ТАУХИДДИН ТҮРЛӨРҮ. КИМ ТАУХИДДИ РУБУБИЯ МЕНЕН ГАНА ЧЕКТЕСЕ – АЛ АБУ ЖАХЛЬ ЖАНА АБУ ЛАХАБДЫН ИШЕНИМИНДЕ Аллах бар экендигин билип коюу адамды мусулман кылбайт. Араб мушриктери деле Аллахтын бар экенин, Ал гана Жаратуучу экенин тастыкташкан. (“Шарх аль-Коваъид аль-Арбаъ” китебинен) Билгин, Пайгамбарыбыз келген мушрик арабтар Таухид Рубубияны тастыкташкан. Бирок алардын Таухид Рубубияны билүүсү аларды Исламга киргизген жок, аларды мусулман кылган жок. ТАУХИД ДЕГЕН ЭМНЕ? Таухид – (арабча “жалгыздоо, бир нерсени жалгыз кылуу” деген сөздөн) Аллахты рубубияда, ысым сыпаттарында жана сыйынууда жалгыз деп ишенүү. Таухид 3 кө бөлүнөт: 1. Таухид Рубубия – Аллахтын Раббилик сыпаттарда жалгыз деп билүү. Аллах гана Жаратуучу, Андан башка жаратуучу жок; Аллах гана ырыскы берүүчү, Андан башка ырыскы берүүчү жок; Аллах гана Башкаруучу, Андан башка башкаруучу жок ж.б. өлтүрүү, тирилтүү, оору-шыпаа берүү Улуу Кожоюн гана кыла ала турган иштеринде Аллахты жалгыз деп ишенүү. Таухид Рубубия деген эмне экен? – Аллахтын Ага гана тиешелүү болгон иштеринде жалгыз деп билүү, б.а. Аллах гана жалгыз Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Тирилтүүчү, Өлтүрүүчү, Башкаруучу экенин тастыктоо. 2. Таухид Асма ва Сыфат – Аллахты көркөм ысым жана улуу сыпаттарында жалгыз деп билүү. Эч ким ысымдарында жана сыпаттарында Аллахтай боло албайт деп ишенүү. Адам Аллахты Анын ысым-сыпаттары аркылуу тааныйт. Ошол ысымдардын жана сыпаттардын маанилерине кошо ыйман келтирүү. Аллахтын ысымдары: “ар-Рахмаан (Мээримдүү)”, “ар-Рахиим (Ырайымын төгүүчү)”, “ас-Самииъ (Угуучу)” ж.б. Аллахтын сыпаттары: рохма (мээримдүүлүк), самъ (угуу), басор (көрүү), важх (Аллахтын жүзү) ж.б. 3. Таухид Улухия – Аллах гана сыйынууга татыктуу чыныгы Зат деп ишенүү. Андан башка сыйынылып жаткан нерселер жалган, бир гана Аллах ибадатка татыктуу деп билүү. Мына ушул Таухиддин негизи. Ушул Таухид менен бардык пайгамбарлар жиберилген, негизги Шариат илим ушул маңызда келет. Ага чейинки эки Таухиддин түрү адамды ушул Таухиддин түрүнө алып келиш керек. ТАУХИДДИ БИР ГАНА РУБУБИЯ МЕНЕН ЧЕКТӨӨ ЧОҢ ЖАҢЫЛЫШ. Демек, Таухид бул бир гана Рубубияны тастыктоо эмес экен, Ширк бул бир гана Рубубиядагы ширк эмес экен. Тескерисинче, сейрек гана коомдор Аллахтын Рубубиясында ширк кылышпаса, дээрлик бардык үммөттөр Таухид Рубубияны тастыкташчу, аны билишчү. Эч бир коом Аллах менен бирге башка Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Тирилтүүчү же Өлтүрүүчү бар деп айтышкан эмес. Керек болсо араб мушриктер да Аллах гана Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, ж.б. экенин моюндарына алышкан: “Асмандар менен Жерди ким жаратты деп алардан сурасаң алар – Аллах – дешет” (Куран, Лукман 31:25), “Айт: Ким жети кабат асмандын Ээси, Ким Улуу Арштын Ээси? Алар дароо айтышат – Аллах – деп” (Куран, аль-Му’минун 23:84-89, бул аяттарды толук окуп чыгыңыз жана мушриктер Аллахтын рубубиясын билгендигин аңдайсыз). Орто кылымдык “Калям” философиясынын уламалары ойлогондой Таухид бул Рубубия менен гана чектелбейт. Мутакалимдер (калямды карманышкан философтор) айтышат: “Аллах бөлүнбөйт, затында жалгыз; Ага окшош эч нерсе жок, сыпатында жалгыз; Анын шериги жок, иштеринде жалгыз” жана ушуну Таухид дешет. Жок, бул пайгамбарлар алып келген Таухид эмес. Булар айтып жаткан нерсе Таухид рубубия гана. Калям аалымдарынын китептерине назар салсаңыздар, алардын бардык сөздөрү Рубубиядан чыкпайт экенин көрөсүз. Таухидди Рубубия менен чектеген адамга ал таухиди пайда бербейт. Бул нерсени араб мушриктери да, жетип турган кыпкызыл каапырларда билишкен. Бирок аны билүү аларды куфрдан чыгарып, мусулман кылып койгон жок.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев