Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

вчера 23:16

ОН БИРИНЧИ БӨЛҮМ

ТАКТЫН ЖАҢЫ ЭЭСИ – МАЛА ХАН
АБДЫКЕРИМ МУРАТОВДУН «АЛЫМБЕК ДАТКАНЫН АРМАНЫ» РОМАНЫНАН
Алымбек айткандай эле Шералынын катындарынын балдары бири-бири менен тытышканын койбоду. Чептерди коруй турган сыпайлар кызмат кылуудан качып, салыктар дыйкандарды муунтуп, не бир кайракы да, суулуу да жерлер кысыр калды.
Баарынан да Мусулманкулдан азат болгон Кудаяр хан бир жагы бийлигин туш тараптан тиреп туруу, экинчи жагынан апасынынын көңүлүн көтөрүү үчүн бир туугандарына кызмат бөлүштүрүп кирди: Малабекти Ташкенге, Сопубекти Анжианга, Муратбек Султанды Маргаланга бек кылды, үч жер тең хандыктын жүрөгүнө күрөө тамырдай кан берип турган аймактар катары маанилүү эле. Авал Касымды, анан анын ордуна Шадман кожону миңбашы кылып алды. Булар Мусурманкулдун куйруктарын биротоло тегирменден чыккан ундай кылышы керек эле...
***
Ушул кезде падышалык Орусиянын жутунган аскерлери Борбор Азияны тебелеп келе жатты.
Миң сегиз жүз элүү үчүнчү жылда орус генералы Перовский Кокон хандыгына караштуу Ташкен ылдыйында турган Сыр-Дарыя боюндагы Ак-Мечит чебин басып алып, хандыктын ичегиси суурулгандай болот. Василий Алексеевич ушундан он үч жыл мурда Кыйбага жүрүш кылып, максаты орундалбай кеги ичинде кеткен. Наполен менен согуштун чечүүчү жайы болгон Бородин урушуна катышып француздардын огунан оң колунан ажыраган бул киши ушул мертебе Оренбург корпусунун генерал-адъютанты катары Ак-Мечитке чабуул коюп кирди. Обер-квартимейстер Бларамбергердин корпусу жакшы куралданган төрт жүз жетимиш аскери менен келип, Ак-Мечиттин сырт капкаларын ачып, чепти талкалап киргени менен ички коргондон өтө албай айлалары кетти. Ошол кезде урал казактарынан, орус жөө аскерлеринен, замбирекчилер менен дагы кошумча кол келип, август ортолорунда чепке толук ээлик кылды. Шадман кожонун жети миң сарбазы орус аскерлерине туруштук бере албады. Акыры сарбаздар бирөө таш менен урганда чачыраган ылайдай туш келди чачырып кача берди...
Ак-Мечитти ээлөө менен Падышалык Орусия Олуя-Ата, Чүй жактарга жол ачып алды. Тээ Петр шаарында ак сарайда отурган Ак Падыша өзү лавазым кылганын орундап Ак-Мечитти Василий Алексеевич Перовскийдин урматына Форт-Перовск деп атоого буйрук чыгарды.
***
Дубанханада бул окуя катуу талкууга алынып, сарайдагылар жаакташып жатты.
-Чептин алынышынын себеби неде? – деди ачууланган Кудаяр хан.
Дубан мүчөлөрүнө чептен качып келген кол башчылар бир-берден сурак берди:
-Сарбаздар бизде аз болуп калды, - деди бири.
- Орустардын курал-жарагы өтө күчтүү экен, - деди экинчиси.
-Хандык сыпайларды карабай койду, көбү ач бойдон согушту. – Дагы бирөө акырын үн катты.
Ошентип талкуулап отуруп, дубандагылар эң негизги айыпкер катары Ак-Мечитке кол курап бара койбогон Ташкен бегин табышты. Ал жердин беги болсо Кудаяр хандын бир тууганы, андан үч жашка улуу Шералы менен Сонайымдын уулу Малла бек да. Кыргыздар Малабек деп коюшчу. Чынчыны ал Кокон ханынан уруксатнаама келмейинче пурсат аңдып гана отурмак, аскерлерин баштап Ак-Мечитке жардамга бара алмак эмес. Барганда да ким билет, орус аскерлери аны эле оңдурмак беле?..
Ал арада Ташкендин жака-белиндеги казактар Кокон бийлигине акаарат айтып, сарбаздардын буйругун укпай, акыры курал кармап адамдарды өлтүрүп, хандыктын жерлерин өрттөп кирет. Мунун себебин дыкат териштирген Малабек айыптуу катары ошол жердин беги Мырза Ахмедди жазалоо үчүн Коконго – Кудаяр хандын өзүнө жиберет. Агасы Малабектин бул ишин тоотпогон Кудаяр Мырза Ахмедди кызматтан алмак түгүл, миңбашылык лавазымга коюп, вазийпасын көтөрүп салат.
Буга ачууланган Малабек хан ордого чакыртпай эле өзү басып келет. Агасына опурулду. Агасы – ага, үкөсү хан болсо да – үкө. Экөө бири-бирин «сен ким элең» деп кыйкырышып отуруп, хан сарайда кыйла галба көтөрдү. Малабек «тойдумун» айтып үкөсүнүн алдынан терс бурулуп чыгып кетти.
Бир туугандарды жараштырабыз деп Малабек менен бир ата-бир энеден Сопубек аракет кылды – болбоду, Кудаярдан апасы, Малабектин өгөй апасы Жаркынайым аракет кылды – болбоду. Кудаяр макул деди. Малабек көнбөй атты. Кудаярдын таклиби менен ордонун имамы Азирети муфтий арага түштү. Көгөргөн көкбет ага кадырлуу ажыкеге да аний дебеди.
Дөңгөчкө шынаа улам арылап кире берген сайын жарака чоңоё бергендей экөөнүн жаракасы шынаалардын айынан биротоло ажырап кетти.
Кудаяр ханга болсо бири кирип, «Малабек кол курап сизге согушканы келе жатат» десе, бири «Мына Малабек келип калды» деп отуруп анын үшүн алып, кегин кайнатты. Кол жибермек болду. Алдына келгиче кол куушуруп отура бермек беле?
***
Хандын Ташкенге Малабек бир тууганына каршы жүрүшкө төрт жүз атактуу саркардалары даяр турду, саркардалардын ар биринин кырк миңден сексен миңге чейинки лашкерлери бар эле.
***
Кудаяр хандын лашкерлери тизгин жыйбай жер түтөткөн кол менен Ташкенге кирип барды. Бир дарбазаны Мухаммет Ныязбек кырк миң лашкери менен ачып алды, экинчи дарбазаны Каусбек талкалады, үчүнчү дарбазадан Кудаяр хан өзү баш болуп, сексен миң колу менен чабуул койду. Бир жагынан ханзаада Султан Муратбек, дагы бир жактарынан Мухаммед Назарбек, Жолчубек лашкер башы, Абдыкаар лашкер башы, Сарымсак датка керней-сурналары менен кирип барганда ташкендиктер көркалардай ийиндерине кирип, анда-санда дарчаларынан баш бага карап коюп атты.
Малабекти качырышты. Беш гана жигити менен суудан сүзүп өтүп, Букарга карап качты.
Букарга хан уулунун келгенин уккан эмир өз сарайына чакырып, пулдуу кызмат берди, ал гана эмес Султан Махмудхандын кызына да никелеп үй-бүлөөлүү кылды.
Неси болсо да Малабек Кокондон алыс кетти...
***
Малабек Букарда тынч жата бербей, эми жерме-жер, элме-эл кыдырып инисин тактан оодарууга мадат болуп бергиле, мен баштайм, силер артымда турасыңар деп Өзгөн, Анжиан, Маргалан, Араван, Ош, Кара-Суу, Созок, Ноокат жактарда жүрдү. Ал өзүнүн кыргыздыгын кайра-кайра айтып тоо тараптарга, кыргыз-кыпчак арасына барып, колдогондорду издеп атты...
***
Анжиан беги Сопубектин булардыкына келе жатканын Курманжан Оштон келген чабармандан укту:
-Неге келет экен, билдиңби? – деди Курманжан чочулап кабарчыга.
Бирок неге келе жатканын эне жүрөгү менен боолголоп турду. Жөн эмес деди. Мурда дале Алайга куш салабыз, аңчылык кылабыз деп жигиттери менен келип турчу. Анда алар кырк күн мурда кабар кылчу. Азыр дароо эле жөнөп калыптыр. Алымбек болсо го, баарын өзү бүтүрөр эле, ал да соода иштеринен кабар алганы Жети шаарды кыдырып кеткен. Бир чети Анжиан беги, бир чети шахзаада, бир чети ысык ымалалаш Сонайымдын уулу келе жатса, не демек, даярдык көрө баштады. Сопубектин өзүнө чоң өргөө, жигиттерине деп дагы төрт өргөө тиктирди да, ичин жасалгалап, күн сайын ысыктап эт тарууга, кемегелер казылып, казандар саздалды, союштар Чыйырчыкка Чоң-Алайдан, Мургабдан алып келинди.
Жигиттер сыйлуу коноктордун алдынан чыгып белге илеше берген жерге чейин көк бөрү тартып барды.
Ошол жерден алар Сопубектин жанында дагы бир ханзаада Малабек бар экенин баамдашты.
-Ырахмат! Ырахмат! – деп мурдагы хандын уулдары, азыркы хандын бир туугандары кокон тыйынын аябай улакчы жигиттерге берип жүрдү.
Шахзаадалардын төрт төөгө артылган белек-бечкектери да бар экен.
-О, келгиле, шахзаадалар, келгиле... – Курманжан аларды Чыйырчыктын белиндеги боз үйлөрдүн башталышынан тосуп алып, бүбүлөргө ысырык салдырды, кырма кесеге толтуруп суу алып келдирип, баштарынан айландырып, ага түкүртүп ырымдап ары чачып койду. Таластагы күндөрүн эстеген экөө буларды абдан сүйүнө аткарды.
-Жүрүңүздөр, эми атабыздын алдына кирели.
Алар Асан ажынын ак өргөөсүнө киргенде бир кездеги бий, Алымбектин атасы Асан аксакал төшөк тартып жаткан. Оңойбу анан, жүз таяп калган киши.
Кол алышып учурашкан Сопубекке кыйла тигиле карап:
-О, Анжиандын акими, келбей койдуң го? Келип турсаң? – деди.
Малабекке кол берип жатканда:
-Сени тааныбадым го, балам... – деп ойлонуп туруп калды.
-Малабек. Менин бир тууганым! – деди Сопубек.
-Оой. Эки хандын бир келгени оомат эмей, эмне... Оомат да... Курманжан шахзаадаларга өз колуң менен кымыз куюп кел! – Асан ажы меймандарга дыкат караганы менен тунарган көздөрү алардын жүздөрүн ажыратууга жарар эмес.
Курманжан Шералы хандын балдарына кымыз куюп келди. Сарпайы деп алдыларына сүлөөсүн ичик коюлду, баштарына көк манат тыш, дубайнасынын ортосуна төө жүнү салынып шырылган, төбөсүнө чок тагылган кундуз тебетей кийгизди.
Хан балдары да ала келген сарпайларын Курманжанга берип, Асан ажыга деген хан чепкенин кийгизип, сөлдүрөгөн шалдырак денесин бото кур менен бекемдеп салды.
-Биздин келгенибиз мындай, ата, - дешти Шералынын балдары эт желип бүткөн соң. – Айтпасак болбой калды, бир тууганыбыз Кудаяр Кокон хандыгын талкаламак болду, калк жегенге нан таппай калса да, элдин ырыскысына кол салуудан тажабайт. Бир туугандарды бири-бири менен кайраштырып бүттү. Нүзүп атабыздын, Мусурманкулдун убагындай тартип жок. Бири ары тартат, бири бери тартат. Хандык казына сыпайларды багууга да жарабай, бош калды.
-Угуп атам, балдарым. Бир жагынан орус келе жатат дешет, Ак-Мечитти каапырлардын колуна салып берди бир тууганыңар. Орус бир кирген жеринен чыкпаган ажыдаар, түрктөр менен канча согушту, азыр дале урушту токтотпой келе жатат. Алар Коконду басып алып, анан Кашкарга өтөт, Ындыстанга өтөт, Кабылга өтөт. Ошондо биз саздын үстүнө коюп койгон, аскери үстүнөн басып баткакка батырган кыйылган карагайга айланабыз. – Асан ажы ойлонуп калды. Карыганга карабай акыл-эси жайында экен. – Тилеке атабыз да, Ажыбек атабыз да, өзүмдүн Шаамырза атам да эл тоюнса экен, күн төбөдөн тийсе экен, уруш токтосо экен деп жүрүп эки көзү төрт болуп өттү. Эми эмне кылалы дейсиңер? Хандык өз колуңарда. Силер Коконго тоодон түшүп келген мейман элсиңер, меймандык бүтүп эми кайра тооңорго чыгып кетпейсиңерби?
Асан ажынын бул сөздөрүн экөө эки кыл түшүндү. Сопубек бул айтылгандардан силер эми кайра Таласка качып кеткениңер дурус го деген маанини туюнду. Малабек болсо мейман болуп жүрө бербей Коконго найман болушуңар керек деп түшүндү.
-Алла өзү не кылса, биз бир пенделербиз, - деди Сопубек.
-Жоо-к, ата, биз кошоматчылары Азирети хан атабыз деп пир тутуп алышкан Кудаярды тактан кулатабыз!
-Дагыбы? Дагы хан алмаштырасыңарбы? – Асан ажынын чай чыны кармаган колдору дагы көбүрөөк калтырып кетти. Жанында карап турган жигит анын колдорун ушалап оозуна чайын алып барды. – Билбейм... Балдарым, билбейм...
Анан бир аз өзүнө келген Асан ажы келини Курманжанды чакыртты.
-Алымбек качан келет, кызым? – деди.
-Билбейм, ата, Кашкардан ары ичкерилеп кеткен бейм. Келип калар, - деп ыйба кыла туруп калды.
-Шахзаадалар ханды алмаштырабыз дешет го... – Асан ажы масылатчы келининен жооп күтө карады.
Курманжан бир аз ачуулана да, керкакшык да:
-Билбейм, ата. Не кылса да так өздөрүнүкү да, тоодон ала келишкен, - деп койду.
Шахзаадалар Алымбектин акылман аялы булардын ишин жактырбай жатканын түшүндү.
-Булардын бул келгени Алымбектен жардам сураганы да, ал жардам береби, кандай дейт? – Оор абалда соболун ортого таштап коюп Асан ажы тынып калды.
-Билбейм, ата, бегиңиз тынч эле Оштон ары өтпөй Алай менен Кашкарда жүрө берсе жакшы болор эле. Эми өзү билер... Келгенде сүйлөшөрсүздөр...
-Илгери бир хандыкта эки эгиз бир тууган болуптур, - деп акырын, салмак менен сөз айта баштады Асан ажы, - аттары Келдибек жана Кеттибек экен. Бала кезде эгиздер өтө ынак болуптур. Бир күнү эле Кеттибек жоголуп кетиптир. Башка хандыктын адамдары уурдап кеткен сыяктуу. Келдибек бир тууганын издеп барбаган жери калбайт. Жылдар өтүп, экөө тең орто жаштарга барган кезде башка бир падышачылыкта эгизинин пайын издеп жүрүп, Келдибек жинаят кылып коёт да, аны өлүм жазасына буйрат казылар. Караңгы жайга жигиттер алып кирип баталгага башын койдуруп чыгып кетет. Бети-башы чүмбөттөлгөн желдет айбалтасын көтөрүп:
-Оп, па! – дейт экен.
Бул ар дайым бир иш баштарда айта турган Кеттибектин сөзү.
-Кеттибек! – Көзү ала-чакмак болуп, таңылуу колдорун артына алып, баталгага баш коюп жаткан Келдибек кыйкырып ийет. Балтасын өйдө көтөргөн тейде Кеттибек туруп калат. – Ушул беле сенин жумушуң! Мындай иш биздин хандыкта дале бар эле го.
-Ал хандыкта баары менин таанып, «желдет» дешип, балдарымды бүт «желдет» дешип калмак! – дейт да Кеттибек отун жаргандай балтасын шилейт.
Ушул бир тууганы үчүн эчен азаптарды көргөн Келдибектин башы бир жакта, денеси бир жакта жатып калат.
«Эл оозунда элек жок», азырга чейин Келдибек менен Кеттибектен тарагандардын баарын атынан айтпай «Желдет» дешет.
Асан ажынын бул кебине дагы нени айтар экен деп кулак түрүп калышат.
-Анын сыңары силердин атаңар Шералынын бир пайдасы миң тукумун Коконго улап берди, көп балалуу болду. Балалуу болушта эле эмес экен, кандай балалуу болушта экен. Баталгыда башы жаткан бир тууганын куткара албаган бир тууган да бир тууганбы?.. Азиреил менен дос болсоң – сенин жаныңды алат, колунда жок адам менен дос болсоң – сени курмандыкка чалат, балдар...
***
Малабек менен Сопубек Алайда Алымбекти күткөн болуп, бир аптадай жүрүп калды. Өздөрүнүн кантип бийликке жетерин бийик жерде туруп масилатташты. Асан ажыга кайра-кайра айта берип, кары кишинин мазасын да алды. Баталуу аксакал киши ханга каршы жүрүш кылсаңар кылгыла, бирок жабырыңарды кара калкка тийгизе көрбөгүлө деп дуба да кылып ийди.
Бул карбаластап келгендерге кайын атасынын бата бергенин угуп Курманжан ээрдин кырча тиштенди...
***
Хандын бир туугандары Алайдан Ошко кете берди.
Алымбек булардын келгенин укканда көңүлдөнбөй:
-Атамдын бата берип ийгенин кара... Өзүм болгондо... – деп андан аркысын ачык айта албай туруп калды Курманжанга.
***
Малабек Кокондо хан ордодо, Ташкенде жүрүп бир карасаң өзбекче аралаштырып сүйлөп, бейкасам чапан кийин, бардык нерседен этияттанып, бир карасаң, укуругун улам алдыга сунуп коюп тоодо жылкыларды желеге кууп бараткан эле шашма жигит.
Оштогу Алымбектин идарасынын алдына алты катар кароол коюп, калаанын ар-ар жеринде кербен сарайларда жаткан Сейитбек, Молдокасым, Өтөмбай деген эски бектер бир-берден чубалып кире баштады.
Малабекти ээрчип жүргөн Анжиан беги Сопубек бул оюнга катышпаймын деп, катардан чыгып, Оштон кете берди.
-Төргө чыгыңыз, мехман? – Алымбек Малабекти өзүнүн төрдөгү ордуна таклиб кылды.
-Жоо. Жоо, өзүңүз отуруңуз. Оер сиздин жай... – Хан агасы төргө өтүүгө ынабады.
Бешөө ханды ордодон кууп чыгышты кантип, кайдан баштап, не менен бүтүрүштү сүйлөшүп атты.
Буларды кебине ичи жылыган Малабек өзүнүн бир тууганы Кудаярды өлтүрүп, такка отуруп таажы кийгенин элестеп туруп:
-Алла буйруп, мен Кокондун ханы болсом, сиз Алымбек датка башкы увазир болосуз да, менде кандай хукуктар босо, аммасини сизге ям берем. Сейитбек датка, сизди Коженге хаким этерман. Молдокасым таксырды Ноо чебине коём. Өтөмбай аксакалды болсо Ташкенге бек кылам. Болдубу? Дагы кишилериңер болсо айтарсыңар, миңбашылар, паңсаттар, удайчылар – амаси жаңыланат.
Ак-Бууранын боюнда ак боз бээ союлду. Нан кармашты. Касам ичилди...
***
Мады чеби. Мунарыктап Баргана өрөөнү да, Алай тоолору жак да элет-элет көрүнөт. Эми эле жакшы иштер башталарда Кокон жактан дагы бир кара кабар келе калат да, ушинтип эл чогултууга туура келет.
Бир кезде Мусурманкулга каршы аттанган топ эми Кудаяр ханга каршы аттанганы туру.
Малабек менен Алымбек караламан ортосуна чыгып, хандыктын чирий баштаганын, башка диндеги, башка тилдеги орус аскерлери алдынан чыкканды мойсоп келе жатканын, Ак-Мечитти каапырлар ордосуна айландырганын айтып, эртерээк аракет кылбаса болбой турганын айтып, аны үчүн Малабекти такка отургузуу зарылдыгына кебин оодарды.
Бул топ калың кол менен ызы-чуу түшүргөн бойдон карапайым элге тийбей барып, Анжиан, Асаке, Шаарканды ээлемек болду.
***
Жыйын кийинки күнү ичкилик кыргыздары менен Испайрам дайра боюндагы Үч-Коргондо терек бак ичинде дагы уланды. Даарат алып келген сакал-мурутчан жигиттер азыр эле Коконго кирип барчудай демденип, «Аллоху акбар», «Аллоху акбар», «Аллоху акбар» деп дара ичин жаңыртты.
-Биздин хан Кудаяр эмес, биздин хан Мала хан!
-Биздин хан Алымбек!
Ар кыл үндөр эл арасынан чыгып атты.
Булар эки дайра бойлоп жүрүп Баргананы ээлеп, Маргалаңга өтмөй болду.
***
Мады менен Үч-Коргондогу топ суудай агылып барып, Барганадан кошулуп, асман дүңгүрөтүп, жер оодарып, Маргалаңга жакын Самгар Саманчы деген кашкар кыштакта Кудаяр хандын сыпайлары менен бетме-бет келди.
Бул миң сегиз жүз элүү сегизинчи жыл эле.
***
Каракомок кумурскалардай көп адамды кара жер майышып көтөрө албай турду. Эки жак тең агылып келип, биринин аткан огу экинчи жагына тие тургандай жерге келгенде тык токтоду.
Кокондуктар орустарды туурап биринчи сапка тез атар мылтык кармаган миң кишини коюптур. Миң киши бир сап, дагы миң киши экинчи сап, ошентип он сап. Андан соң арабалар беш замбиректи сүйрөп жүрөт. Артыларынан дагы миң-миңден он сап сыпайлар ат үстүнө кылычтары менен найзаларын жаркылдатат.
Азыр эми согуш мурдагыдай эмес, паланың чыккыла, найзакериң чыккыла, жекеме-жеке деп отурбайт. Кулак угуп, көз көрбөгөн уруш башталат. Сарт бешимде эки жактан тең керней-сурнай тартылып, добулбас урулуп, кылычтар карсылдап, айбалталар чака-чак тийишип, найзалар адамдарды илип алып, аса таяктардан үн чыгып кысыр калган талаа кыямат талаага айланды. Замбиректер топ атып, топтору аттарды үркүтүп, аттар өлгөн ээлерин сүйрөп качып акыл албас бир нерсе болуп жатты.
