Мындан 15 же 20 жыл мурда Орто-Сай базарында базар шыпырган бир киши кечинде базарды шыпырып жатып, бир сумка таап алат. Сумканын ичинде пачка-пачка акча же лотореяга окшош так билбей эле үйүнө алып барып коёт. Ал киши бул акча эмес лоторея болсо керек деп ойлойт.
Ошентип, ал киши сумканы таап алган контейнерге күндө келип карап жүрөт. Бирок ошол контейнер гана ачылбай, дайыма жабык турат. Бир айдан кийин, базарды кечинде шыпырып жатып, баягы контейнерге келсе, ал контейнер ачык турат. Ичинде бир орус киши тескери карап отурган болот.
Анан тиги киши контейнерге кирип:
— Салам, байке, сизден бир нерсе сурайын дедим эле, — десе,
орус байке:
— Э, сурап не кыласың, бар, кетчи, — дейт.
— Байке, бир ай мурда мен ушул контейнерге жөлөнүп турган сумка таап алдым эле. Ичинде акчабы же лотореябы бар экен. Эч кимге көрсөтпөй, квартирага алып барып койдум, — дейт.
Ошондо орус киши эсине келип, тура калып, баягы байкени кучактап, бешенесинен өөп жиберет.
— Чын эле сендеби? Чын эле кайтарып бересиңби? — деп таң кала карайт.
— Ооба, байке, берем, — деп, үйүнө алып барып, сумканы ошол бойдон карматат.
Орус киши сумканы алып текшерсе, баары ошол бойдон толук экен. Көрсө, анын 50 000 долларлык кредити бар экен, ошону төлөйм деп, калганына товар алам деп, 100 000 долларды сумкага салып, контейнерди жаап жатып, сумканы ошол жерде унутуп кетиптир.
Ыраазы болгон орус киши кыргыз байкеге Орто-Сай базарынан толтура товары менен бир контейнерин белек кылат. Азыр ал байке байып кеткен деп айтышат тааныгандар. Орус киши таң калган дейт, азыркы заманда да ушундай жакшы адам бар экен да деген экен.
Ошол кездеги 100,000$ азыркы 1 млн $ болмок. 100,000$ га 10 үй келет эле.
Эгерде сиз ошол акчаны таап алганыңызда эмне кылмаксыз?


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9
Жакшы адамдар коп болсун.
Келиниме жолугуп, баланы чыгарганда керек деп, жууркан издеп Орто-Сай базарына барып, ал жерде жок экен
Ал убакта азыркыдай комплект жок эле
Баарын бирден ар жерден сатып алчубуз.
Анан Детский Мирге барайын деп, бир трелейбуска түштүм.
Мен кирип баратканда алдымда орус аял күйөөсү экөө чоң чаар сумканы араң сүйрөп киришти.
Эл толтура.
Бут коёрго жер жок.
Кыпчылып эле баратсам, бутума бир катуу нерсе урунат. Нары түртөм бутум менен. Болбойт.
Бул эмне деп эптеп эңкейип карасам чоң кошёлок.
Кантип алсам деп ойлоп жатам. Эл кичине копшолгондо эптеп алдым. Колум калтырайт. Буттарым титирейт.
Өзүм дем алалбай калдым. Акчанын сүрү жаман болот экен.
Сыртка чыгып кетейин деп да ойлоп жатам.
Бир убакта ,,чей кошёлок" деп эле кыйкырып жатам десең...иий. Баягы менин алдымда кирген орус аял күйөөсү экөө сүйүнүп эле бирин бири куттуктап, чопулдатып өөп жатат. ,,Оо, господи" дешип.
Ошонтип аларга кошолёкту берип коюп жерге түш...Ещё1994-жылдын 15- декабрь күнү авысыным төрөп, 5-род.домго бардым.
Келиниме жолугуп, баланы чыгарганда керек деп, жууркан издеп Орто-Сай базарына барып, ал жерде жок экен
Ал убакта азыркыдай комплект жок эле
Баарын бирден ар жерден сатып алчубуз.
Анан Детский Мирге барайын деп, бир трелейбуска түштүм.
Мен кирип баратканда алдымда орус аял күйөөсү экөө чоң чаар сумканы араң сүйрөп киришти.
Эл толтура.
Бут коёрго жер жок.
Кыпчылып эле баратсам, бутума бир катуу нерсе урунат. Нары түртөм бутум менен. Болбойт.
Бул эмне деп эптеп эңкейип карасам чоң кошёлок.
Кантип алсам деп ойлоп жатам. Эл кичине копшолгондо эптеп алдым. Колум калтырайт. Буттарым титирейт.
Өзүм дем алалбай калдым. Акчанын сүрү жаман болот экен.
Сыртка чыгып кетейин деп да ойлоп жатам.
Бир убакта ,,чей кошёлок" деп эле кыйкырып жатам десең...иий. Баягы менин алдымда кирген орус аял күйөөсү экөө сүйүнүп эле бирин бири куттуктап, чопулдатып өөп жатат. ,,Оо, господи" дешип.
Ошонтип аларга кошолёкту берип коюп жерге түшүп кеттим. Аялдамага отуруп алып аябай бакырып кудайыма нааразы болгом.
Эмне берип салдым деп
Мага буйрубаптыр да
Мен 1 ай ооруп калгам ошондо.