4-АЯККЫ БӨЛҮМ
Рая эки баласын алып Токмок шаарына жоноп кетти. Ошол кезде Акаев кетип, элдер жерлерди басып алып жаткан кез. Раяга омурундо бир жолу бакыты жылмайып бир жер тилкесине капташып калды. Жер тилкесине капташкыча канча азап чекти. Келе калып эле орун тапкан жок. Нары урунун, бери урунуп жан сактап, кечкисин подземкаларга укташат. Кудай берет деген ушул. Бирок ал жакка там сала калганга кайдагы даяр акча? Ошол жерге мешоктор менен куурчап, чатыр тигип алды. Жай мезгили эмеспи чатыр экени билинбейт. Кулак мээси тынч, бугун тиги келип эмне кылып жиберет деген ой санаа жок. Рая биржага чыгат. Ал жактан бир куну талаага чыгып жер отойт, бир куну бироонун уйун актап, тазалайт. Ал учурда эки кичине баласы да жон отурбай эмгектенип журушту. Ботолко, салафан, макулатура, желим ботолко чогултушат да базарга Рая алпарып откорот. Жегендери нан менен кызанак. Кызанак арзан эмеспи. Калган тапкан акчаны бир тыйынын коротпой чогултуп жатышты. Жай бутуп суук да тушуп калды. Ошондо бир орустун жаман тамын баатирге алып баш калкалап калышты. Кышкысын баягы жайкыдай жумуш жок эмеспи. Бирок Рая анын да айласын таап, бир тигуучу машина сатып алды. Дордойдон арзан мушок сатып алып ошондон кызы экоо баштык тигет. Бозо салат да дукондорго жоо кыдырып дунунон откорот. Ал убакта Турсунга анан жанындагы ботолколош досторуна кудай берди. Уйдо мен оокат дегендин баарын откоруп арак ичет. Кундо майрам, кундо той. Рамиске эле кыйын болду. Эптеп иштемиш болот да жан сактайт. Арадан билинбей бир жыл отуптур. Рая бир аз акча чогулткан. Кудай жалгап жакшы кошуналарга туш келиптир. Жай келеери менен кошуна колон биригип, ашар кылып уйго 2 болмолуу кылып фундамент куюшту. Кызы баштык тигет, баласы кирпич куят, озу темселеп биржага жонойт. Эч кимиси чарчадым деп милдет кылбайт. Тун уйкусу деле коп эмес, ашып кетсе торт саат.
Ошентип кундор ото берди. Кыштын кыраан чилдеси. Ото эле суук болчу. Тоолу райондордо озгочо суук эмеспи. Турсун мас болуп, уйго жетпей эшикке уктап калыптыр. Рамис иштеп жургон. Кеч кирип, кошуна бала чуркап келди. :
-Рамис байке тигил жакта Турсун байке уктап калыптыр. Ойготуп апкелбейсизби?
Арабаны суйроп алып Рамис менен тиги бала келди. Эптеп арабага салып алып уйго жетти. Уйдун ичи кыйратып деле жылуу эмес. Комур, отун алганга Рамистин акчасы жетпей койгон. Экоолоп, улам тынып жатып ордуна жаткырышты. Рамис жини келип таенеси Чынардыкына кетип калды. Анан байкуш эмне кылат? Жанына батып кетсе керек. Андай кундор далай кайталанды. Рая эч кабар билгизбей журо берди. Тытынып иштеп, уй салганга тырышып дегеле жанын жанга уруп бирок сыртынан билгизбейт. Жаз келеери менен жумушун эрте бутуп, балдарына жардам бергенге жанталашып уйго келет. Тердеп кургап тээ алыстан суу ташып, кечкисин ылай чылайт. Бозо салат, май нан, максым жазайт да тан эрте кызы экоо таратып жоношот. Арадан эки жыл откондо эптеп баласы куйган кыш менен дубалын тургузуп, устун шыйпырлап, терезе коюп алды да ошол жерде кыштап чыгышты.
Турсун онолгус аракеч болду . Тан эрте эч ким таттуу уйкудан тура электе, ал дуконго бир чуркап барып спирттен куйдуруп жутуп келген болот. Рамис канча тырышып арагын калтырайын десе да майнап чыкпады. Атасын алаксытып кичинекей СТО ачып, иште десе да болбоду. Рамис да жайына койду. Бир куну оордунан турбай калыптыр. Рамис ойгонуп эле суйунуп кетти, бугун ырас ичпептир деп. Туруп, бети колун жууп чай койду. Атасы дагы деле турбайт. Жакын барып атасын ойготсо кынкыстап эле суйлобойт. Тез жардам чакыртып Турсунду алып кетишти. Турсун тамак ичпей, аракты шыкай бергендиктен ашказанына жара пайда болуп ошол жарылган экен. Даарыланып ооруканадан чыгып келди. Санаалаш достору бир ботолко которуп келип кайра ичирип кетишти. Кайран Рамистин ага короткон акчасы текке гана кетти. Чиркин ушунча кыйналса да арактан конулу калбаптыр. Кыш да кучагын жая кычырап кирип келди. Конгон адат калмак беле? Ичип эле уйго жетпей жолдо калат. Ошондой кундордун биринде баспай калды. Буту какшап ооруйт. Рамис доктур чакырып ооруканага алып барды. Ал жерден тезинен бутун кесиш керек деп Рамистен "бир нерсе болсо доом жок" дедирип тил кат жаздыртып алышты да операцияга алып кирип кетишти. Корсо тиги баатыр жолдо калып жатып, бутун ушукко алдырып жибериптир. Ал акырындык менен ириндеп тизеге жеткен экен. Арактын кучу менен ооруну сезбей журуптур.
Ошентип Турсун бир бутунан ажырап, таяк таянып басып калды. Рая болсо кулак мээси тынч, жаман болсо да оз уйу бар, эки баласы жанында. Бирок баягы Рустамды ойлоп эле тынчы кетет. Озу келет дейин десе Раянын дарегин эч ким билбейт эле. Рая кат жазды. Ал жакка баары жакшы, там салдык, аягына чыгып буткондо биротоло силерди чакырып, тулоо берем деп дарегин жазып почта аркылуу жонотту. Мындан Рамиске эле абдан кыйын болду. Апасынын катын Рамис окуп алып ыйлады. Бирок Рустамдан дайын жок эле. Турсун 2-3ай ичкен жок бирок буту бутконсуп келатканда кайра эле баягы кейпин кийди. Рамистин айласы кетип "эмне болсон ошо бол" деп жайына койду. Аксандап, эки балдакка таянып алып эртен менен тан атпай кетет да тун катып келет. Ошондой кундордун биринде инсульт берди. Эки ай ооруканада жатты. Тили булдуруктап жакшы суйлой албай анан бир капталы иштебей калды. Эми тошоктон турбай жатат. Рамис тамакты кичинекей балага бергендей кашыктап ичирет. Турсун учун азап эле болду. Ошондо козунун жашы чындап эле озунон озу кылган ишине окунгондой куюлат. Арадан беш ай откондон кийин экинчи бутун кестирмей болушту. Себеби бир буту жок адамдардын каны жакшы жугурбой экинчи бутуна да залакасын тийгизет экен. Ооруканадан Турсунду Бишкекке жонотушту себеби алы жок анан да инсульт болгону чатак болду. Ал жактын врачтары коркуп коюшту ондонот. Жол алыс эле. Жолду карай Турсун боздоп, кичине баладай унун чыгарып ыйлады. Анан бир маалда эсине бир нерсе тушту. Раянын каргаганы кулагына жанырып жатты. Турсун Рамиске кайрылып:
-Балам Раянын дарегин билесинби?
-Ооба билем. Эмне болду?
-Каякта жашап журуптур? Балдарды коруп эч болбосо акыркы жолу беттеринен бир ооп алайын. Балким операциядан чыкпай калаттырмын. Раядан да кечирим сурайм.
-...
Рамис тан калып калды. Омуру ыйлабаган атасы ыйлап, кечирим сураганды билбеген неме кечирим сурайм деп жатса чынында эле тан калычтуу болду. Рамис таксини озу жалдаган эле. Атасын кенен отуруп барсын деп. Токмокко келгенде Раянын дарегин издеп журуп аран табышты. Бирок Турсун уйуно кирген жок. Таксини биртке алыс токтотуп коюп ичинде кутуп олтурду. Рамис Раяны чакырганы чуркап кетти. Уйуно барса карындашы эшиктин алдында кир жууп отурган экен. Кушулдоп, бышылдап иниси кыш куюп жатыптыр. Рамисти коруп экоо тен чуркап келип мойнуна асылып калышты. Рая уйдо жок эле. Биржада иштеп жургон. Кеч киргенче Раяны кутушту. Турсунга Болот менен Айгерим качып эле барбай коюшту. Турсун машинада отуруп кылган иштерине окунуп ичтен сызып олтурган. Бир маалда тааныш караанды коруп, энеси эркек туугандай суйунуп кетти. Ал караан Рая эле. Рая уйго кирип Рамисти коруп ыйлап жиберди.
-Ий балам кандайсын? Ден-соолугун жакшыбы? Сен кайдан бул жерде?
-Атамды Бишкекке операция кылдыртканы алып баратам. Мам ал эшикте машинада сизди кутуп олтурат.
-Эмне болго операция?
Рая андан кабары жок эле. Рамис баарын айтып берди.
-Суйлошчу созум бар дейт.
-Мен аны менен суйлошчу созум жок балам. Ал мен учун олгон адам. Айтып бар ошентип.
-Мама суранам биз учун акыркы жолу аны угуп койчу. Балким операциядан чыкпай да калышы мумкун..
-Балам 21жыл жашадык. Ошонун бир да куну андан жылуу соз укпадым. Кантип азыр барып ошонун бетин карайм? Айтчы?
-Апа суранам. Акыркы созун угуп эле койчу. Башкасын сурабайм.
Рамис жалынып жалбарып жатып Раяны кондурду. Экоо машинага келишти. Арткы эшиктен Турсун эшикти ачып бирок озу тушо албай койду. Рая аны жутуп жиберчудой карап турду. Рамис жанталашып атасын жерге тушурду. Бир бутунун жарымы жок, бир капталы иштебеген, тили булдуруктап аран суйлогон жанды коруп деле Раянын боору оорубады. Тек гана ал адамды биринчи коруп жаткандай тура берди. Машинанын эшигине сойонуп, эки балдакка таянып аран ордуна турду да Раяны жалтактап бир карап алды. Раяга ал аянычтуу коз караш тааныш эле. Анткени Рая да бир кездерде андан корккондо ошентип карай калчу. Рая Турсунду карап баарын эстеди да артын карай баса бергенде, ушунчалык жек коргон ун чыкты:
-Рая токтой турчу.
-...
-Мени кечир Рая! Бактымды бар кезинде сезбепмин. Кечир! Тагдырына мен балта чаптым. Куноомду билип турсам да бир да кечирим сурабадым...
Мукактанып ыйлап жатты.
-Кетип жатканда сага айткам "келесин" деп "келмек тургай ал жонундо ойлонбойм" дегенсин. Эмичи? Эмнеге келдин? Убалым кое бербей жатабы? Же сен сабаганда менин денем сезген ооруну сезип жатасынбы ыя?
-... Билем убалына калдым. Сездим, итчилик кылдым. Кечирилгис куноом бар. Бирок олоорумду сезип жатам эч болбосо кечирдим деп айтып койчу. Жайыма тынч барайын...суранам Рая.
-Мен сени эч качан кечирбейм. Сен учун мен темселеп балдарым менен талаада калгам. Сен учун Рустамымдан тируулой айрылгам. Олсон оло бер! Балдарым учун барып комуп коем. Эми кет, козумо корунбо!
-...
Турсун жерге кулап тушту. Чогологонго аракет кылып коет бирок буту какшатып ооруп жатып калды. Рамис колунан кармап тургузса тура албайт. Рая болсо мойнунан бир таш тушкондой женилдеп, муздак желге бетин тозуп, уйун коздой баса берди.
Операция ийгиликтуу отту. Бирок Турсун озун таштап койду. Уч ай отуп бул дунуйп менен кош айтышып кете берди. Элдердикиндей боз уй тигилген жок. Бир кой союп жерге беришти. Рая кара кийбей койду. Коноктордун катарында эле отурду бир да козунун жашын агызбады. Азыркы тапта Токмок шаарында турушат. Уй-булосу менен намазга жыгылышат. Рамис менен Рустам намазга жыгылган кыздарга уйлонушкон. Кызы Айгерим да турмушка чыгып 2 баланын энеси. Болот шаардагы ЖОЖдордун биринде окуйт. Рая эже озу келиндин ысык чайын ичип тордо отурган кези. Чынар апа чоборолору менен алек. Сабыр менен Токуш да оо дуйного кетишкен. Жапардын 2 эркек, 2 кызы бар. Динардын да 4 баласы бар. Баары бактылуу омур суруп жатышат.
АЯГЫ.
Урматтуу окурмандар чыгарма кызыктуу болсо комментарий жазып класс басып колдоп кетиңиздер...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10