Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

вчера 05:58

ЖААНДАГЫ ЖАШТЫГЫМ...

1-БӨЛҮМ
Ооба анда жаз эле. Жаркырап, кун нурун чачып, жерди жаңңы жарып чыккан жашыл чөп, теребелдин көркүнө көрк кошуп, сулуулугун ачат . Таза аба , салкын жел. Жийде гүлдөп , шамал менен ыргалып учуп келген жыты көксөөңдү кандырат... Жерден чыккан таза булак көк кашка суу, мүрөк суусундай туптунук, таштан ташка секирип , ылдый көздөй шырылдап , агып баратат... Бак дарактар жашыл көйнөк кийип , жасанышып бийкечтердей буралышып алган... , Ак булутту шамал ыргап алда кайда алып бараткансыйт... Ошондой жаздын кечинде эң таттуу балалык күндөрүм өтүп жатты...
Аа мен адаттагыдай коюмду айдап,кечинде үйгө шашылып келдим.... Колумда камчы, резинка өтүк кийип, кызыл кемселимди белиме байлап алганмын, чачым болсо өрүлгөн бирок майда чачтарым жайылып, ар тараптан саксайып чыгып калган кеткен....
~~Апа , апа ! Апооов ! .
~Эмне бакырасың , бар койлоруңу кама ! Азыр баар жокту аралап ,жайнап кетет.. ~деп чыга келди Гүлгаакы эжем.. Менден уулуусу..
~~Апам кайда ? Суу берчи ? Бол батырак деп шаштырдым...
~~Апам тиги Айсалкын эженикине кирип кетти...
~~Уф! Качан кирип кеткен , отура берет экен да ! Тентибей эле үйдө олтурса болмок.
~~ Эй карачы! тиги койлоруң буудайга жайылды , жүгүрчү эми! Атам көрсө сүйлөнөт...
~~Эненди урайындын койлору ! Жанга тийдиңер чекеден мууздап салса! Ала~баш кайт! Кайт дейм!
Койлорума жүгүрүп кеттим. Өзүм чоңоюп калсамда апамсыз үйдө олтура албайм. Мектептен да келе жатып алыстан апалап бакырып ала турган адатым бар. Мына бүгүнда апам жок. Кошуна эженикине кетти дегенден кийин өзүмө келдим...
Аары бери койлоруму камап, кошуна эженикине чууркадым...
~~Айсалкын эже ! Оо Айсалкын эже !
~~Ыя , кел ,кел байбиче кыз ! Кел кир үйгө.
~~Жок , кирбейм апамды чакырып койюңузчу !
~Тамак бышкан эле , жаңңы эле сүздүм , кел
үйгө кирип тамак же !
~Жок , мен мында эле , апамды күтө турамын. Тезирек тамак жеп чыксын, айтып коюңуз!.... Ырылдап ,үрүп тынчымы алган итин жерден касек алып кубалап кеттим...
Адатымча көгөрүп , апам чыккыча сыртта олтурдум.
Аа басса, унутупмун атамдын эрке кызымын. Жашым он үчкө жаңңы кирген. Чоң атам энчилеп койгон аты Асия. Менден кийин эки иним бар. Нуркыяз , Нурадыл. Алар кичинекей болгондуктан уй, кой, эчки жылкыларды өзүм кайтарам. Атам трактору менен алек, тырылдатып кечке жер айдап, күзүндөсү эгин ташып ,бир үй бүлөөнү багат, күндө келип кара майга батып , тракторуну оңдойт. Мына, ушинтип адал эмгек менен, пешене тери менен бизди багып келе жатат... Өлбөчүдөй көр оокатыбыз бар..... Анан да мени артынан ээрчитип алат. Кызым, Аси тиги темирими алып берчи , ? Аси дөнгөлөктү көтөрүп , тиги жакка алып бар. Аси болутум түшүп кетти алып бер ! Аси тигини алып бер деп трактордун чокусуна олтуруп алып менсиз ишин кылбайт... Үйдө канча кой, канча эчки бар экенин да билбейт. Менден сурайт. Той топурга алып баргысы келсе мен берген койду алып кетет, мен жок болуп , менден бей уруксат алып кетсе чооң жаңжал башталат.
~« Төлөп бергиле ! ~деп баарын тыркыратамын.... Уул балага окшоп , менин да мүнөөзүм корс. Гүлгаакы эжеме күн бербейм, курсагымы тойгузуп алып, жеп ичкен пиялам бул жакта турсун дасторконуму да жыйнабайм. Кийимимди туш келди ыргытып, эртеси таап бер деп кубалап , чачынан тартып кечке ыйлатам .
~ Эй Дерсу ! Каракчы сени эр да албайт !~деп байкуш эжем тилденип кала берет...
~~Ээнен эр деп койот ,эриңди мен өзүм алып качып келем деп өзүмө ишенип керсейип койом...
Апам шаша ~буша тамагыны жеп чыгы калды.
~~Уй, келдиңби кызым! Үйдө эжеңе жардам берип олтура тусаң боло. Дагы деле менин этегиме жабышпай..
~Келдимда апа , кайда жүрөс ? Неге келдиңиз мунун үйүнө.
~Айсалкын чакырып калды да кызым, көрпө каптап жатат экен, жакында кызыны турмушка берет , кудаалар келиптир....
~ Ушунун кызын ким алат экен апа ? .
~Кой андай дебе кызым, жараткан тең теңи менен жаратат. Сенинда өз теңин бар.
~Мен турмушка чыкпайм! Эркек кылып төрөп койсоңуз болмок !
~Кыз эле болгонун да жакшы болуптур . Ансызда көчөдөгүлөрдү какшатып бүттүң , кыз болбой калгыр . Жүр эми кечкиге тамак даярдайлы.. Атаң жумуштан келе турган убакыт та болуп калды....
Апам экөбүз ээрчишип кирип келдик.
Эрте менен жүзүмдү жууп, шаша буша кийинип алып мектепке бардым. Менин курбу кыздарым эчак эле жигит жандап , жасанышып , ар сабак бүткөндө кат алышып, эки экиден кобурашып олтуруп калышат. Чындыгында мага кызыксыз , алдардын сөзү.
Акыркы партада олтурган Асылга карай басып бардым...
~~Ээ Асыл , эртең чоң улак болот экен го уктуңбу ?
~~Ооба , уктум. Тоодон улакчылар келеткенго ээ ?
_~~Ооба , ээ мен аларды тааныймда , бая күнү улакта көргөнмүн.
~~Аа , мен эртең барамын. Аа сен барасыңбы ?
~~Ооба барам, ээ меникине келсең чогу барабыз....... Канатты да айтамын......
~~Ээ Асия сен кыз баласыңго , сага уят эмеспи ~деди Күмүш ....
~~Сага эмне ? Неге уят болушу керек ?
Мен өзүм билем уктуңбу ?
~~Ай болуптур , деги менда өз оюмду айтымда.
~~Сага баарибир эмеспи ? Азырак жүгүр жигитердин артынан . Атың мектепте эле эмес айылда да атагы чыкты . Мейликан болуп көзүн кыскан эркекерге кете бербей бирөөсү менен сүйлөш та .... Мына мен да өз оюмду айттым...
Э~ээ сөз эмес бекен! Аси ээ жедиңго бастырдыңго ! Бул сөзүң эркекче болду ... хехе Ар даймгыдай классташ балдарым коштоп кетишти......