Көктө жай учуп бараткан ителги жерде бараткан жемин көргөндө ушундай бир шукшурулат деңиз, түйүнчөк болуп катып, ыргыткан таштай тызылдап баратып, жолунан чыккан майда парандаларды: пактектерди, каптарларды, чымчыктарды тээп-тээп түшүрүп, акыры ала турган жаныбардын бетине тебет. Кыргыз колу да ошондой экен, ителгидей алдынан чыкканды жыгып өтүп, чарчабай согушуп атыр.
Кокон сыпайларынын арасын «Алымбек өзү кол баштап жүрүптүр», «Алды жакта Алай бүркүттөрү» экен деген сөздөр аралады. Бул сыпайлардын көбү Мусулманкулдун аскерлери болуп, Алымбектин Мусурманкул менен согушканын өз көздөрү менен көргөн, датканын сүрү менен кылыч кармаганынан корккон алар уруштан эптеп чыгып кетүүнүн амалын кылды.
Бир убакта эле суунун аркы өйүзүндө кокондуктар көтөрүлүшчүлөрдү сүрүп эле келе жатканы көзгө чалдыкты.
Алымбек дүрбүнү Малабекке берди:
-Өйүздө биздин кол сүрүлүп калды го!
Малабек дүрбү менен ошол жакты карап туруп, жийиркене айтты:
-Кол башында Кудаяр өзү экен, арга кеткенде хан коргоочуларын алып чыгат, ошолор чыккан экен!
Алымбек дүрбүнү кайра алды: чалмасын улам-улам оңдоп коюп, алтындалган хан чапанын байлаган бото курун бошотуп, жаанда жок тоодой атын камчылап артындагыларга кылычы менен алдын көрсөтүп атыптыр өкүмдар өзү.
-Анда мен «Алай колунун» бир бөлүгүн ошол жакка алайын! – Алымбек Малабекке ылтымас кылды.
-Ошентиңиз, датка!
Алымбек «Алай колун» доолдоп чакырды.
Кол бир азда топтоло калды.
-Суудан аттар менен сүзүп аркы өйүзгө өткүлө! – деди ал жигит башчыларына.
Алымбектин миңдей жигити ат-маты менен сууга салып ийди. Аттары куду эле өрдөктөрдөй сүзүп барат. Акканы акты, акпаганы аркы өйүзгө чыгары менен Кокон лашкерлерине ат койду. Кылычтар карсылдап, замбиректер дүңкүлдөп, үзөңгүлөр кагышып, асманга чаң көтөрүлдү.
Каш карайганда добул кагылып, эки жаат тең артына кайтып, урушту токтотту.
***
Саар менен кайра куду кечээгидей кыямат уруш башталды. Түндөп Кокон колундагы кыпчактар топ-топ болуп алып качып кетиптир, алар Мусулманкулду өлтүрткөнү, кыпчактарды кырганы үчүн Кудаяр ханга кекенип жүргөн.
Сүйлөшөлү деп Касым миңбашынын да, Шадман миңбашы кожонун да киши жибергенин Малабек да, Алымбек да тоотуп койбоду. «Ушунча жыл такта отурду, эми мага берсин тагын» деди Малабек корсулдап.
Эки жактан тең баштар шылынып, колу-буттар ыргып чабылып, аңыз өлүккө толуп, адам каны забын болду. Таман коёр жер жок, баары жокто – өлүк. «Аттын өлүмү – иттин майрамы» болуп калкажырлар менен иттер басып кетти жаң болгон аңызды.
Ошол кезде Малабектин Коконго жеңиш менен келе жатканын уккан ордодогулар да бири менен бири айтышып, урушуп, жаңы хан келсе, кабыл алууга ичтен даяр турду...
***
Шам аралаш Кокон лашкерлеринин арасынан бир чоң топ үзүлүп, бөлүнүп камыштарды аралап, саздарга тыгылып Кожент жолуна түштү. Булар Кудаяр хан, Мырза-Ахмет миңбашы, Шадман Урак кожо миңбашы эле. Ар-ар жерде хандын удайчылары этияты-шарт деп элден коруп барат.
Эки күн мурда дагы эки шахзаада – Султан Мурад менен Сопубек Букарга өтө качкан эле.
Булардын кеткенин кол ичинен көпчүлүк баамдабай дале калды, миңбашылар, жүзбашылар, онбашылар баягыдай эле лашкерлерге буйрук берип жүрдү.
Көтөрүлүшчүлөр хандын качып кеткенин угары менен Малабек:
-Артынан куугун жиберели! Алар Букарга – эмир Насуруллага кетти болушу керек! – деди.
-Кайда кетсе, ошол жакка кетсин! Сизге алтын так бошосо болду да! – деп Алымбек айтып алып адатынча жеңшти майрамдагандай тоо жаңырткан күлкүсүн чыгарды.
-Жоок, даткам! Менден мурда Шералынын башка балдарынын бири отуруп албасын такка! – Малабек кооптонуп турду.
-Анда колдун бир бөлүгүн сиз экөөбүз баштап Коконго жөнөйлү!
***
-Малабек хан!
-Малла хан!
-Кимдин кимдин заманы? Малабек Сейид Багадур Магомет Малахандын заманы!
Ушундай кыйкырыктар менен кол Коконго кирип барды. Коконду жыйырма күн камоого алды. Акыры бардык он эки дарбазасы ачылып, ичинен аябай куралданган сарбаздар чыгып, хандын лашкерлери кыргыздарды болушунча кырды. Чепти айланта казылган арыктар өлүктөргө толду. Акыры жулунган, жаалданган кыргыз-кыпчактар хан ордого кирип барды. Хан тагы бош экен. Салт боюнча ханды ак кийизге отургузду, кийиздин бир бурчун Алымбек, бир бурчун Кыдырбек, бир бурчун Сейитбек, дагы бир бурчун Полотбек кармады. Баары кыргыздар. Баары элеттен элди баштап түшүп келгендер. Ак кийизге Малабекти салып алып, жети айланып көтөрүп барып «Биссимылда» деп такка отургузушту.
***
Мала хан өзүн такка отургузгандарга сый көрсөттү. Алымбекти миңбашы кылып, башкы увазир кызматындагы адам колдонгон укуктарды колдоносуз дегени менен мындай укуктарды толук берүүдөн бир аз-бир аз коркуп турду. Анан аны үйрөнүшкөн жери деп Анжианга бектикке жиберди. Сейитбекти Коженге, Молдо Касымды Ноо чебине колбашчы, Өтөмбайды Ташкенге бек кылды. Анжиан бектиги бир кыйладан кийин Сарымсактын баласы Шамуратбекке керек болуп калып, Алымбекти Наманганга парваначы лавазымына оодарды.
Кокон бийлиги кыргыз-кыпчактардын колуна өтүп, Малабек эми чындап Таластан келгендеги Шералы атасындай болуп эгин четине коюлган каракчыга окшоп турду.
***
Наманганга парваначы болуп келгенде Алымбек мындан он эки жыл мурдагы бир окуяны эстеди.
Бир күнү Кетмен-Төбөдөн бир топ киши келиптир парваначынын алдына. «Сиздин туугандарыңыз экен» дешти эшик кайтарып тургандар. «Кирсин» деди Алымбек.
«Сиздин туугандарыңыз экен» дегенде эле Алымбек кетмен-төбөлүк сарттар келиптир деп түшүнүп, ордунан туруп, эшикке чейин басып барды. Туугандар келсе, идарасында отуруп алмак беле? Молдо Кыргыз медресесинин жанындагы бөдөнөлөр башкача бир сайрап турган чайканага барышты. Ал-жай сурашты. Кой майына басылган палоо желип бүтүп, баары замдап көк чайга кол сунуп атканда сарттардын куртка тукумунан келишкенин, Кетмен-Төбөдө бир атанын балдары менен жети атанын балдары каршылашып жатканын, бир ата уруусунун байы Нарбото уулу Рыскулбек балдары менен биригип алып, Тытты, Терек, Сөгөт деген жерлерден сарттарды айдап чыкканын, аш-тойлордо сарттарды келгинсинтип кемсинтишерин, жакшы малы гана эмес, дурус ити, тайганы болсо да тартып алып аткандарын айтышты.
Арманын бирде Айылчы айтса, бирде Жайыл айтып, дагы башкалары кошулуп төгүлүп-чачылды. Адигиненин бир баласынан баргылар тараса, бир баласы ушул сарттардын аталары. Анан алардын сөзүн кантип укпай койсун Алымбек баргы баласы.
Ошол кезде Кокондон сарбаздар Кетмен-Төбөгө жетип барып, Алымбек айткандай Рыскулбектин айласын кетирип, аны абакка алып кетишмек болгондо жети атанын балдары менен бир атанын балдары элдешип, Жайылды өз уруусуна – сарттарга бий кылып келишет. Мындан кийин сарттардан алынган өлпөң, көтбаштык деген салыктар Рыскулбектерге же ордого кетпей, сарттардын өз бийинде кала турган болгон.
Ошол туугандарына бир барып келиши керек эле. Рыскулбектин да көзү өтүп, бий болуп уулу Дыйканбай келгенден кийин дагы бир сүр көрсөтүп кайтыш анын тууган катары милдети да...
***
Дал ушул учурда Кокон хандыгын көздөй ага азезилдей ажал болуп бир коркунуч келе жатты. Ал Падышалык Орусиянын Кокон хандыгын талкалап, жерлерин басып алып, тарыхтан биротоло жок кылуу аракети эле. Муну Малабек хан да, Алымбек башкы увазир да түшүнүп атты. Алымбек Намангандан Анжианга, Ошко тез-тез каттап ар кандай урушка кире турган «Алай колун» кеңейтип «Анжиан колун» даярдоо менен убара. Хан талаштан, ички кыргындардан эл ичи бой жеткен жигиттердин суюлуп калган. Ысык-Көл менен Нарындагы кыргыз урууларынын бир тарабы орустарга ыктап турса, бир тарабы Коконду колдоп турду. Ушул арада Кокон хандыгы Орус падышачылыгы менен жакшы мамиледе туралы деп кат жолдоду, бирок ал кат Ак Паашанын өзүнө түгүл, жакын жердеги төбөлдөрүнө дале жетпей калды.
Бир жагынан Букарга качкан Кудаяр хан жана анын тарапташтары Коконго басып кирүүгө камылга көрүп аткан. Чүйгө орус армиясы кирип келе жатканда Кара-Коңузда Бишбек чебинин наиби Атабек датка баштаган солтолордун беш жүздөй кишиси аларды талкалап салды. Орус аскер башчылары кыргыз урууларынын жерин тартып албайбыз, өз жериңерде өзүңөр жашай бересиңер деп алдады.
Аполлон Эрнестович Циммерман деген атактуу кол башчыны Орусиянын Коргоо министри миң сегиз жүз алтымышынчы жылда Или крайынын аскерлеринин башчысы кылып жиберет да, ошол эле жылы ал аскерлер адегенде Токмоктогу чепти бир эле күндө, Бишбек чебин беш күндө багындырат. Кокон хандыгы дагы бир четинен кертиле берет. Бул эрдиги үчүн Циммерманга генерал-майор наамынын берилиши эле анын кандай эрдик кылганын айтып берип атпайбы.
Ошол кезде Мала хандын дубаны кеңешке жыйылат.
-Орус бизге аралап кирип келди. Ушундай чоң жери, эли бар орустар менен согуша алабызбы? – деди хан.
- Мага уруксат этсеңиздер биз алдырган Чүйдөгү жерлерди кайра алабыз! – Арадан Канат Шаанын өктөм үнү угулду.
Ал азыр хандыктын аскер башчысы. Бу тажик бир кезде Түркстан шаарынын акими болуп турган, ошол кезде Кокон хандыгына баш ийгиси келбей, Букар эмирлигине кетип калат, ал жерден ылайыктуу жай таппай, кайра Кокон хандыгына жалдырай келип, жүрүп-жүрүп Ташкендин беги кызматына жетет.
-Кантип алдырган жерлерди кайра аласыз!? – Алымбектин ачуусу келип кетти. Андан кагуу угуп Канат Шаа тайсалдай түштү.
-Эгер сиз өзүңүзгө ишенсеңиз, канча десеңиз Ташкен чебинен тартып, Чүйгө чейинки чептердин баарынын сарбаздарын алдыңызга салып берели, - деди Мала хан Алымбектин сөзүн жулуп алып.
-Кошуун бериңиз, таксыр ханым, мен аскер башчысымын, - деп Канат Шаа өзүнүн мүнөзүнө сала «аскер башчысымын» деген сөзгө өзгөчө бир басым берип опурулду. – Аталыкмын!.
Уландысы бар...

ОН БИРИНЧИ БӨЛҮМ - 5391891161429

Комментарии 3

Бакыт Үйү
Бакыт Үйү
Фото
вчера 23:39
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Арген Сакыев
    Китептин баасы канча турат? Москва шаарында сатылса адресс жазыныз.
    09:28
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Бакыт Үйү
    Бакыт Үйү
    ответила Аргену
    Саламатсызбы интернет магазиндерден сурап көрсөңүз чыгат,баалары да жазылган Фейсбуктун рекламаларына чыгып калып жатат...китеби жок бизде
    11:39
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 26 874Фото 21 778Видео 1 625Участники 38 765
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 26 874
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться