_Улуу Табиин *Хасан Аль Басриге* кимдир бирөө айтты : адамдар айтышат : " Кимде ким Ля илаха илла Аллах деп айтса бейишке кирет " - деп , Хасан Аль Басри : " Ля илаха илла Аллах " дун шарттарын , талаптарын аткарган болсо албетте бейишке кирет_"
Калиманы ооз жүзүндө гана айтып койуу гана эмес анын талаптарын , шарттарын толук аткарып Аллахга ширк кылбастан иманда , Таухидде өлгөн адам үчүн пайда берет.
1️⃣- *БИРИНЧИ ШАРТ – ИЛИМ ( АЛЬ ИЛМ*)
Келименин нафий жана исбат маанисин түшүнүү. Анын карама-каршысы: жахль (илимсиздик). Бул шартка Аллахтын сөзү далил: “Билгиниң Аллахтан башка
сыйынууга татыктуу зат жок экендигин, жана өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн кечирим сура” (Куран, Мухаммад 47:19)
Ошондой эле: “Алар (мушриктер) дуба кылып жаткан Аллахтан башка «кудайлардын» колунда шапаат жок! Билген абалда Акыйкатка күбө болгон адамдар(га гана шапаат насип кылынат).” (Куран, аз-Зухруф 43:86)
“Акыйкатка күбө болуу”, б.а. Аллахтан башка эч бир сыйынууга татыктуу зат жок деп айтуу. “Билген абалда”, б.а. илдери айткан нерсени жүрөктөрү билет.
Хадистен далил: Усман радияллаху анху риваят кылат Аллахтын Элчиси صلى الله عليه وسلم айтты: “Ким Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок экенин билип өлсө – Бейишке кирет” (Муслим: 26)
2️⃣- *ЭКИНЧИ ШАРТ – БЕКЕМ ИШЕНИМ (ЙАКЫН* )
Йакын – терең ишеним. Анын карама-каршысы: шек-күмөн. Келимени айтып жаткан киши бул келиме көрсөткөн нерсеге бекем ишенүүсү. Аллах чыныгы момундар тууралуу айтты: “Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирип, андан соң шек санабаган жана Аллахтын жолунда малдары, жандары менен күрөшкөндөр гана момун деп эсептелет. Мына ушулар нак чынчылдар.” (Куран, аль- Хужурот 49:15)
Бул аятта Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирүүсүндө чынчыл болушуна – ыйманында шектенбөөнү шарттады. Ким шек санаса – ал мунаафык. Алар тууралуу Аллах айтты: “Чынында, Аллахка, Акырет
күнүнө ишенбеген жана жүрөктөрү күмөн санагандар гана (артта калууга) уруксат сурашат. Алар өз күмөндөрүндө олку-солку болуп тура беришет.” (Куран,
ат-Тауба 9:45)
Абу Хурайра айтат Аллахтын Элчиси صلى الله عليه وسلم айтты: “Аллахтан
башка сыйынууга татыктуу зат жок экенине жана мен Аллахтын Элчиси экениме күбөлүк берем. Кандай гана пенде болбосун ушул эки келиме менен, аларга күмөн санабастан Аллахты жолуктурса – Бейишке кирет” (Муслим: 27)
Абу Хурайрадан келген узун хадисте аны Аллахтын элчиси صلى الله عليه وسلم жиберип, бул сөздү айтканы баяндалат: “(О, Абу Хурайра!) Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок деп, жүрөгү терең ишенип күбөлүк келтирген кандай
гана адамды бул дубалдын артында жолуктурба – аны Бейиш менен сүйүнчүлөй бер” (Муслим: 31)
3️⃣- *ҮЧҮНЧҮ ШАРТ – ЫКЛАС ( ИХЛАС*)
Туура ниет аркылуу ширктин бардык түрлөрүнөн ибадатты тазалоо. Анын карама-каршысы: ширк жана рия. Аллах Таала айтат: “Көңүл бургула! Таза дин Аллахка гана таандык!” (Куран, аз-Зумар 39:3)
Дагы айтты: “Алар Аллахка ханиф абалында, динди таза тутуп сыйынууга, намаздарды орундоого, зекет берүүгө гана буюрулган эле. Мына бул – туура дин” (Куран, аль-Баййина 98:5)
Абу Хурайрадан риваят Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم айтты: “Акыр
Кыямат күнүн менин шапаатым себептүү эң бактылуу болгон адам – Ля иляха илляЛляху келимесин жүрөгүндөгү (же дилиндеги) ыкласы менен айткан адам” (Бухари: 99)
Ъитбан ибн Малик Пайгамбарыбыздан صلى الله عليه وسلم риваят кылды: “Аллахтын Жүзүнө умтулуп Ля иляха илляЛляху келимесин айткан кишиге – Аллах Тозокту арам кылды” (Бухари: 425; Муслим: 33)
4️⃣ - *ТӨРТҮНЧҮ ШАРТ – ЧЫНЧЫЛДЫК ( АЛЬ СЫДК*)
Келимени чын жүрөктөн айтуу. Тили менен айтканга жүрөгү шайкеш келүү. Анын карама-каршысы: калп. Мунаафыктарды жемелеп Аллах Таала айтат: “(О,
Мухаммад!) Эгер сага мунаафыктар келсе «биз күбөлүк беребиз: сен Аллахтын элчисисиң» дешет. Аллах билет, сен Анын элчиси экениңди. Аллах болсо
мунаафыктардын анык жалганчылар экенине күбөлүк берет” (Куран, аль-Мунаафикуун 63:1)
Себеби алар ( эки жуздуулор ) келимени айтышат эле, бирок жүрөктөрүндө
ага ишенишпейт эле.
Аллах Таала айтты: “Алиф. Лам. Мим. Адамдар «ыйман келтирдик» деп айтса эле, сыналбай калабыз депойлошобу? Албетте Биз алардан мурункуларды да
сынаганбыз. Натыйжада Аллах («ыймандуубуз» деген сөздөрүндө) чынчыл болгондорду да билип алат, жалганчыларды да билип алат.” (Куран, аль-Ъанкабут29:1-3)
Муъаз ибн Жабал риваят кылат Пайгамбар صلى الله عليه وسلم айтты дейт: “Ким гана болбосун чын жүрөктөн Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммед Аллахтын кулу жана элчиси деп күбөлүк бербесин – Аллах аны Тозокко арам кылат” (Бухари: 128; Муслим: 32) Оттон кутулууга бул келимени чын жүрөк менен айтуунушарт кылды. Тили менен айтып, бирок жүрөгү ал нерсеге
шайкеш келбесе – ал эч пайда бербейт.
5️⃣- *БЕШИНЧИ ШАРТ – СҮЙҮҮ ( МАХАБА* )
Анын карама-каршысы: жек көрүү. Келимени айткан киши
Аллахты, Анын Элчисин صلى الله عليه وسلم, ибадаттарды жана Шариатты
карманган такыба мусулмандарды сүйүүсү. Ошондой эле “Ля иляха илляЛлаху” келимесине каршы болгондорду – келимени толугу менен жок кылып жиберчү ширк жана куфрду же болбосо келименин толуктугун кемсинткен
бидаат жана күнөөлөрдү – жек көрүүсү, о.э. куфр, бидаат же күнөөлөрдү жасап жаткан адамдарды жек көрүүсү. Себеби хадисте келет: “Ыймандын эң бекем туткасы – Аллах үчүн сүйүү жана Аллах үчүн жек көрүү” (Сахих аль-
Жамиъ: 2539). Сүйүү ыймандын шарттарынын бири экендигине далил
Аллах Тааланын сөзү: “Адамдардын арасында кээ бирөөлөр, Аллахтан башка нерселерди (Аллахка) тең (шерик) кылып алышат (жана) аларды Аллахты
сүйгөндөй сүйүшөт. Ыймандуу адамдар Аллахты көбүрөөк сүйүшөт.” (Куран, аль-Бакара 2:165).
Момундар Аллахты көбүрөөк сүйүшөт. Себеби алар сүйүүлөрүн Аллахтан башка эч кимге арнашпайт. Ал эми Аллахты сүйөбүз деп, бирок сүйүүсүндө Ага шерик кошкон мушриктер – өзүлөрүнүн сыйынган заттарын Аллахты
сүйгөндөй сүйүшөт. Пенденин Аллахты сүйгөнүнүн белгиси – өз напсиси
каалабаса да Аллах жакшы көргөн нерсени биринчи койгону, напсиси ага ийилип турса да Аллах жек көргөн нерсени жек көргөнү, Аллах жана Анын Элчиси дос туткандарды дос тутканы, Аллах жана Анын Элчиси душман
туткандарды душман тутканы, Аллахтын Элчисинин صلى الله عليه وسلم
ээрчигени жана ал көрсөтүп кеткен жолду карманганы.
Анас ибн Малик айтат Аллахтын Элчиси صلى الله عليه وسلم айтты: “Кимде бул үч нерсе болсо ыймандын лазатын татыптыр: ага Аллах жана Анын Элчиси бардыгынан сүйкүмдүүрөөк болсо, башка бир кишини сүйгөн болсо аны Аллахтын гана ыраазычылыгы үчүн сүйсө, Отко ыргытылууну кандай жаман көргөн болсо каапырчылыкка кайтууну дал ошондой эле жаман көрсө” (Бухари, Муслим)
6️⃣- *АЛТЫНЧЫ ШАРТ – БАШ ИЙҮҮ (АЛЬ ИНКЫЯД* )
Келиме көрсөткөн нерсеге баш ийүү, Аллах кандай гана буйрук бербесин аны кетенчиктебестен аткаруу, Шариатта айтылган өкүмдөрдү орундоо. Анын карама-каршысы: таштоо. Аллах Таала айтты: “Раббиңерге кайткыла жана
Ага моюн сунгула” (Куран, аз-Зумар 39:54)
Дагы айтты: “Ким жакшы иштерди аткарган акыбалда, жүзүн Аллахка багындырган болсо – эң бекем тутканы карманыптыр” (Куран, Лукман 31:22)
Жакшы иштерди аткарган (мухсин) – бул Таухидди тутунган
адам (муваххид). Жүзүн Аллахка багындырган – бул Аллахка баш ийүү. Эң бекем тутка (аль-ъурва аль-вуско) –бул Ля иляха илляЛлаху келимеси.
Демек ким жүзүн Аллахка багындырбаса жана жакшы иштерди аткарбаса – бекем тутканы карманбаптыр. Ошондуктан кийинки аятта айтылат: “Ким каапыр болсо, анын каапырчылыгы сени капа кылбасын. Өзүбүзгө кайтып келишет. Анан Биз аларга кылган иштеринин кабарын беребиз.” (Куран, Лукман 31:23)
7️⃣ - *ЖЕТИНЧИ ШАРТ – КАБЫЛ КЫЛУУ ( АЛЬ КАБУЛ*)
Бул келимени жүрөк жана тил менен акыйкатта кабыл кылуу зарыл. Анын карама-каршысы: четке кагуу. Аллах бизге Курандын канча жеринде Ля иляха илляЛляху келимесин кабыл кылган коомдордун кутулганы, кабыл кылбагандардын кыйроого учурап жок болгону тууралуу кабарлады. “Андан соң Биз Өз пайгамбарларыбызды жана ыйман келтирген адамдарды куткарабыз. Ыймандуу адамдарды ушинтип куткаруу - Биз үчүн
милдет.” (Куран, Юнус 10:103) Кабыл кылуунун милдеттүүлүгүнө далил: “Качан аларга «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок» деп айтылганда алар текеберленишет эле, жана: «Биз өзүбүздүн сыйынып жаткан иляхтарыбызды ушулжинди акын үчүн таштайт белек?!» дешет эле.” (Куран,ас-Сооффаат 37:35-36)
Шариатта келген нерселерди толук кабыл кылуу керек. Кабыл кылбагандар, же каалаганын алып, каалабаганын кабыл кылбагандар – келименин бул шартын орундабаган болушат.
Абу Муса аль-Ашъарий риваят кылат Пайгамбар صلى الله عليه وسلم айтты: “Чындыгында, Аллах мени менен жиберген хидаят жана илимдин мисалы – жерге түшкөн жаан сымал. [Жердин] кээ бир бөлүгү жакшы эле: ал сууну
өзүнө сиңирип, көптөгөн чөптөрдү чыгарды. Башка бир бөлүгү калың катмарлуу кургак жер. Ал сууну өзүнө кармап калат да, Аллах ал аркылуу адамдарга пайда
берет: андан өзүлөрү ичишет, малдарын жана эгиндерин сугарышат. Ошондой эле [жаан] дагы бир бөлүккө – жалаң түздүк жерге – жаады: ал же сууну
кармап калбады, же чөп чыгарып бербеди. [Жердин бул бөлүкчөлөрү] мындай адамдардын мисалындай: Аллах Тааланын дининде илимдүү болуп, Аллах мени менен жиберген нерседен пайда алган, өзү үйрөнүп жана башкаларды үйрөткөн; жана өзү ага умтулбаган, мен жиберилген хадиятты кабыл кылбаган адам сыяктуу” (Бухари: 79; Муслим: 2282)
8️⃣- *СЕГИЗИНЧИ ШАРТ -АЛЛАХДАН БАШКА СЫЙЫНЫЛЫП ЖАТКАН НЕРСЕЛЕРДИ ЧЕТКЕ КАГУУ ( АЛЬ КУФР БИ ТАГУТ*)
" Ким Тогутка капыр ( четке кагып) болуп , жана Аллахга Иман келтирсе , ал эч качан ажырап кетпей турган тутканы ( Калима таухид) кармаганы анык" ( Бакара-256) Аллах Таала дагы айтат : " Ибрахим өз атасына жана коомуна айтты : Чындыгында мен силердин Аллахдан башкага сыйынып жаткан нерселерди четке кактым, мени жараткан Аллахга гана сыйынамын. Ал гана мени туура жолго баштайт" ( Зухруф : 26-27) Пайгамбар صلى الله عليه وسلم айткан:" Ким Лаа илаха Илла Аллах деп айтса Жана Аллахдын башкага сыйынылып жаткан нерселерди четке какса , анын малы ,жанына кол салуу арам. ( Тагыраагы андай Адам мусульман) ( Муслим 23 ) Бул шарт өтө маанилүү жана негизги шарт. Чынында адам лаа илаха илла Аллах келмесин айтса жана анын чын экенин жүрөгү менен бекем тасдыкдаса ,Аллахдан башкага сыйынбаса бирок ушуну менен бирге Аллахдан башкага сыйынылып жаткан нерселерди жалган деп эсептебесе , анын айткан Калима Таухиди туура жана толук болбойт. " Тайсируль Азизиль -Хамийд " 286 . Жана дагы адам Ислам дининен башка диндер дагы мисалы буддизм , христианчылык , июдаизм дагы туура дин , алар капыр эмес деп эсептесе андай адамдын айткан Калима Таухиди туура жана толук болбойт.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1