"
Өлүм жакын , өлсөм ошол кыямат,
Өмүр артын, ким аркандап тыялат,
Өзөгүнө суу жетпеген дарактай,
Өзүмө- өзүм неге кылдым кыянат?
Өлүм жакын, өлсөм ошол бүткөнүм!
Кайда калат, жер бетинде жүргөнүм,
Убакыттын баркын билбей өзүмчө,
Күн артынан, күндү санап күткөнүм.
Өлүм жакын, өлсөм менден не калат?
Өмүр суусу, оору менен чайпалат,
Ырлар калсын бир ыйманга чакырган,
Балким бир күн, кылымдарга сакталат.
Өлүм жакын, өлүм деген акыйкат,
Өлүм келсе, ким кай жерге жашынмак.
Кези келсе жалбырагы төгүлүп,
Жашыл бактын бутактары картаят.
Өлүм жакын, өлүү деген оңойбу?
Өмүрүңө өчпөс чекит коёрбу?
Же баарынын ичээр суусу түгөнүп,
Өлүм деген жаңы уйкудан ойгонуу...
Кечир Аллах, кечир алсыз кулуңду,
Сенден гана бүт азаптан кутулуу!
Сеникибиз, Сага гана кайтабыз,
Акыйкатты... Акыйкат деп айтабыз,
Дүнүйөгө азгырылып көбүбүз,
Кечир бизди, өлбөөчүдөй жашайбыз,
Өлүм жакын, өлсөм ошол кыямат,
Өмүр артын ким аркандап тыялат?
Өзөгүнө суу жетпеген дарактай,
Жазылбаган ак кагазды барактай,
Өзүмө-өзүм неге кылам кыянат?
Автор: Бүбүмарьям Ибрагимова.
20.01.2017.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 17