7-БӨЛҮМҮ...
Барар жагым көңүлүмө жакпай, бир деке боло турган болсо же уга турган болсом, бутум тартпай кетенчиктемей адатым бар. Бул сапар негедир дегдеп баратам. Расулдан жеме угаарым анык. Анын эмне дээрин сээримде сезип, жооп да даярдап койдум. Кызык мүнөзү бар досумдун. Бир туталанып алат да, анан ойлонуп, таразалап көрөт окшойт да бат эле жазылып, жууп чайып калат. Көңүлүндө кири жок инсан. Бактылуу турмуштун ээси. Канча адамдарды бекер дарылап, канчасынын өмүрүн сактап калды. Колу жеңил дабагер. Эң жакшы көргөн досторумдун бири. Аман болушсун. Менин жашоодо адам болуп жашоомо ушул досторум кепил. Мансап деп дегдеп, көзүмдү май басаарда туура жолго салган да ушулар. Көп жашашсын. Достугубуз ширеле берсин.
Түз эле ишканасына келсем бир топ кагазды жайып алып отуруптур. Мени көрө калып ордунан туруп, кучагын жайа мени утурлай басып,
- Качкак досум келдиңби, - деп жадырай кучакташып көрүшүп,- дагы качып кетсең азыр эле кет.
Менин ойлогонумдай учурашуу болгонуна күлкүм келип, каткыра күлдүм да,
- Качпайм досум, качпайм,- дедим досумдун далысынан таптап.
- Эмнеге күлөсүң?,- деди таң кала карап.
- Жолдо келе жатып ушинтет деп ойлогом да.
- Аа, дагы эмне дээримди алдын ала билип койдум дегин. Кош кандай анан иштериң дос.
Кичине аза түшкөнсүңбү....аяш жок....ха- ха.
- Кайда иш көп....мен баякы сен айтканды ойлонуп, барып эле билип келейинчи деп келдим
- Эмне жөнүндө айтып жатасың?
- Мен келгенде бирөөнү операция кылган экенсин бирөөлөр уруп таштаптыр, буту сыныптыр дебедиң беле.
- Жашы өтүп эле калган киши дедим беле, ал тың киши экен азыр басып калган.
- Бутучу ?
- Балдак алып келип беришкен...
- Ошентсе да
- Айтыбы сага....
- Жок эчтеке айтпады, жашырды.
- Мм....сен эмне деп ойлойсуң, дарыгер катары...
- Бирөөдөн токмок жеген, анык эле...
- Мен ошол адам менен сүйлөшсөм ....
- Сен дагы сурайсын да ээ...
- Сөз келип калса...
- Мейли анан...азыр жүр чай ичип келели.
- Эрте эмеспи,- дедим курсагым өлө ачып турса да.
- Сен келгенде эртеси барбы,- деп стол бетиндеги кагазын жыйнап жатып Расул.
Тамактанганча эл аралык абалды оңдоп жибере тургандай көпкө сүйлөшүп отурдук.
Ооруканага киргенде эле,
- Мен сени сураган кишиңе алып кирейин.
- Мен ал жөнүндө билишим керек, акым бар...
- Сүйлөшүп билип ала бересиң....
- Мына бул каанада, жүр,- эшигин ачып кир дегендей жол бошотуп четтей Расул.
- Арбаңыздар,- дедим кирип барып эле. Баары жапырт карап, бир гана дубалды карап жаткан адам кыйналып бери бурулду. Көргөн көзүмө ишенбей телмирип тиктеп калдым ал кишини. Токойчу Айдар аксакал.
- Сиз....
Ал киши бүшүркөй карап, анан болгоолоп тааныды окшойт,
- Аа...,- деп онтоп атым таппай туруп калды.
- Токой чарбасы боюнча.....Аскат ....
- Аа...болду, болду. Мен таптаккыр башка адамды ойлонуп калган турбаймынбы. Амансыңбы....?,- деп турмак болду эле Расул бара калып, далысынан кармай,
- Отуруңуз , турбаңыз...
- Мындай жигитке турбай болобу жарыктык..
- Мындай жигиттер сизден жаш...
Ага чейин жете калып кол алышып саламдашып,
- Кандайсыз, жакшы болуп калдыңызбы?
Эмне болду? Таштан- ташка секирип жүргөн адам...
- Кырсыкты кайдан билесиң. Балекет каш кабактын ортосунда дейт го... Кудайга шүгүр жакында чуркап калам буйурса.
- Кокустук деңиз.....?
- Ооба, дайыма эле басып жүргөн жолумда...
- Айдар аке....- эки жагым каранып, Айдар аксакалга суроолуу карап.
- Эч кандай түшүнүксүз жери жок.... Карычылык да....
- Сиз оңойчулук менен карыбайсыз. Өмүрдү карытсаңыз да, өзүңүз карыбайсыз.
Айдар аксакал кайсалактап, көзүн алып качып, калп эле каткырып күлгөн болду. Толгон- токой бир мандем бар экенин көзү айтып турат болчу. ,,Мейли жакшылык болсун. Бир күн болбосо бир күн жарылар" дедим ичимден.
- Болуптур анда.....жакшы жатыңыз....Дагы келем Айдар аке...
- Мен үчүн убара болбо....
- Аксакал, бул менин досум. Кээде күнүгө келет.
- Сиз менен жакшы отуруп, терең сүйлөшмөкчү элем....
- Мм...маакул анда....началнигибиз эмне десе ошол.
- Аксакал, сиз азыр даарыларыңызды кабыл алып, түштөнүңүз анан кеңири сүйлөшүп аласыздар. Азыр досум экөөбүз бир жерге барып келели, иш бар...мейли жакшы калып туруңуздар.
Сыртка чыккан соң,
- Кайда барабыз....эмнеге...
- Базарга түшүп чыгалы...
- Аяшын эки күндөн бери жакшы бышкан, жаңы үзүлгөн жүзүм алып келип берчи дейт.
Өзүң алып жей бергин десем, сенин колуңдан жегим келип жатат дейт.
- Ал эмнеси эркелигиби.....деги аялдарга түшүнбөйсүң.....
- Таксикоз, ошого талгак болуптур... Өзү алып жесе жегиси келбейт экен.
- О кудай ай ушундай да болот бекен..?
- Биринчисинде билесиңби кыштын кычыраган күнү алмурут таап бер деп туруп алган.
- Охоо...анан...
- Таап бергем...
- Таппасаң эмне болот эле...
- Организмге керек болуп жаткандан кийин табыш керек. Антпесең боло турган балада да бир деке жетишсиз болуп калат. Билип койгонуң жакшы досум.
- Билгенде эмне....
- Кеттикпи....?
- Маакул, кеттик..
Жол катар ойлонуп бараттым. Бул да болсо эркектер үчүн бактылуулуктун белгиси. Мен мындай бакыттан кур жалак калганыма дагы бир ирет өксүдүм, бирок досума билдирбедим.
Базардан жүзүм тандап жүрүп Айдар аксакалга деп бир кило алдым. Ысык нандан алдык. Бир чыныдан сорпону ичип,жүзүмдү нан менен жеп укмуш эле тамактандык.
- Сен мени бүгүн кайра - кайра тамак жедирип жара турган болдуң го досум.
- Кеткичең дагы бир жолу жейбиз же каласыңбы ..?
- Жо- ок, кетишим керек. Акимчиликке жолугуп, иштерим бүтүрүп, батыраак кетпесем болбойт. Анын үстүнө Айдар аксакал бир деме дейби дейм аны да угайын...
- Катуу киши көрүнөт...
- Жакшы эле киши, сүрү күчтүү.
- Ошондойбу....кыйын кишидей. Кана дос оомийн, Алла өзү колдосун. Турдук анда.
- Оомийн...
Досум экөөбүз бир топко сүйлөшүп отуруп, анан минтип базарлашып, убакыт бешин болуп калгандай туюлду. Башка убакыт болгондо качан эле кетип калмакмын. Айдар аксакалга илинип турбаймынбы. Жашырып кайда барат. Аны сураштырып билип алаарымды жакшы билет. Ошентсе да.... Анын жүзүнөн өтө албай турам да... Эмесе....
- Аяшыңдын бойунда болсо эле аллейлердин кийимин карай берем....
Улам жаш балдардын кийимдерин кызыга карап койуп баратып Расул.
- Төрөгөндөн кийин деле алсаң боло берет го....
- Ооба төрөгөндөн кийин алам, бирок ошенте берем да..
- Мм....
Ошентип жүрүп отуруп базардан чыктык. Жакшы болду. Болбосо Расул кечке жүрө бергидей.
Ооруканага жеткенибизде,
- Аксакалды менин каанама чакыралы. Антпесең болбойт. Мен оорулардын анализин аныктаганы лабараторияга барып келейин .
- Маакул.,..
Балдакчан акырын өзүн аяп басып Айдар аксакал кирип келди.
- Келиңиз аба.....
- Ой сен доктур болуп алгансыңбы.?
- Тиги доктуруңуз кийип ал деп болбойт го
- Аа..- деп койду мен көрсөткөн креслого отуруп жатып.
- Бутуңуз ооруусу кандай?
- Жанымды жеп оорутпай калды. Же даарынын күчүбү.
- Оорубаңыз. Бутуңузду сындыра койушуптур да, улуу адам дебей,- дедим сынай карап. Аксакал жалт карай салып,
- Аны сага ким айтты?,- каштары биригип ачуусу келе түшүп.
- Менден жашырбай эле айтсаңыз жакшы болот эле.
- Жакшы болуп чыгайын бирден сүйлөшөм алар менен. Сен тим эле тур...
- Кантип, эмне болду эле.?
Ошол күнү эмнегедир бир айланып келейин деп чыккам. Жапысыраак эшекти минип алайын деп эшекчен болчумун. Айланып жүрүп отуруп Дөшкө кетчүү жолдо жүк машинасынын токтоп турганын көрүп калдым. Соо эмес дедим да эшегимди жетелеп алып акмалай баса бердим. Эми эле келишиптир бажырашып сүйлөшүп жатып мен жакын барып калганымды билбей да калышты. Арак да ичишкенби арактын жыты келип турду. Таза абада жат жыт даана билинет да. Бир бала гана бээтаныш. Ал айдоочу окшойт.
- Экөөнү жыккандан көрө чооң бирөөнү жыгалы. Жоон болот да көп нерсе чыгат.
- Батыраак тынчыталы.
- Кароолчуң билбесе эле болду.
- Кароолчу өзүбүз да, тиги тар көчө менен чыгарып жиберебиз.
- Баятан бери отурбай бүтүрүшүбүз керек эле..
- Азыр деле боло берет.
- Тигиниңдин дарылдаган үнү чалдын үйүнө угулбасын.
- Чал кечээ кечке кыдырган. Бүгүн жатат эс алып, келгиле колдо эле аралайлы.
Жапа тырмак туруп ишке киришели деп калганда,
- Токто...!- деп кыйкырдым.
Баары эси оогончо мени карап калышты.
- Эмне өткөндөгү эскертүү жетишпедиби. Түрмөгө отургуң келип жатабы,- деп жакын эле жээнимдин колундагы балтасын жулуп алдым. Ал дыргаяктап дарактарды аралап качып жөнөдү.
- Бир даракка дүйнөңүз кемип калбайт. Кескендер кесип алгандар алып эле жатат.
- Акчасын төлөп, кагазын алып кел ! Мен кайсыны кесиш керек көрсөтүп койом.
- Биз каалаганыбызды алабыз..
- Ме сага аласын,- деп ачуу менен жаактан ары бирөөсүн жыга койдум. Болду ошондон башталды....мени төпөштөп ташташты. Ичиме муштаганда такаша түшүп эңкейе калдым эле.
Эсимден тана түшкөн экем....Көзүм ачсам эч ким жок. Эшегиме эптеп араң жеттим. Бутум эмне болгонун билбедим безилдеп ооруп аткан. Ошентип эшекти араң бошоттум да мине албай, ээрге көмкөрөмдөн өңөрүлүп жаттым да ,, хы жаныбар үйгө" дедим. Эшек түшүндү. Жорголоп жөнөп калды. Бир убакта ,,үш" деп эшекти бирөө токтотту. Салаңдап бараткан башымды араң көтөрдүм. Маңдайымда ,, дудук сулуунун" баласы туруптур.
- Сизге эмне болду...? Эмне минтип келе жатасыз...?
- Эшекти мине албай....
Бети башымды көрүп коркуп кетти окшойт.
- Келиңиз жакшы отургузуп койойун.
- Бутум жарабайт.
- Соо бутуңузду жерге койуңуз...эмне болдуңуз...? Тоодон куладыңызбы ...?
- Ооба...,- дедим соо бутумду жерге койуп, оорусуна араң чыдап. Жигит да, анын үстүнө күчтүү бала көтөрүп эле эшекке отургузуп койду.
- О, балли,- дедим ыраазы боло.
- Үйүңүзгө алпарып койойун,- деп өзүнүн эшегине минип менин эшегимди жетелеп жөнөдү. Бутум ылдыйыш болгонунанбы бутум жаным жегидей ооруп баратты. Демек бутум чыгып кеткен же сынган деген ойго кеттим.
Дүкөндөн келе жаткан экен да көрсө. Куржундагы буюмдарына караганда. Улам мени карап койот. Ошентип мени үйгө жеткирип койду. Анан балдарым түз.эле ушул ооруканага алып келишти. Болгону ушул.
- Сиздин ойуңузча уурулук кылам дегендерди тим койуш керекпи.?
- Мен алар менен өзүм сүйлөшөм....
- Неге сиз өзүңүз...?
- Себеби алар өзүмдүкүлөр...
- Өзүңүздүкү болсо эмне экен..?
- Кой, сенден суранам... Сабак болоор ата -энесине да өздөрүнө да.
- Болуптур сиз айткандай болсун. Бирок кичине....
- Антип койсоң мейли дечи. Тууган болуп туруп каматып жиберди деп өмүр бою душман болуп калышпасын. Адам өз катаасын эч качан билбейт
- Болуптур анда, сиз айткандай бир жолу табылаар. Жанагы бала.жакшы жардам кыла койуптур.
- Оо, ал баладай бала жок. Баары жогунан бар. Ал дагы операция болуп бир өлүмдөн калды окшойт.
- Ким дедиңиз эле
- Биз анын апасын ,,дудук сулуу" деп койобуз, ошонун баласы. Апасы ченде жок сулуу. Дале ошол сулуулугунан кайткан эмес. Ооруп, анан калса эл алдындв уят болуп, эл карай албай жүдөп кеткен. Кара чечекей.багып алган энеси өтүп кетип,.жаш баласы менен өтө кыйналды. Баласы окуп жүргөн кийин апасы көп ооруганынан окуусун таштап окубай калды. Окугандардан көп нерсени билет. Баамчыл, зирек, мээнеткеч бала.
- Эл алдында жаман иш кылды беле апасы.
- Оо, шариятка туура келбеген иш кылган. Илгери андайларды таш бараң кылып өлтүрүшчү. Рамалы энеси алтынга бергисиз аял эле. Айылдын энеси болгон. Бири кем дүйнө баласыз өтүп, сиңдиси Күнсулуунун кызын багып алган. Сиңдиси кокусунан каза болгон эле. Анын кызын Айсулуу деп ат койгон. Ал кыз эс тартып калган мезгилде ата- энеси авария болуп, кызынын көз алдында жан беришет. Ошондон кийин кыз сүйлөй албай калган деп жүрүшөт. Кокус- кокус сүйлөп калат экен. Бой жеткенде апасынан да сулуу кыз болду,укмуш. Сулуулугунан мектепке да жөнөтчү эмес экен.
Мына ошол кыз эмне балакет болгон боюнда болуп калып ушул баланы төрөгөн. Жакшы адамдар болгон үчүн көпчүлүк туура түшүнүп, аларга кайра кол- кабыш кылып жардам бергенбиз. Чоң энеси ыйлайт эле ,, мени ушу шерменденин айынан айылдан кууп чыксаңар деле болмок...өмүр бою силерге ыраазымын" деп. ,,Сиздей улуу адамды эмнеге айдайбыз. Сиз биздин доктурубуз, акылманыбыз болсоңуз" дейт элек. Себеби баары ошол энеден акыл сурашчу, ооругандары дарыланчу. Ал энебиз да көпкө жашабады. Эл ардактап узаттык.
Бала эс тартып калган экен. Энесинин өткөнүнө өтө жаман болду. Элден айланса болот. Жерге таштаган жокпуз. Азыр элдин уулу. Баары жакшы көрөт. Мен ушул күнгө чейин ойлоно берем. Ал мезгилде мен да кычыраган жаш элем. Базабызга студент балдар келген. Аларды туристтер турган жерге жайгаштырганбыз. Алар токойчулук боюнча практикага келишкен. Бир айдай жүрүп, жер сууга батпай ойноп, жаштык башкача да. Ошол балдардын бирөөсү сулууну оромоттоп жүргөнүн байкап калган элем. Ал жөнүндө жеңеңе айтып берсем мени кызганып, ,,баарың эле ошол кызга көзүңөр артып" деп мени ары алпарып бери алып келбедиби. Ошодон кийин ооз ачпай койгом. Атасы...эми табылып калса го жакшы болмок эле. Жок да.... Ким экенин билбейбиз да.. Баласы аябай жакшы......
Айдар аксакал айтып бүткөнгө чейин жүрөгүм оозума келип кептелип, нымшып тердеп чыктым. Денем калтырап жансызданып бараткандай болуп бараттым. Жок бул жөн эле дал келип жатат окшойт дейм. Бирок жүрөк кургур эмнеге тынчы кетип жатат. Эмнеге ордуна батпай калды. Эмнеге.....?
- Ой, чоң ата сиз эмне кылып отурасыз бул жерде,- деп кирип келген медайым Айдар аксакалга карап.
- Сүйлөшүп эле, азыр чыгам кызым.
- Ооба, чыгыңыз. Агай жок беле...- деп мени карап Расулду сурады окшойт.
- Азыр келип калат...
- Мен барайын, көп отуруп койдум. Бутум зырылдап чыкты. Сенден сураныч, тим койо тур.ээ...
- Маакул... Айдар аке...мына бул сизге...
- Аа..рахмат.. Айтмакчы куттуктайм чоңойуп жатыптырсың. Кудайым колдосун. Ох... мен барайын...
Колтуктай тургузуп, узатып койдум да турган ордумда катып көпкө турдум...Айдар аксакал эмнелер деди.... Ошондо.... Жо- ок ...болушу мүмкүн эмес. Бирок ошондо балдар ,, кыз дудук экен. Билген жоксуңбу, сени менен деги сүйлөшөбү дешкен эле. Чындап эле сүйлөбөй, жагымдуу күлүп койуп жүрө берчүү. Койо тур башынан ойлонойун... Өзүмчө эле.... Мүмкүн ал эместир....
Колума папкамды алдым да Расулдун келишин күтпөй кете бердим....Такси зымырап менин үйүм жакка баратты......
( уландысы бар )
Урмат Сатарова.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8