*Аллах Тааланын Эң чоң Жазасы бул - ИСТИДРАДЖ !*
#Истидрадждын сөздүк мааниси - « _даражама даража көтөрүү_ , _даражасын бийик көтөрүү_ ». #Шариаттагы мааниси- « _адам канчалык күнөө иш кылган сайын Аллахдын буйругуна каршы иш кылган сайын Аллах ага дүйнөлүк жакшылыктарын көбөйтүп бере берүүсү_ , _азаптоосун кечиктирүүсү_ »
Адам күнөө иш кылган замат Аллах ага жаза берип эскерте турган болсо бул Аллахдын ага карата жакшылык, ырайымы болотдур , себеп Адам ушундан бир эскертме алып ал Аллахга тообо кылып өзүн оңдойт . Же Аллах жакшылыктарын берет жана пенде буга шүгүр кылат жана Аллахга болгон баш ийүүсүнөн жазбай Аллах берген жакшылык Нематтарды Аллах раазы болгон жолдо иштетип жашап өтөт булдагы Аллахдын берген жакшылык , тоуфиги .
#Эгер адам күнөө иш кылган сайын Аллахга баш ийбестик кылып Аллахдын динине каршы жүргөн сайын ага кенээн байлык , күч кубат , ден-соолук же бийлик мансап , кадр барк , көп бала бакыра жана башка дүйнө жыргалчылыктарын Аллах ага биринин артынан бирин бериши бул *Истидрадж* , балким Аллах анын күнөөлөрү дагы да көбөйүп Туура жолду таппай өтүп кетишине себеп кылып ушундай кылды. Себеби адам мындай учурда Аллах мени жакшы көргөн үчүн ушундай кылды , Аллахга кайсыдыр бир ишим жаккан үчүн ушундай жакшылык берип жатат деп менменсинип , өзүн туура жолдомун деп эсептеп калат жана мындай абалына алданып жүрүп адашуу жолдо же болбосо капырлыкта бул дүйнөдөн өтүп кетет . Мындай истидрадж жеке адамдарда жана бүтүндөй бир коомдо болушу мүмкүн . _Мындай абалдан мусулман адам өтө этият болуусу абзел_.
#Истидрадж* адамдын ДИН иштеринде да болот. Мисалы адамдар аны татыксыз болсо да өтө таква деп же болбосо чоң бир аалым деп эсептеши , аз гана кылган соопту иштери менен менменсинип манчыркоо , же туура эмес адашкан ишенимде ( акида ) жана жолдо жүргөн болсода ага Аллахдын Нусрат- жардамы ( көрүнүшүндө) келип дин иштеринде кубатталышы , же болбосо бир адам Куранды туура эмес , ката окуп дем салса да ал таасир бериши , же авлия даражага жетпеген фасык адамдардын да Карамат көрсөтүшү . Ж.б .
*Соолих , Аллахды тааныган адамдар мына бул истидрадждан өтө сактанышкан*.
#Ахмад Ибн Ханбалдын ( ханбали мазхаб имамы) шакирти Аль - Муьуди устазына : "Кандай гана көп адамдар сиз үчүн дуа кылып Аллахга кайрылышат !" - дегенде, Имам Ахмад : " бул мен үчүн *_Истидрадж_* болушунан корком "- деп жооп берген.
#Ибн Хаджар Аль Хайтами : « Кармат менен Сыйкырдын айырмасы адаттан сырткары ( карамат) Өзүн Пайгамбарлык вазыйфа ээсимин дебеген жана Аллахдын буйругун так аткарган солих адам тарабынан болсо бул Карамат , а эгерде андай болбогон ( фасик , күнөөкөр ) тарабынан болсо бул Сыйкыр же *_Истидрадж_*" ( Ибн Хаджар « Фатава Хадисия » 560- бет )
#Имам Ас- Саффарини: « Иман жана солих амал менен байланыштуу болбогон нерселер *_Истидрадж_* » ( "Ляуами аль- анвар аль- бахия " 2/392.
« Жалганчынын жалганын , дооматчынын доосун тасдыктай турчу адаттан сырткары болгон нерселер кылтак ( макр ) , *_Истидрадж_* жана сыноолорго кирет» ( "Ляуами аль- анвар аль- бахия " 2/393.
#Кээ бирки имамдар айткан : " амалсыз илим бул Истидрадж "- деп
📚 *_Эми #Истидрадж тууралуу Куран аяттары жана Хадисдер._*
Укба Ибн Амир риваят кылат , #Пайгамбар صلى الله عليه وسلم айткан : « *_Эгер Аллах өзүнүн бир кулуна ал күнөө иш кылганына карабай ал адам жакшы көргөн нерселерин берип атканын көрсөң бул #Истидрадж . Андан соң Курандан бул аятты окуду : « Өздөрү үчүн эскертме кылып берген нерсени унуткан кезде , аларга баардык нерсенин эшигин ачып койдук. Качан өздөрүнө берилген нерселер менен кубанычта турушунда , аларды капилеттен кармадык . Алар айлалары куруп , үмүтсүз абалда калышты_* » _( Аль Аньам 44 аят ) ( Ахмад Ибн ханбаль " Муснад " 17349 , Табари 913 . Хадис сахих )_
#Аллах Таала Куранда : « *_Капырлар , Биз аларга берген жашоо мөөнөттөрүн өздөрү үчүн жакшылык деп ойлошпосун ! Тескерисинче Биз аларга күнөөлөрү көбөйүшү үчүн гана убакыт беребиз. Алар үчүн кор кылуучу катуу азап бар_* !» _( Аали Имран 178 аят )_
« *_Биздин аяттарыбызды " жалган " дегендерди өздөрү билбей калган абалда " #Истидрадж " ( даражама даража көтөрүп , бийик абалга алып чыгып) кылабыз . Аларга убакыт берилет . Чынында менин Айлакерлигим катуу_* » _( Аьраф 182-183 аят )_
« *_Биз аларга ( капырларга ) берип жаткан байлык дөөлөт жана балдарын көбөйтүп койгонубузду аларга карата Жакшылыктарыбызды тездетишибиз деп ойлошобу ?! Жок , алар ( биздин айла амалды ) сезбей жатышат_* ! » _( Момундар 55 - 56 аят)_
« *_Сени алардын дүйнө мүлкү менен бала чакасы кызыктырбасын ! Аллах аларды дүйнөдө ошолор менен машакатка салып жана капыр бойдон өлүп кетүүлөрүн Каалайт !_* » _( Тообо 55 аят )_
« *_Сени алардын ( капырлардын) дүйнө мүлкү жана балдарынын көптүгү кызыктырбасын ! Себеби Аллах аларды бул дүйнөдө ошол нерселер менен азаптоону жана каапыр болгон абалдарында жандары чыгуусун Каалайт_* » _( Тообо 85 аят )_
« *_ Алар ( капырлар ) айлакердик кылышты , Аллах да Айлакердик кылды . Аллах айлакерлердин Эң Мыктысы_* » _( Аали Имран 54 аят )_
#Аллах Таала баардыгыбызды Өзүнүн Хак дининен Адаштырбасын. ! Аамин


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев