ТАУХИДДИН ТҮРЛӨРҮ.
Таухид – (арабча “жалгыздоо, бир нерсени жалгыз кылуу” деген сөздөн чыгат) - Аллахты рубубияда, ысым сыпаттарында жана сыйынууда жалгыз деп ишенүү.
*Таухид 3 кө бөлүнөт:*
1⃣. *Таухид Рубубия* – Аллахтын Раббилик сыпаттарда жалгыз деп билүү.
Аллах гана Жаратуучу, Андан башка жаратуучу жок; Аллах гана ырыскы берүүчү, Андан башка ырыскы берүүчү жок; Аллах гана Башкаруучу, Андан башка башкаруучу жок ж.б. деп ишенүү.
Жаратуу өлтүрүү, тирилтүү, оору-шыпаа берүү, б.а. иштерде - Аллахты жалгыз деп ишенүү. Эч ким Аллахка бул иштерде шерик боло албайт!
– Таухид Рубубия деген эмне экен?
– Аллахтын Ага гана тиешелүү болгон иштеринде жалгыз деп билүү, б.а. Аллах гана жалгыз Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Тирилтүүчү, Өлтүрүүчү, Башкаруучу экенин тастыктоо.
2⃣. *Таухид Асма ва Сыфат* – Аллахты көркөм ысым жана улуу сыпаттарында жалгыз деп билүү.
Эч ким ысымдарында жана сыпаттарында Аллахтай боло албайт деп ишенүү. Адам Аллахты Анын ысым-сыпаттары аркылуу тааныйт.
Ошол ысымдардын жана сыпаттардын маанилерине кошо ыйман келтирүү.
Аллахтын ысымдары: “ар-Рахмаан (Мээримдүү)”, “ар-Рахиим (Ырайымын төгүүчү)”, “ас-Самииъ (Угуучу)” ж.б.
Аллахтын сыпаттары: рохма (мээримдүүлүк), самъ (угуу), басор (көрүү), важх (Аллахтын жүзү), йад (Аллахтын колу) ж.б.
Ушул ысым-сыпаттарда Аллахка эч ким окшош эмес, эч ким Ага шерик боло албайт.
3⃣. *Таухид Улухия* – Аллах гана сыйынууга татыктуу чыныгы Зат деп ишенүү.
Андан башка сыйынылып жаткан нерселер жалган деп ишенүү. Бир гана Аллах ибадатка татыктуу деп билүү.
*Таухиддин негизи - мына ушул Таухид. Ушул Таухид менен бардык пайгамбарлар жиберилген, негизги Шариат илим ушул маңызда келет*. Ага чейинки эки Таухиддин түрү адамды ушул Таухиддин түрүнө алып келиш керек.
Эч ким Аллах менен бул Таухидде да шерик боло албайт деп, *эч ким Аллахтан башка ага сыйынууга, ага жалбарууга, ага дуа менен кайрылууга татыктуу эмес* - деп ишенүү.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев