Сүйүү таптым
Эч ким карыз
бере албаган, сатпаган,
Эскирбеген,
өңүнөн да азбаган,
Кубанчымды
бөлүшкүлө досторум,
Сүйүү таптым,
кучагыма батпаган!
Сүйүү таптым!
Сүйүү таптым досторум,
Анын жолун
өмүр бою тоскомун!
Жаш баладай
эки жагым элеңдеп,
Эми кайра
жоготуудан коркомун!
Көз тийбесин,
көрбөсүн деп башка адам,
Эшигин даап,
Эчким ачып, какпаган,
Жүрөгүмдүн
тереңине жашырдым,
Сырды бекем,
бекем... бекем сактаган...
Ж.И.