
Ат-Башы районунда дайынсыз болуп жаткан 77 жаштагы аялды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 24-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, ӨКМге 31-август күнү Ак-Жар айылынын 1942-жылы туулган тургуну Ш.Б. дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат 17-сентябрь күнү түшкөн. 23-сентябрь күнү издөө иш-чаралары улантылып, ӨКМден 7 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 2 адам тартылып, саат 18:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес.
Издөө иш-чаралары 24-сентябрь күнү улантылат.
Толук: http://at-bashi-r.turmush.kg/news:376328/?utm_source=atbashykg #atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев