
1⃣⏺️ Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
“Менден кийин силер адилетсиз тартып алуу (асаро) жана силер үчүн жаңы болгон жагымсыз иштерди көрөсүңөр”.
Айтышты: “Бизге эмне буйруйсуз?”.
Айтты: “Алардын (б.а. амирлердин) акыларын бергиле, өзүңөрдүн акыңарды Аллахтан сурагыла”
📚(Бухари “Сахих: Китаб аль-Фитан”: 7052; Муслим: 1061; Тирмизи: 2190)
🔹Хадистин башка версиясында толукталат: “...#сабыр кылгыла качанга дейре мени Хауздан жолукмайынча”
📚(Бухари: 4330, Тирмизи: 4/482).
🔸Хауз – Акыр Кыяматта мусулмандар иче турган кереметтүү көлмө.
⏺️Дагы келет:
“О, Аллахтын элчиси! Өзүлөрүнүн акысын алган, бирок биздин акыбызды бербеген #амирлер башыбызга келсе аларга каршы согушсак болобу (а нукоотилуhум)?”. Айтты: “Жок. Алар мойнундагы милдеттерине өзүлөрү жооп берет, силер мойнуңардагы милдетиңерге өзүңөр жооп бересиңер”
📚 (Бухари, Муслим)
〰〰〰〰〰〰〰〰〰〰〰
Шарх (түшүндүрмө):
〰〰〰〰〰〰〰〰〰〰〰
Асаро – тилдик мааниси: Өзүмчүлдүк, эгоизм, өзүнө көбүрөөк алуу.
Асаро – хадистеги мааниси:
“Дүйнө үлүшүндө өзүн өзгөчөлөө”
📚(Ибн Хажар: 6\13)
“Олжону бөлүштүрүүдө ал (б.а. амир) силерге караганда өзүнө көбүрөөк алып алат.
«Сабыр кылгыла качанга дейре мени Хауздан жолукмайынча», б.а. өлүм келгиче сабыр кылгыла. Качан Акырет болгондо мени Хауздун жанынан табасыңар, ошондо зулум кылгандардан акыңарды аласыңар жана сабыр кылганыңар үчүн чоң сыйлыкка жетишесиңер”
📚(Тухфат аль-Ахвази: 6/355)
Шейх Ибн Усеймин айтат:
“#Хадис'тин мааниси: Мусулмандардын акчаларын каалагандай ысыраптап, алардын акыларын бербеген #башчылар келет. Мына бул нерсе - асаро жана зулумдук... Бирок алардын силердин малыңарды тартып алып жатканы, аларга карата милдетиңерди аткарбай койдуртпасын, алар силерден уурдаса, силер алардан уурдабагыла. Бирок сабыр кылгыла, баш ийгиле жана Аллах берген бийлигине каршы чыкпагыла.
Адам ач көз келет, бирөө анын акысын жеп жатса чыдай албайт. Ошондуктан Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) өз даанышмандыгы менен жакшы ишке буйурду, айтты «өзүңөрдүн акыңарды Аллахтан сурагыла» б.а. Аллах аларга хидаят берип, силердин акыңарды кайтарып берүүсүн сурагыла.
Бул хадисте пайгамбарчылыкка #далил бар. Айтканындай эле болду. Тээ илгертен бери халифтер жана амирлер элдин байлыгын өзүнө тартып алышат. Ичкен-жегенинде, жашаган жеринде, кийгендеринде, унаалардында бүт ысырапчылык. Элдин байлыгын алып өзүлөрүнүн гана пайдасына жумшашат.
Бирок, бул нерсе – итааттан чыгып кетип, алар менен согушабыз дегендикке жатпайт. Жок. Биз Аллахка #дуа кылабыз жана өз милдеттерибизди аткаруу менен алек болобуз”
📚 (Шарх Рияд ас-Солихин: 1\55)
2⃣⏺️ Хузейфа ибн Йаман айтты: Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
“Менден кийин ушундай эл башчылар (имам) болушат: менин жолумдан (хадйу) басышпайт, менин #сүннөт'үмдү карманышпайт, алардын арасында денеси инсандыкындай, жүрөгү шайтандын жүрөгү болгон адамдар болот”.
Мен (Хузейфа) айттым: “Бул нерсеге мен күбө болсом эмне кылуум керек?”.
Айтты: “Амирди угасың жана баш ийесиң. Эгер сени жонуңа чаап, малыңды тартып алса да ук жана баш ий!”
📚 Бул хадисти имам Муслим өзүнүн “Сахих” китебинде келтирип (№1848), ал бапты “Амирлер” деп атады. Ушуга окшогон көптөгөн башка #хадистер келтирилген. Кызыккан адам өз алдынча бул хадистер жана уламалардын сөздөрү менен кененирээк таанышып чыкса болот.
🔹Бул нерсенин даанышмандыгы:
-адамдар кандай болсо амирлери да ошондой болушат -амирлер оңолсун десе эл өзүн биринчи оңош керек;
-адамдардын #күнөөлөр'ү себептүү Аллах алардын башына заалым #падышалар'ды чыгарып коет. Хасан Басринин мыкаачы амир Хажжаж тууралуу айтканы: "Ал Аллахтын силерге берген сыноосу, Аллахтын сыноосуна кылыч менен эмес, #истигфар менен чыгыш керек. Эгер аны кетирсеңер деле Аллахтын алдында башка, ондогон Хажжажтар бар";
-адамдар оңолсо амирлери оңолот.
3⃣ ⏺️Убада ибн Сомит айтты:
“Биз Пайгамбарга (саллаллаху алейхи ва саллам) кол бердик: [эл башчыларды] угабыз жана баш ийебиз, бизге жакканында да жакпаганында да, оордукта да жеңилдикте да, биздин үлүшүбүздү алып алышса да (асаро), жана эч качан мыйзамдуу башчыны кетирбейбиз качанга дейре андан ачык куфр (куфр баваах) көрмөюнчө жана Аллахтан ал нерсеге бизде ачык далил (бурхан) болмоюнча”
📚 (Бухари: 7056)
Хадистин шархында Ибн Хажар айтат, амирди каапыр деп айтыш үчүн “Башкача чечмелөө (та’вииль) болбой тургандай аят же сахих хадис болуусу керек, б.а. башкача чечмелөөсү ыктымал болгон амирдин иштеринде – ага каршы чыгылбайт (хуруж кылынбайт)”
📚(Фатх аль-Бари)
⏺️Имам ан-Навави Муслимге берген шархында, “Амирлерге баш ийүү парзы” бабында айтат:
“...алар фасык-заалым болсо деле аларга каршы көтөрүлүү, аларга каршы согушуу – мусулмандардын бирооздон пикири (ижма’) боюнча – арам иш. Ахли Суннанын бирооздон пикири: чоң күнөөлөрү себептүү (фиск) султан ордунан кетирилбейт”
📚 (Муслим: 4748 хадисине берген шархы)
❗Куфр кылды деген КҮМӨН менен эч бир адамга, анын ичинде эл башчыларга да, такфир чыгарылбайт!
❗Себеби адамдар өз наадандыгы менен амирдин кылган бир ишин көрүп алып “аа, каапыр болду, каапыр болду!” деп өкүм чыгарып салышат. Бирок бул туура эмес. Кээде ал кылган иши адамдардын көзүнө #капырчылык көрүнсө да Шариатта куфр деп эсептелбеген учурлар болот. Ошондуктан кайсыл нерсе куфр же куфр эмес деп #аалымдар айтыш керек. М: бир аятты туура эмес түшүнүп алышып хавариждер Али'ге каршы чыгышкан.
Такфир чыгаруунун өзүнүн #эрежелер'и бар: куфр кылып жаткан кишиге далил жеткизилет, бардык күмөн туудурган суроолоруна жооп берилет, түшүндүрүлөт, убакыт берилет, андан кийин эгер куфрда калса - анан гана аалым тарабынан такфир кылынат ж.б.
Аалым эмес, жөнөкөй адам такфир маселесинде адашып калышы ыктымал. Ал эми бирөө адашса – анын кесепети чоң: #ыйман'ына доо кетет, акысыз кан төгүүлөр болот, тынчтык жоголот ж.б.
❗Ошондуктан такфирди аалымдар гана берет. Такфир маселесин жакшы түшүнбөгөнтүктөн жаштар арасында динде чектен ашуу, б.а. экстремизм, радикализм (аль-гулув) пайда болот.
🔸Пайдалуу жыйынтык:
-мусулман адам эл башкарып жатса - мусулманчылыгы үчүн ал мыйзамдуу амир деп эсептелет, качанга дейре андан ачык куфр көрүнмөюн;
-эгер мусулман амир чоң күнөөлөрдү кылса да, элден байлыктарын тартып алып зулумдук кылса да ага каршы чыгуу болбойт;
-мусулман амирдин зулумдугуна сабыр жана дуа менен гана жооп берилет, бирок ага каршы чыгуу күнөө болот.
#хадис_тафсири
➖➖➖➖➖➖➖➖➖
⏺️ Аалымдар сөзү
Инстаграм/Телеграм: @aalymdar

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев