Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл аймагынын Бирлик айылындагы С.Мурзакматов атындагы орто мектептин курулушу көптөн бери бүткөрүлбөй, окуучулар эскилиги жеткен авариялык мектептин имаратында окуп келишүүдө. Бул тууралуу аталган айылдын тургундары билдиришти.
Алардын айтымында, эскилиги жеткен мектеп бул жылы акиленип, сырдалып окуу жылына даярдалууда. Ошондой эле, мектептин бир корпусунун кыйшыйып урайын деген дубалы атайын тирөөчтөр менен тирелди. Бирок, тургундар эски мектепке балдарын окууга жиберүүдөн кооптонуп жатышат.
Мектеп директору Айбек Исаевдин айтымында, эски мектептин оңдоо иштерин толук кандуу жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Анткени, мектептин полдору чирип, терезе-каалгалары жана от жагуучу мештери жарактан чыккан. Бүгүнкү күндө окуу класстарынын полдорун мугалимдер мүмкүн болушунча сырдап чыгышкан. http://at-bashi-r.turmush.kg/news:328369/?from=ok


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 9