Өзүнчө топтун кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору болбошу керек. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«Жергиликтүү тургундардын арасында Ат-Башы айылындагы логистикалык борбордун курулушу тууралуу биз тараптан ар кандай түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Биз алар менен сүйлөшүү жүргүзүлгөндүктөн Ат-Башы эли бул курулушту колдойт деп толук ишеним менен айта алабыз. Жаштар азыр туруктуу киреше ала турган жерде иштегиси келет. Бул маселени терс багытта болгону бир 20-30 адам көтөрүп, элди дүрбөтүп жатат. Долбоорду дыкат билбеген адамдар гана алардын чакырыктарын колдоп жатышат. Ошондуктан урматтуу депутаттар, мүмкүнчүлүк бар болсо сиздер да эл менен жолугуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, долбоордун маанилүүлүгүн айтып берүүңүздөрдү суранып кетет элем», - деди премьер-министр.
Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул долбоорго 280 млн доллар салып жаткан инвестор «Нарын» эркин экономикалык аймагынын субъекти болуп эсептелет, андыктан ал тиешелүү мыйзамдын негизинде иш алып барат.
«15 миң иш оруну жөнүндө сөз болуп жатат. Азыркы тапта аймактык администрацияда ал борборго жумушчулардын тизмесин түзүп жатышат. 10 миң иш орун дейличи орточо эсептегенде 15 миң сом айлык акысы менен, ошондо эле ай сайын 150 млн сом бөлүнөт экен. Бул жаман эмес да. 17 жылдан бери ушул аймакка борбор курулат деген сөз болуп келүүдө, бирок азыркыга чейин бул сөз ишке ашырыла элек. Болбосо өлкөгө олуттуу пайда алып келет эле», - деп белгиледи өкмөт башчы.
Премьер-министр эске салгандай, логистикалык борбордун курулушу менен республиканын ар бир аймагыгын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жакшырат.
«Логистикалык борборду куруу аймактардын өнүгүшүнө, инвестицияларды тартууга, өндүрүштү түзүүгө, транспорттук инфраструктураны оңдоого, туризм жана санаториялык чөйрөнү жакшыртууга түрткү болот», - деди ал.
Толук: http://barakelde.org/news:387789/?utm_source=atbashykg #atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 30
Журт башкарган,эл башкарган кыргызымдын жигиттери ханыбыз,ваазири жан жоокорлору неге мынча калп суйлоп элди алдайсынар!!!
НАМЫСЫНАР кана силерди эл шайлаган Элин,жерин коргосун деп!!!!
Жерин сатып,элди тебелеп тепселеп,намысын кордосун деген эмес!!!!!
Элинердин кусуру уруп,жети тукумунарга чейин каргышка калбагыла ойлонуп иш кылгыла да!!!!
Билимдуу,илимдуу,акылы жайында болгон журт башында турган кыргызымдын эр азаматтары элиндин келечегине балта чаппагыла!!!
Алысты коро билген козом болгон карыялардын,энелердин,жаштардын каргышына калбагыла!!!!