыйлап калды. - Эй ,ок энеңди урайын ,энесин тарткан шалдыр,шалтурук !Ысык шорпону да ,ошол жерге коёсуңбу - деген бойдон ,колуна тийген үбөлүк менен Асылайды бир чапты. - Өлүгүңдү көрөйүн жалдырама,кызымдын бутун күйгүзуп салдың,акмак- жаткан жеринен Назира кыйкырды. Башын жерге салып,титиреген бойдон Асылай калчылдап туруп калды. Жаңыдан тамак ичели деп жаткан ,кошуналардын баары ," таш жегенсип" отуруп эле калышты. - Ай Мурат,Назира жолуңар болсун силердин! Эмне эрке талтаң кызың,талтактап келип ,шорпого жыгылса Асылдын күнөөсүбү? Кошуналар баарын көрүп ,билип жүрөбүз. Назира сени биринчи келгенде жакшы келин экен дегенбиз. Ал эми Назира го мейли ,Мурат сага эмне болду? Өз каныңдан жаралган кызды жетим кыздай кылып,Назиранын ээрчитип келген кызын чалчактатып бактың! Же энеси Нургул карабайт! Силерге да Кудай бардыр ,мынча эмнеге бул кызды кор кармайсыңар - деп жини келген Бурул эшикти тарс жаап чыгып кетти... ( Уландысы бар) Урматтуу окурмандар ушул чыгарманы окугансыздарбы? комментарий күтөбүз класс басканды унутпаңыздар...
    0 комментариев
    18 классов
    0 комментариев
    74 класса
    ДУДУК ӨМҮР 7-БӨЛҮМҮ... Барар жагым көңүлүмө жакпай, бир деке боло турган болсо же уга турган болсом, бутум тартпай кетенчиктемей адатым бар. Бул сапар негедир дегдеп баратам. Расулдан жеме угаарым анык. Анын эмне дээрин сээримде сезип, жооп да даярдап койдум. Кызык мүнөзү бар досумдун. Бир туталанып алат да, анан ойлонуп, таразалап көрөт окшойт да бат эле жазылып, жууп чайып калат. Көңүлүндө кири жок инсан. Бактылуу турмуштун ээси. Канча адамдарды бекер дарылап, канчасынын өмүрүн сактап калды. Колу жеңил дабагер. Эң жакшы көргөн досторумдун бири. Аман болушсун. Менин жашоодо адам болуп жашоомо ушул досторум кепил. Мансап деп дегдеп, көзүмдү май басаарда туура жолго салган да ушулар. Кө
    5 комментариев
    45 классов
    ДУДУК ӨМҮР 6-БӨЛҮМҮ.. - - - Жат бирөөнүн үйүнө келип киргенге кооптонуп турган адамдай өз үйүмдөн өзүм жээригим келип дарбазанын дубалына жөлөнүп көпкө турдум. Акыркы мезгилдеги машинаны айдап, жумуштан үйгө десе алып - учуп шашып келип, эшик ачсаң ,, Атам келди....ата мени машинага чыгар, мен дагы чыгам деп чуру- чуу түшкөн балдарым, бул көрүнүшкө чексиз ыразы боло бактылуу жылмайып балдарымдын энеси колуна дасмалын кармап мени утурлай басса..... Өх, андай күндөр буйурбай калды го. Бешенеге жазган тагдырым ушундай тар беле. Коколой башың өтсүн дегениби.... тагдырдын. Же тагдырдын мага таарынган жери барбы.... Эмнеден....нээден. Кыйналып кеттим, кыйналып.  Эшик оозунда тура бергеним туу
    2 комментария
    45 классов
    ДУДУК ӨМҮР 5-БӨЛҮМҮ.. Канчалык өзүмдү алагды кылсам да айланып тегеренип дале мени жеп жиберчүүдөй болуп отурган аялымдын жанына барам да. Келишкен адам суктана турган кең сарайдай болгон үйүмө батпай, заманам куурулуп, канткенде жете турган жерине жетип түшүнөт экен деп, анан калса мурда бир аз болсо да кичине ылым санайт элем эми түк эле карагым да келбей калды. Аял-эркектин жылоосу бир болуп, жашоонун жолунда бирге чапкыласа, ысыгына бирге күйүп, сууга бирге тоңсо, эркектин акылдуу аялы болсо кай жактан болсо да мартабасы бийик болот го, аялды эркек көз карегиндей аздектесе анан турмуш чыйыры меникиндей болуп чырылдабаса керек эле. Мен эми эмне кылышым керек бешенесинде отура бериш
    2 комментария
    39 классов
    7 комментариев
    157 классов
    1 комментарий
    124 класса
Фильтр
Закреплено
  • Класс
bakyty
  • Класс
bakyty
  • Класс
bakyty
Фото
Фото
  • Класс
bakyty
  • Класс
bakyty
Фото
Фото
  • Класс
bakyty
  • Класс
bakyty
  • Класс
bakyty
  • Класс
Фото
Фото
  • Класс
Фото
Фото
  • Класс
Показать ещё