Эртеси сабакка барбай апамды алдап улакка кетим..... Атамын багууга койгон атыны да сурабай короону тегерете уурдап чыктым.... Чачымы бийикке түйүп, атамын тебетейин басса кийип , шинелин устум жаап алдым...... Негедир бүгүн күүн суук, жамгыр да себелей баштады.... Асыл , Канат эчак эле келип күтүп калышкан экен..... Үчөбүз шашып жөнөп кеттик.......Мына сага улак! Жер жайнайт. Бут койорго жер жок... Тулпарлар жер чапчып, ооздуругун чайнап , ошкуруп , бир ордунда тура албай күйшөлөктөшөт..... Аслан баатыр өз тобундагы жигитери менен арт жактан келе жатышты.. Асландын аты Ак боз ат ,бир жума жүгүрсө да чарчай турган түрү жок... Улакта эки жүздөй атты жиреп өтүп, алдыга ат салдырбай маареге улакты жеткирет.... Ар бир улакта байгелүү болуп кетет.. Асланга атаандаш Байтик да жигитер менен бир топ болуп турушат... Билеги күчтүү Байтик кара кашка айгырын жалынан таптап,,, жигитерине бир демкелерди айтып күлдүрүп , турушту.. Байтиктин аты Кыргызстандын торт кыдырсаң да мындай жылкынын тукумун аз кездештиресиң, саналуу гана Америка өлкөсүнөн алынып келинген жеп угуп калчу элем.. ... Бул жылкы да оңойчулук менен чарчабайт. Терисинен кан чыккыча качырып чууркай турган жылкы....... Адатымча ар бир жылкыга карап, жүрдүм.. Эл чогулуп, соорундарды аттап, улак та башталды.. Өчөшкөндөй жамгыр куюп кирди... Талаада миңдеген ат чууркап жүрүшөт... Ураан чакырып, айкырып ~бакырып , « Ал ! ,ал ,! бас ,! Алдыга ! Кач ! ~деген сыйятуу сөздөр... Майдандын ылайы чыгып, бир заматта баткакка айланды. Аттардын дүбүртү кулак жарат, буттарынан ылай туш тарапка чачырап . Улакчылардын үстү эле эмес, жүздөрү да булганды, жүзүн тааныбайсың .. Чекеде мен сыяктуу карап турган эл , ар бири ээрчип келген баатырларыны коштоп , кээ бирөөсү согүнүп та алган.. Тагдыр карыя атын камчылап ,ордунда тура албай , улакта жүргөн жигиттерини үндөп ~ Ай бол! Чап атыңды ! Сал !Салып жибер! Айдар артынан калба ! Уууу Атаңдын оозурайындын баласы ! Кетти кетти жаныбар ! ~деп атынын камчылап киришип кетет.. Жанындагылар кайрып келишет. Жащы жетимиштен ашып калса да билегинде күчү бар , илгери улак , эр күрөштө алдына эч кимди салчу эмес экен.. Казак элине да атагы чыгып таанымал болгон деп угуп каламын... Аты уламышка айланып калган Кыргыздын жүрөгүндө жалы бар жигиттеринен болгон экен.... Каттуу жамгырдан үстүм суу болуп, ич ичими майда калтырак басып, тура албай калдым. Тээ жакын жерде тээ бар болчу ошол эсиме түшүп кетти, атымды камчылап жөнөдүм. Кара түстөгү кымбат баалуу иномарканын астынан өтүп кеттим. Биздин айылда мындай уна жок. Такыр башта көрбөптүрмүн , жай бастырып , айланып карап чыктым... Андан аары жодумду уладым... Майдандан кыйла алыстаганымда бир топ ылдый жакта төрт атчан турганын көрдүм. Көңүлда бурбай кете бердим ойлогон элем , улак сүйүүчүлөрго деп... Бүркүт деп атап койгон тоону ашып батырак жетинүү эңсеп атымдын башын ошол жакка бурдум.. Калың капчыгайды аралап, эки тоонун боорунда бара жаткам, бир кезде каттуу келе жаткан атардын дүбүртүн уктум, алдымда жаш бир мен сыяктуу бала жерде жатат. Аа төрт ат минген жигиттер аттарын оозун койо берип , каттуу күч менен келе жатышат .... Оюма эч темке келбеди. Багылган айгырымдын башын катуу буруп, алымын жетишинче теминдим.... Эки ,үч камчы урганымда , камчы жеп көрбөгөн жаныбарым, зуулдаган бойдон бара жатты.. Эки үч ирет теминип , ансайын катуулатып, ылдамын көбөйттүм.. Аңгыча алдында келе жаткан эки аттын алдын торой качырып, жиреп кирдим , калганы эсимде жок.. бир заматта жер астын~үстүн болуп кетти... Кыйла алыска учуп , кулап түшүпмүн. Колум ооруп, которо албай кыңкыстап , жаткан жеримен атымды эстей калдым... Атымдын мойну буралып, жерде жатыптыр.... Билбейм кандай күч мени коштоду, атыма учкан октой жетип бардым, Байкушум, турууга аракет кылды , бирок эч башын которо албады....
Жанымдагы баланы карасам ал жакшы ,эч жери эч темке болбогон ... жинди болгон немедей бар күчүм менен бакырдым.... Менин үнүмө тоо да жаңырып, күн да күркүрөп жамгыр куйуп жатты...
~~Туур ! Туур жаныбар ! Туур ! Чуу жаныбар .! Чуу ! Аа~ааай дессе ким бар жардам бергиле ! Жардам бергилечи ! Жардам берип койюңуздарчыы ! Ааа жардам берип койгулачы сураныч ! Турчу сенден суранамын турагой эми.....Атама эмне деймин ,? ~ жеңим менен көз жашымы аарчып , жерде жаткан атымды кучактап ыйлап жаттым.... Жанагы тортонун аттары бироосүнүн да бутту сыныптыр. Экинчиси арттаагы жарга кулаптыр.. Түз жол болгон до эч темке болбойт болчу... Алар өздөрү менен убара. Тиги жерде жаткан бала да чууркай басып, менин жаныма басып келди.... Арт жактан он дой аттчандардын карааны көрүндү. Аларды көрөр замат тиги төртөө көздөн кайып болушту. Алардын жиги да көрүнбөй калды... тиги атчандар бизге жете келишти ........ Бироосу атынан секирип түшүп, менин жерде тыбырчылап жаткан атымды мууздап салды....
~~Энендурайындын сени Эшек ! Төлөп бер! Кайрадан башын улаштырып бер ! Эмне кылдың ? Эмнеге муздайсың ? Кандай акың бар муздаганы ?
~~Ээ жабышпа мага ! Кимдин уулусуң! ? Азыр бир уруп эсиңди тандырамын. Коюп жибер асылба мага дейм ! Ырахмат айт келе соо арам өлүп калгыча адал кылып муздап койдум...
~~ Атам сени да муздайт ,көрөсүң ! Се ~ени муздайт атыма кошуп ыыы ! Негее муздайсың?
Кара ат минип турган бирөөсү аттан секире түшүп мен жакка басып келди :
~~Ыйлаба уулум, мындан да сонуннун ат алып беремин ! Сөзүндө турбаган адам эмес! Келе колду бер! ~деп салбаттуу , мойну жоон , колунда алтын артстандын башы бар шакек тагынган , Турар атуу киши кол алып, менин колуму бек кымып, башымдан сылап, жонума таптап койду...
~ Эй жалдырабай аттан түшкүлө да батырак эттин бөлүп, тиги жакка алып чыккыла. Бул жигитти жеткирели үйүнө... Болгула батырак ~деди Турар...... Аттан түшүп , жанакы мен куткарган баланы кучактап өөп жыттап , ыйлап та жиберди окшойт... Алар менен ишим да жок. Союлган атыма ичип ачышып, ыйлап жүрөм. Анан да коркунуч ээлеп алган мени, атаман уруксатсыз алып чыкканым жүрөк түшүрөт..
Аттарына бизди учкаштырып, алып чыкты. Эттерди үч төрт сыйра Куржундарына бөлүп, бир зааматта алып чыгышып, жанакы кара иномарканын артына этти жүктөштү...
Жаан катуу жаап, баар жок бөлүп өткөн окуя түш сымал болуп, дагы деле өзүмө келе албай унаада кеттип жатым... Кеч кирип , жаан да аздан басаңдап калды. Иномарка зуулдап мен көргөзгөн жолго айдап бат эле үйгө да жетип келдик. Короодо апам уй саап жаткан экен . Койлор да короодо турушат. Өздөрү келгенго.
Апам бизди көрүп, колундагы чакасын түркүктө кагылган мыкка иле коюп, бизди утурлай басып келди...
~~Келиңиздер ?
~~Амансыңарбы ?
~~Саламатсыздарбы ? Аманчылык ! Келиңиздер . !
Жанакы Турат байке апам менен учурашып, жай сүйлөшө кетишти. Чыдабай унаадан түшүп, апама жетип бардым...
~~Апа , апааа~аа ! Атым өлүп калды ! Апаа~а ! Эми эмне кыламын ? Атама кантип жооп берем?
~~ Үйгө кир! Атаңа кантип алып кетсең ошентип жооп бересиң ! Бейбаш ! Атаң мени кошуп , олтурөт .! Жашабагыр ! Кой дегенди укпайсың !
~~Кой , келин, атыңарды мен төлөп беремин. Уулуңар менин уулумдун жанын сактап калды... Ыраазымын, базарга барып, айткан жылкыңарды алып беремин...
~~Эмне болду ? Эмнеге кабылдың ? Кантип куткарып калды? Атасынын атын уурдап алып кетиптир . Өлүгүңдү көрөйюн дессе балее болду ! Башыма бүткөн балее болдуң ....! Эми кантебиз эмне деп айтабыз , эмне кыламын ииийии ? Жанга тийдиңго !
~~Макул анда атасын күтөбүз. Кабатыр алба келин , мен жооп беремин . Сен ишиңди бүтүрө бер.... Барагой.
Үйгө кирип, бир жерде тура албадым, атамдын каарын эстегенде андан өтүп коркомун. Бул биринчи жолу болуп жаткан окуя эмес. Дайым ушундай балээнин үстүнөн чыгып, атамдан таяк жеп, мага болушам деп байкуш апам да менин айымдан канча ирет атамдан таяк жеген. Канча ирет көк ала болуп үйдөн чыга албай сойлоп жатып калган ... Көпкө ойлонуп тура албадым. Кийимимди которуп арткы терезеден качып чыгып, Чоң атамдын үйүнө жол алдым.... . Айлана капакараңгы . Атам бир чоң атамдын айтканын угат. Мени сактап калуу бир чоң атамдын колунан гана келет... Үйүнө жетип бардым.Чоң атамдар эрте укташат..... Үйүнө келип , кире албай темир тордон шыкалап көпкө турдум... Аңгыча колуна кумганын көтөрүп чоң атам, тамагын кыра жөтөлүп чыгып келди...
~~ Ыя Бисмилло ! Ыя Астафург Аллах ! ~деп ар бир тепкичтен түшкөн сайын Аллахка шугур келтирип басып келе жатты...
Мен жакка көзү түшүп;
~~Эй сен кимсиң ’ ? Не турасың ?
~~Чоң ата ! Мен ,ме~ен ~деп ыйлап жибердим..
~ Асия ! Ээ балам түшпөгүр ! Караңгыда эмне кылып турасың ?
~ Чоң ата ! Мен жаман иш кылып койдум.. Атамдан качып келдим...
~~Жүр балам, жүр үйгө жай сүйлөшөбүз.. Ай кызым түшпөгүр.......
~~ Турдукан ! Турдукан кара неберең келиптир. Бир демке болгон окшойт тур ,жарыкты куйгуз....
~~Ыя ботом, эмне болуптур ,тынчылыкпы теги! Түндөсү үйрөйдү учуруп эмне жүрөсүң, я!
Кыз бала экендигиңди унуттуңбу ? Дагы эмне балээнин башынан чыктың?
~~Койчу ай ! Өзү коркуп турган немени андан бешпетер коркутуп , оозуңду жап! Кир кызым , кана ыйыңды токтотуп жайдан мага түшүндүрчү....
Чоң атам болуп өткөн окуянын ийне жибине чейин угуп;
~~Аа капырай де ! Жаның аман калыптыр , ошонусуна да шүгүр. Эми Садык менен мен өзүм сүйлөшөм , колунун учун да тийгизе көрбөйт . Жат кызым , жат... Жакшы иш болбоптур. Сага сабак болсун. Саяк жүрсөң, таяк жейсиң дегени ушул да.
~~Ийии ошол атты тирүүсүндө сатып, ордуна уй алса жакшы болмок! Байкуш балам эч бири эки болбоду. Шору куруп, эми аттан да жок калыптыр... Өлүккананды көрөйюн каракчы , сен деген кыз баласың, турмушка чыгып төрөшүң керек . Ат минбей үй шыпырып, нан бышырышты үйрөнсөң боло! Жети бала бактым , Он не бере бактым бир сендей желмогузду көрбөпмүн.... Отур дессең коркушуп, бир бурчка тирелишет. Аа бул желмогуз кичинесинен баштап ушундай иии шору катты Садыгымдын, шору каттыыы~ы.... ~деп чоң энем өз башына ургулап жиберди.....
~~Эй , сүйлөнбө караңгыда калжыңдабай жаагыңды жап! Ач көз. Бул да неберең, азыр таяк менен мээңди ойо чабам. Иштебеген башың иштеп кетет! ~деп чоң энемдин жаагын жапты... Мени чоң атам дайым ушинтип кооруйт..
Чоң энемдин салып берген жайына жатып, уктап кеттим.... Башым катуу ооруп, этим ыссып жатты... Оозум кургап, араң дем алып жаттым. Бирок ун чуга албадым. Айыптуумунда...... Өз күнөөмдұ түшүнүп үн да чыгара албадым..........
Чоң атам чыдабай сыртка чыгып кетти, кошуна үйдө атамдын эң кичүү иниси аялы балдары менен жашайт. Ошонун үйнө бет алды...
~~ Садыр! Ыя Садыр !
~~Оо ата ! Азыр мына чыгып баратам, . Уктап жаткан жеринен кемселин үстүнө жаап алып, чыга келди...
~~Ата эрте уктап калыпмын, жумуштан чарчап келип. Тынчылыкпы ата ?
~Садык акеңин үйүнө тез жет , ! Барып, Асия чоң атасынын үйүндө деп айтып кел...
Кабатыр албасын..
~~Ата , Асияга эмне болуптур.? Дагы качып келиптирби?
~Улакка атасынын атын сурабай минип барып, кырсыкка учураптыр. Бир жаш баланын өмүрүн сактап калыптыр. Ат жаныбар , жогору жактан ылдый көздөй кулаптыр, аттар менен кагылышып, ылдыйга бутту тайгаланып, мойнун кайрып, жыгылыптыр. Жете келген адамдар мууздап жибериптир , алал кылып....
~~ Ата Асия эмне үчүн катуу келе жаткан аттардын астын тосуп чыгат.....
~~Ээ.балам, бул жерде бир кеп барго . Айтымына каранда тиги Турар барго Жогорку кеңеште олтурган. Ошонун уулуна кол салышканго . Ким билсин балам туура айтып жатабы же коркконунан калп айтып жатабы. Эмнеси болсо да неберемдин башы аман. Барып акеңе айт. Урушамы деп ойлонбосун. Келбесин түнү ,эртең келсин....
~~~Аа мейли ата , азыр үстүмө жылуурак кийинип алайынчы!? Ата теги Асия эчтемке болбоптурбу ? Өзү аманбы теги?
~~Ооба , уктап жатат.. Аллах сактаптыр! Бар уулум тез жет....
Садык кечинде келип, эшик алдында турган торт унаага көзү түшүп , ар түркүн ойлор мээсин жеп , тракторун токтотуп, түшө бергенде алдынан утурлай басып келе жаткан караанга көзү түштү...
~~Ассаляму алейкум ! Баатыр.
~~Ва алейкум ассалом . Ээ аке келиңиз жол болсун! Турар байке сизби ?
~~Ээ.иним көрүшпөгөнүбүзгө да көп болду .
~~ Байке үйгө , үй жакка кирели , келиңиз.
~~Үйгө да киребиз. Иним кел андан көрө сүйлөшүп алалы. Бир жумуш менен келип калдым.
~~Ээ байке , сиздин жумушуңузду аткарбай койчум беле... Айтыңыз... Кулагым сизде..
~~Бүгүн шаферум Досбол айрылдым.
~~Аллах рахмат кылсын. Оомийн!
Уфф! Талаада катуу жаандан унаага калтырып, өзүм эки үч жигиттерим менен, улак майданына кеткен болчумун. ...... Уулум экөөнү калтырганмын ... Артыман аңдып , кол салып жүргөн адамдар жакындан бер пайда болгон......... Алар ушул жерге чейин аңдып келишиптир....... Досбол колго түшүп , курман болуптур. Менин уулумду куткарам дегенго чамасы....... Өзү олуптур.......... ......... Досбол тиги зөөкүрлөрдөн качкан сыяктуу , бадалдын түбүнөн өлүгүн таптык... Аттар менен тебелетип салганго .. Бир жак бети жанчылган. Жүрөк тушуна эки ирет бычак урулган....... Аны көргөндө көзүм караңгылашып, аалам астын үстүн болуп, жалгыз уулумдандан да айрылдым деген коркунуч жүрөгүмдү ээлеп калган болчу..... Көргөн көзүмө ишенбедим. Төрт жырткычка уулуң бас келиптир.... Уулумдун жанын сактап калды.........Жанымды курман кылсамда арзыйт . Анын эрдигине.... Болгону атыңдан айрылдык. Бир эмес экөөнү алып беремин...
~~Токтой туруңуз! Менин уулум 3~класс... Кантип ал жакта болушу мүмкүн. Түшүнө албадым...
~~~Жок чоң уулуң. Улакка барган экен....
~~Байке тура туруңуз. ... Гулжамал! Гулжамал !
~~Оов атасы келдиңизби? Асия кайда ? Кайда Асия... Эмне болду , кана кызым ?
~~~Кызым дейсиңби ыя !? Ал эркек бала болчуго ! ~деп колу жакасына оролуп, таң калып туруп калды....
~~Кызыңыз жакшы. Эч жери эч темке болгон жок.
~~Чакырчы бери !
~~Сизден коркуп качып кетиптир. Үйдөн качып кетиптир....
~~Иттин кызы... Айбан ! Мен эмнеге урушамын. Ох! Башым! Мен кичине олтура турайынчы. Көзүм караңгылашым кетти....
~~,Ээ Аллаһ ! Эмне дейсиңер ал кыз бала беле ?
~~Ооба , кызым!
Аңгыча Садырда жете келди....
~~Садык байке! Амансызбы?
~~Кел , кел , ооба , жакшы....
~~Атам жиберди. Асия атамдын үйүндө кабатыр албаңыз....
~~Уф! Мейли эртең барамын. Бир ат кызым үчүн садага болсун! Кызым аман калыптыр ,кудайга шүгүр. Миң ирет шүгүр!!
Уландысы бар...
Урматтуу окурмандар бул чыгармада чакан 4 бөлүмдөн турат, кызыктуу болсо комментарий жазып класс басып колдоп кетиңиздер...

ЖААНДАГЫ ЖАШТЫГЫМ... - 5391896006741

Комментарии 14

Канзада Акбалаева
Канзада Акбалаева
вчера 08:07
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жамила Тилявалдыева
    Жамила Тилявалдыева
    😂👍👍👍
    вчера 08:51
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Нуржамал Баитова
    Нуржамал Баитова
    Чыгармачылык ийгилик каалайм, автор.
    вчера 08:56
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айнура Бектурова
    Айнура Бектурова
    вчера 09:14
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Анар Таласбаева
    Анар Таласбаева
    ❤️
    вчера 09:17
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Чика Карабек
    Чика Карабек
    Уландысын күтөбүз
    вчера 09:44
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    вчера 10:50
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гульзат Абдыкадырова
    Гульзат Абдыкадырова
    Жакшы чыгарма экен, окуйбуз. Куттурбой, баттан чыгарып берип турсанар биз ыраазы болобуз. Авторго,админдерге ден соолук, уй булосуно аманчылык, иштерине ийгилик тилеймин.
    вчера 14:09
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулшан Жумашова
    Админге чексиз Рахмат,уландысын кутобуз
    вчера 18:13
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Aida Bektenalieva
    Aida Bektenalieva
    Уландысын чыгарып койгулачы сураныч
    вчера 18:35
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Aida Bektenalieva
    Aida Bektenalieva
    Баатыр кыз экен Асия
    вчера 18:37
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гуля Салиева
    Качан чыгат уландысы кутуууп атам.
    вчера 18:43
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулгаакы Макелеева
    Гулгаакы Макелеева
    вчера 19:00
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Guzel Ruzgar
    Guzel Ruzgar
    Соонун чыгарма экен уландвсын кутом авторго ийгилик
    вчера 21:48
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 26 876Фото 21 779Видео 1 626Участники 38 772
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 26 876
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться