Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

вчера 11:55

ДУДУК ӨМҮР

6-БӨЛҮМҮ..
- - -
Жат бирөөнүн үйүнө келип киргенге кооптонуп турган адамдай өз үйүмдөн өзүм жээригим келип дарбазанын дубалына жөлөнүп көпкө турдум.
Акыркы мезгилдеги машинаны айдап, жумуштан үйгө десе алып - учуп шашып келип, эшик ачсаң ,, Атам келди....ата мени машинага чыгар, мен дагы чыгам деп чуру- чуу түшкөн балдарым, бул көрүнүшкө чексиз ыразы боло бактылуу жылмайып балдарымдын энеси колуна дасмалын кармап мени утурлай басса.....
Өх, андай күндөр буйурбай калды го. Бешенеге жазган тагдырым ушундай тар беле. Коколой башың өтсүн дегениби.... тагдырдын.
Же тагдырдын мага таарынган жери барбы....
Эмнеден....нээден. Кыйналып кеттим, кыйналып.
Эшик оозунда тура бергеним туура эместир, көргөн эмне дейт деп дарбазанын кичине эшигин ачып ичкери кадам таштайын десем бүктөлгөн кагаз жатыптыр. Эмне болду экен деп алсам бадырайта жазылган кат экен. Дароо тааныдым. Аялымдын колу. Дале эсиңе кирбей, ойлонгон эмес турбайсыңбы...?дедим ичимен. Катты атасына жеткирип берсемби..? Жок тим эле койо турайын, бирок сактап койуш керек...
- Акмак адам өлтүрүү эле сага оңой бекен.- деп сүйлөнүп үйдүн эшигин ачайын десем дагы кагазга жазылуу кат чапталып турат. ,, Аба качан келсеңиз да биздикине барыңыз. Үйүңүздө жата көрбөңүз. Эрмек''деп койуптур. ,,Сени бари бир түбүңө жетем' деген аялымдын катын папкама салдым да ,, барса барайын" деп Эрмектин үйүнө жөнөдүм.
Айылды аралай үйлөрдү караганча шашпай тааныштар көрүнүп калса амандашып көрүшө калып кете бердим. Кандай жакшы эл ичи. Тааныгандар жылуу жүз менен көрүшүп, анан да ал- акыбал сураша калып, элге болгон мээримиңди арбытышат эй. Эзели элди жакшы көрөм. Эл ичинде кандай гана иштер болбосун дайыма аралаша койуп чоңойгонум, чоң атам, андан кийин чоң энем колумдан жетелеп кайсыл жерге барбайлы бирге барып жүрүп , муштайымдан элди сүйөм. Чарчаганым да билинбей Эрмектин үйүнө жетип келдим. Чоң атам деп балдары чуркады. Ах шириндер аа... Бирин койуп бирин кучактап өпкүлөп черим жазылды. Баланын илеби башкача экенин Эрмектин балдарын өөп жыттап, эркелете койуп жүрүп сезбедимби. Ата болуу кандай бактылуу ээ. Кээде мага түгөнбөс кенчтей байлык бергенче мени күнүгө бакытка бөлөгөн бала бербейт белең жараткан деп наалып кетем. Мурда дуулдап жүргөн кезде кудай берерин унутпасын дечүмүн. Эми дебейм. Себеби мени унутту. Мен да унутайын дедим.
Балдарды эркелетип жатып буулугуп ыйлагым келди. Тайтаңдай чуркай бирөөсү апасына мени келди деп айтканы кетти окшойт. Арада апалап койот. Жаңы салынган үйдөн келин тынчсыздана чыга калып,мени көрүп жылмайа,
- Келиңиз, апаласа эмне болуп кетти дептирмин, атаңы чакыр...
Бирөө кубалап аткандай бала там артына чуркап жөнөдү. Көп өтпөй Эрмек баласын көтөргөнчө там артынан чыга келди.
- Келиңиз аба, кечки салкында бир аз иштерди бүтүрүп таштайын деп...
- Кеч кирип да калды
- Ооба, кана жүрүңүз ичкери...
Баласы түшөм деп тыбырчылаганынан жерге койуп жиберди. Ал ары жакта кыбырап ойноп жүргөн шериги жакка жөнөдү. Экөөбүз ээрчишип үйгө кирдик. Куурчактай кылып келин үй ичин жасап койуптур. Үй ичи жылдызы жанып турат. Жаш балалуудай эмес. Тыкан,шамдагай, айрымы ачык келин. Аман болсун.
Төргө төшөнчүлөр салып, ортодо отуруп чай иче турган жапыз стол койулуптур. Төргө өтүп отуруп батаа берип ал акыбал сураша баштадык.
- Катыңды окуп баса бердим.
- Жакшы кылыпсыз, үйүңүздө түнөбөй эле койуңузчу.
- Эмнеге андай дейсиң?
- Бая күнү балдардын бирөөсүнөн угуп калгам болгон окуяны...
- Жок эчтеке кыла албайт. Эртең бардык эшиктердин ачкычын алмаштырабыз экөөлөп, анан мен жумушума барайын.
- Эмнеси болсо да абайлаңыз, адам душманы адам. Жолдо жүргөнүңүздө да.
- Кудай өзү сактасын бирок туура айтасың,- дедим да жеңең ушундай кат таштаптыр дебедим. Мунун да тынчын албайын деп..
- Апамдар саан уйун беришти балдарың менен актан кыйналып калдыңар деп.
- Жакшы болгон турбайбы. Менин ойума келген эмес турбайбы. Ата- эне ушундай да. Өздөрү жебесе да балдарыма болсун дейт. Жакшы отурушабы?
- Жакшы, иним жакшы карайт. Жесеңиз аба. Ошол уйдун каймагы алсаңыз нан менен... Азыр тамак да бышып калат.
- Келинди убара кылган турбайсыңбы.
- Тамак жасап жаткан..
Сырттан кужурашып балдар кирип келишти. Эми эле бети - колун апасы жууган окшойт бетин аарчыганга экөө тең илгичтеги чачыкка жете албай убара болушту. Эрмек тура калып алып экөөн тең бети - колун арчып, дасторкон четине отурууга жардамдашты. Тынч отурушпай бири- бирин түрткүлөшө башташты эле Эрмек бирөөсүн бир жак капталына отургузуп анан тынчып калышты. Ага чейин тамакты буркуратып келин алып келди. Келиштирип палоо жасаптыр. Колу дарт көрбөсүн.
Дасторкон айланасында кудум өзүмдүн бала- чакам менен отургандай менде башкача сезимдер пайда болуп, көңүлдөнүп, сергип отурдум..
Жатаар мезгил келип,
- Сиздер ичкери үйгө кирип жатыңыздар балдар менен мен бул үйдө болойун. Балдар таң атканча уктатпай, уйкуңуздарды бузат,- деп келиндин айтканын кылып Эрмек экөөбүз ичкерки үйдө калың салынган төшөнчтө бир топко чейин сүйлөшуп жаттык. Эрмек баа жеткис жакшы бала. Атасынын баласы да. Ата- энеси сонун адамдар.
Ушунчалык таттуу уктаптырмын жепжеңил куштай болуп турдум. Көңүлүм тынч, санаам жок жатканымданбы айтор күдүктөнүп көкүрөгүм мыжып турган нерсе жок, ичимден бирөө жулуп алгандай.
- Үйүңдүн жакшы касиети бар экен, жеңил куштай болуп калыптырмын. Кудай буйурса касиеттүү үй болот экен.
- Жакшы жатып турдуңузбу. Айтканыңыз келсин.
Уйкусу кана элек балдарды бир четке жаткырып койуп дале кечеги жерде отуруп чай ичтик.
Эрмектин колунун жөндөмдүүлүгү мага пайда кылды. Биринчи эле дарбазанын ачкычын алмаштырып, үйдүн ичинде канча эшик болсо баарын .да койбой башка ачкыч салып, бирөөсүн Эрмекке. бердим.
Ачкычтарды берип жатып,
- Эми мындан ары үйдө көп болбойм, себеби күндөп- түндөп эл аралайбыз. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Иш көп иним. Караганча тур.
- Аба эч кыжаалат болбоңуз. Жеңем эле келип тополоң кылбаса...
- Ачкычты алмаштырдык...
- Мейли аба, келгениңизде биздикинде эле түнөңүз, өзүңүзгө этият болуңуз.
- Эртеңден баштап бир топ болуп жүрөбүз. Коркунуч болбойт. Баса эмнеден корком...- деп күлгөн болдум.
- Сактыкка кордук жок аба....
- Алла өзү колдосун баарыбызды....айтмакчы Эрмек тиги атаңдын көчөсүндөгү Жоодар аксакалдын короосун уста балдар бүтүрүштү бекен, билбедиңби...?
- Атам кечээ шашып келип кеткен эле...сураган эмес турбаймынбы...каап..
- Жүр анда, мен биле кетейин. Себеби алардын ишине карап акча жазышым керек да.
Машинага отуруп жатып,
- Сулаймандын ишин бүтүрүштү эле, бир кой берген. Эгер алар жумуштарын бүткөн болсо жанагы койду сатасың да акчасын алардын айлык акыларына кошуп койосуң. Бир аз болсо да пайда болот.
- Жумушчулардын акысына кой бердиби ?
- Ал өзүнүн үйүндө короосунда турат. Барсаң...мүмкүн чогуу сатаарсыңар.
- Маакул....чарчабаган жан экенсиз. Элдердин бирин көңүлүн көтөрүп, бирин ыраазы кылып....
- Усталардын ишине өзүң көзөмөл болуп тур. Мен эми убактым болбой калат. Өзүмө бир машина алат окшойм, муну сага таштап.
- Ой аба, антпеңиз. Сатып алганга быйылча курбум жетпейт го. Сатып эле алсам...
- Эски машинаны сатып алат белең, кой болбогон сөздү айтпа. Экинчи укпайын. Ушул иштерди аткарып үйүмө көз болуп турсаң болду.
- Келип калдык... Бүтүп калышкан окшойт. Короонун үстү жабылыптыр.
Күн табына кактанып отурган кемпир машина токтосо күндөн калчылдаган колу менен кат- кат бырышкан жүзүн калкалап, көзү жетпей умтула карап,
- Ботом, кимдер болду....?- дегиче
- Арбаңыз эне,- деп жанына барып калдык.
- Аа,балли...арбагыла. Кимсиңер..,сурагандын айыбы жок балам...
- Мен усталардын иштерин бир көрүп койойун деп келдим эле эне.,.
- Аа кокуй сен баякы депутат балабыз турбайсыңбы, айланайын келе кой.....- деп менин жардамым менен туруп, калчылдаган колдорун узатып, маңдайымдан өөп, далымдан таптап,
- Көөп жаша балам.- деп башын ийкеп- ийкеп алды.
- Иштер кандай эне?
- Жакшы балдар келе элек. Кичине күн кичине жылыса, шыбагы калды деп атышкан. Күнүгө батаабызды берип отурабыз сага балам. Өмүрүң узун болсун, жорткондо жолуң болуп, иштериң илгерилей берсин, чирки- балакет алыс болуп, Алла өзү колдосун балам сени оомийин- деп турган жеринде эле батаасын берди эне.
- Эне уруксат берсеңиз бир көрүп койолу.
- Кире бергиле, мен бүгүн үйдө жалгызмын, чай ичкиле дейин десем...
- Чайыңыздан жакшы батааңызды бердиңиз болот ошол.
Короого кирип салынган чакан короону көрүп усталардын ишине ичим жылыды. Жакшы. Эми шыбагын кылса кемпир- чал отун суусун койуп оңуп калышат деп ойлонуп койдум
- Эрмек....жакшы эле ээ...
- Балдары жасабаган нерсени сиз кылып отурасыз, эми балдары уялар бекен.
- Андайлар уялганда эбак салмак да
- Ооба....
- Кеттик эми.. Жакшы баары..
Эшик оозунда отурган эне менен коштошуп, жөнөп калдык.
- Абышкам бар маалда келгиле балдар, азыр келсе айтамын....
- Маакул эне убакыт болсо келип каларбыз.
Машина жыла баштаганда жүзүн аарчып , умсунуп карап калган энеге жүрөгүм ооруй түштү.
- Эрмек же сен айтып акыл болсоң боло бул энеге бир деке алып келбей куру келиптирбиз. Эч ойума келбептир....каап.... Сен бир убакыт таап жолугуп койосуң ээ...унутпайсыңбы...?
- Унутпаймын деңизчи...бирок буга окшогон карыялар азыр көбөйүп баратат. Кимисин тейлейсиз. Ата- энесин таштап, жакшы там салып жакшы жашагандар, алыстарга кетип калгандар толуп атат.
- Андай дебе...ушулар, ушундай карыялардын батаасы менен көгөрүп, өнүп- өсүп жер көтөрүп жүрөбүз да.
- Айтканыңыз туура деңизчи....бул эненин баласы жакшы жашайт. Бизге окшогондорду тоотпойт....ошого кыжырым келип жатпайбы..
- Мейли тим кой, карылар ыраазы боло берсин. Балдарына ыйман ынсап тилейли.
- Мен дагы өз ойумду айтып койдум да аба.
- Бүгүн иштерим эртерээк бүтсөм Ошко өтөм. Расулду өткөндө күтпөй келе бергем. Аны менен бир ишти караштырып келейинчи.
- Дагы эле эл үчүнбү....?
- Ооба да, эл дешибиз керек Эрмек. Эл менен адамбыз....
- Өзүңүздү качан ойлойсуз дейм да...
- Мени эл ойлосун.....туура айтамбы...
- Туура аба, аман болуңуз. Аба туура көрсөңүз....келиниңизди алып алайын...кичине базарлык кылалы дегенбиз...
- Албетте, балдарың мененби..?
- Ии...
- Балдарыңды менин жаныма отургуз, мен алар менен ойноп кетейин.
- Келиниңиз алдыда отурсунбу....? Койсоңуз уят эмеспи.
- Эч теке болбойт. Мен балдарың менен болойун
- Маакул, келиниңиз көнсө эле...
- Кой анда. Аны да кыйын абалга калтырбайын Маакул мен алдыга отурам.
- Капа болуп калбадыңызбы...?
- Эмнеге....кайра силерге ыраазымын...
- Мен азыр айтып чыгайын анда.
Машинаны четтетип, токтотту да шашып үйүнө кирип кетти. ,, Үйүн коргон кылып тосуп алса жакшы болмок экен" деп ойлонуп калдым. Байкуш мээнеткеч бала. Кандай жумуш болсо да качпайт. Ак көңүл, ак ниеттигинде чек жок. Телегейи тегиз бактылуу жигит. Тиренген ата- энеси, жөлөнгөн бир туугандары бар.....
Чуру- чуу түшүп балдары менен чыга келишти. Бирөөсү чуркап келип эле мен отурган эшикке жармашты,
- Мен чоң атам менен отурам апа.
Эшикти ачтым да акырын көтөрүп тиземе отургузуп, маңдайынан өөп, билинер билинбес тер чыккан көкүлүнөн сылап,
- Балдарга болбойт да, сен апаң менен отургун ээ.
Эми эле арт жакка отуруп жаткан апасынан жол талаша өрмөлөп, тырмалап жатып өтуп отуруп чоң атасына ,,отурдум " дегендей карап койду.
- Ушунуң шогураак окшойт ээ Эрмек,- дедим эми эле отуруп, машинаны айдоого сазданып жаткан Эрмекке күлө карап.
- Охо... Айтпаңыз аба. Шаштыбызды алат.
Колдорун чапкылашып, ордуларында секирип койуп апасынын тыйганына карабай шоктонуп баратышты. Балдарына кошулуп кээде күлүп койот келин. Бактылуу эне....
Балдарга алаксый райондук борборго да жетип калганыбызды билбей калдык. Базар башталган жерден эле токтотуп, оюнчуктар саткан жерге өттүм да эки чоң машина окшошунан алдым. Менин бул балдарга болгон биринчи белегим эле. Эч качан балдарга белек алып берген эмесмин. Өзүм да толкунданып...
Оюнчукту балдарга узаттым да,
- Силер базарыңарды кыла бергиле, мен кете берейин жакшы калып тургула ээ. Мен айткандарды унута көрбө Эрмек.
- Камтама болбоңуз. аба . Келсеңиз түз эле биздикине өтүңүз.
- Маакул, болуптур.
Мен алардан бөлүнүп узай бердим. Бирок көз алдымда Эрмектин балдарынын кубанычы элестеп баратты. Оюнчук машинаны алды артын карашып, өздөрү менен өздөрү убара болуп кала беришти го. Кандай гана ширин балдар... Капарсыз...ой санаасы жок аруудай таза балалык... Бала дүйнөсү мынча таза...ээ...
Ой менен болуп отуруп таксилер токтоочу жайдан өтүп кете жаздаптырмын. Жөнөп жатканына отура койдум. Алдында отурган жаш баланы артка жылдырып, айдоочу мени алдыга отургузду. Машина желдей сызып Ошко карай баратты. Жол катар дыйкандардын коон, дарбыздары, алманын түрлөрү чакаларга салынып, өз кардарын күтүп турушат. Берешен күз, марттыгы кармаса баары төгүн- чачын буйурса.
Досум Расул азыр барсам жемелейт го. Себеби өткөндө калгын аяшың болуп бир жерге барып отуралы десе келе бербедимби көшөрүп.... Болгон окуяны уккан соң урушпай калаар..... Бара берейинчи.... Күнөөкөр киши болуп бүгүн калам да анда. Өзүмчө ушинтип кыялга батып келе жаттым.
Досумдун жанына барып ал жерден мен издеген бакыттын жылчыгын таап, жашоом түп тамырынан бери өзгөрөт деп, жети уктасам түшүмө кирген эмес эле.
( уландысы бар. )
Урмат Сатарова Москва.,

ДУДУК ӨМҮР  - 5392006760277

Комментарии 2

Канзада Акбалаева
Канзада Акбалаева
вчера 13:38
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Назарова Апизахан
    Назарова Апизахан
    вчера 23:26
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 26 903Фото 21 815Видео 1 626Участники 38 851
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 26 903
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться