Тренингтин программасы эффективдүү тренингтерди өткөрүү, жаштардын ар кандай топтору менен иштөө жана катыштыруу ыкмалары дебат технологиясын билим берүүчү курал катары пайдалануу жана дебаттык демилгелерди ишке ашыруу үчүн каражаттарды тартуу темаларынан турат. Тренерлер үчүн тренингтин бутүрүүчүлөрү келе жаткан жылы Борбордук Азиядагы IDEA нын долбоорлоруна иштөөгө чакырылышы мүмкүн.
Программанын максаты: Катышуучуларга дебат боюнча тренингтерди өткөрүү жөндөмдүүлүктөрүн үйрөтүү. Жыйынтыгында катышуучулар тренинг өтүүнүн негизги ыкмаларын гана үйрөнбөстөн, дебат боюнча тренингтерди өткөрүү үчүн билим жана жөндөмдүүлүктөрдү ала алышат.
Региондордон тандалып алынган 6 катышуучу үчүн тревел-грант шарты каралаган (жол кире, тренинг учурундагы жашаган жер жана тамак ашы төлөнөт).
Өткөрүү убагы: 24-27 август.
Өткөрүү жери: Бишкек шаары.
Тренингтин тили: орус жана кыргыз.
Катышууну каалаган талапкерлер төмөнкү шилтемедеги өтүнмөнү толтуруусу керек ( http://bit.ly/2u0x56Z ).
Өтүнмөнү толтуруунун акрыкы күнү: 14 август.
Тандоо критерийлери:
Жашы: 16 дан жогору
Уюм төмөнкүдөй жаштар менен иштөөгө кызыкдар:
- дебатта бир жылдан кем эмес тажрыйбасы бар;
- тренингтерди өткөрүү тажрыйбасы бар (сөзсүз дебат боюнча эмес);
- жаштардын ар кандай топтору менен иштөөгө мотивациясы бар;
- Борбордук Азиядагы IDEA нын долбоорлоруна катышууга мүмкүнчүлүгү жана кызыгуусу бар;
- коомдун өнүгүшү үчүн салым кошууга каалоосу бар.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев