Биздин жамаат Аллахтын жардамы менен былтыркы уюштурган садака чогултуп, таркатуу демилгесин кайрадан баштамакчы. Арабызда муктаж бир туугандарыбыз көп. Ушуга байланыштуу демилгелүү топ муктаждарга кийим-кече, тамак-аш, оюнчук, деги эле муктаждарга жардам болчу нерселерди чогултууда.
Аллах Субхана Уа Таъля Куръанда айтат: آَمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَأَنْفِقُوا مِمَّا جَعَلَكُمْ مُسْتَخْلَفِينَ فِيهِ فَالَّذِينَ آَمَنُوا مِنْكُمْ وَأَنْفَقُوا لَهُمْ أَجْرٌ كَبِير (мааниси) (О адамдар!) Аллахка жана Анын Элчисине ыйман келтиргиле жана Аллах халифа-орунбасар кылган нерселерден (Ар бир адамдын байлыгы чынында Аллахтын мүлкү. Аллах ал адамды Ѳз мүлкүнѳ убактылуу орунбасар кылып койгон) Аллахтын жолуна садака кылгыла. Силерден ким ыйман келтирсе жана садака кылса, аларга чоң сыйлыктар бар!»(Аль Хадид 57/7). Жана да Аллах айтат:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا أَنْفِقُوا مِمَّا رَزَقْنَاكُمْ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَ يَوْمٌ لا بَيْعٌ فِيهِ وَلا خُلَّةٌ وَلا شَفَاعَةٌ وَالْكَافِرُونَ هُمُ الظَّالِمُونَ
Мааниси: «О ыйман келтиргендер! Башыңарга алды-саттысы, жоро-жолдошчулугу шапаат-ортомчулугу жок Күн (Кыямат) келип кала электе Биз силерге ырыскы кылып берген нерселерден (бир бѳлүгүн Аллахтын жолуна) сарп кылгыла! Жана каапырлар – ошолор гана заалым кишилер!» (Бакъара 2:254)
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз СалаЛЛаху алейхи уа салам айтты: «Аллах айтат: «эй Адам баласы,садака кыл, ошондо мен сенин ырыскынды кѳбѳйтѳм». Аль-Бухари, 5073; Муслим, 993.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) келтирген дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз СалаЛЛаху алейхи уа салам айтты: «Ар күнү асмандан эки периште түшѳт. Алардын бири: О Роббим, садака кылган пендендин мүлкүн толуктап бер» деп айтат. Ал эми экинчиси «О Роббим! Сараң болгонду жок кыл» деп айтат. Аль-Бухари, 1374; Муслим, 1010.
ан-Ну’мана бин Башираден, Аллах ал экѳѳнѳн ыраазы болсун, Пайгамбарыбыз СалаЛЛаху алейхи уа салам айтты: Мусулмандар бири-бирине болгон сүйүүдѳ, мээримдүүлүктѳ жана боорукердикте бир дене сыяктуу: дененин бир бѳлүгүн оору басканда дененин калган бѳлүгү да оору жана ысытмадан сыздайт. (Аль-Бухари; Муслим). Бир туугандарыбыз муктаж болуп жатканда карап отурбайлы, урматтуу мусулман бир туугандар!
БисмиЛлях! Эң жакшы соода – бул Аллах менен болгон соода. Аллах жолуна кылынган сооптуу амалды себеп кылып, Аллахка тауассуль кылуу – Аллахтан бир нерсе суроо шариатта мыйзамдаштырылган. Акырет Күнү эч бир тааныш, байлык-бийлик жардам бербей турган күнү, бул дүйнөдө бир кезде Аллахтын ыраазычылыгы үчүн деп берген садакаңызды Аллахым 700 эсе кылып кайрып бере турган күндүн камын көрөлү, урматтуу мусулман бир туугандар!
Кийим-кечектерди чогултуу апрель айынын 16-нан 20-на чейин болот. Чогултулган садака жамааттагы муктаж ухтилерге, жетимдерге, балдар жана карылар үйлѳрүнѳ таратылат. Иш-чаранын аякташы менен сүрѳттѳр тиркелген отчет берилет. Садака кылчу нерселерди 9:00дон 19:00 го чейин Аламедин-1 кичи районуна Хадижа ухтиге, Тунгуч-2 кичи району, Сумая ухтиге байланышып алып келсениздер болот. Кимде убактысы же мүмкүнчүлүгү болбосо алдын ала кабарлашсаңыздар ѳзүбүз алып кетебиз. Акчалай бере тургандар болсо – 0779150177 Элсом капчыгына которсоңуздар болот. Баардык суроолор боюнча тѳмѳнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
Хадижа Акинова 0770-34-70-36 же 0707-77-27-91
Сумая ухти +996 553 372 003.
Ассаламу алайкум уа рахматуЛлохи уа барокатух, уважаемые братья и сестра мусульмане! Инициативная группа возобновляет сбор средств для нуждающихся мусульман. Принимаются одежда (женская, детская), продукты питания, игрушки, деньги! Аллах Субхана уа Тааля говорит в Куръане: «Расходуйте из того, чем Мы вас наделили, до того, как вас постигнет смерть и вы скажете: «Господи! Предоставь мне недолгую отсрочку, и я буду раздавать милостыню и стану одним из праведников». Сура аль-Мунафикъун 10 аят. Аллах также сказал «Скажи: «Воистину, мой Господь увеличивает или ограничивает удел тому из Своих рабов, кому пожелает. Он возместит все, что бы вы ни израсходовали. Он – Наилучший из дарующих удел». Сура Саба 39 аят. Всевышний также сказал: «Тем, кто расходует свое имущество ночью и днем, тайно и явно, уготована награда у их Господа. Они не познают страха и не будут опечалены». Сура аль-Бакъара 274 аят. За садакъа, пожертвованный ради довольства Аллаха, Аллах в День Суда вернет в 700кратном размере, ин шаа Аллах.
Пожертвования можете привезти по адресу: мкр Аламедин-1, Хадиже ухти - 0770-34-70-36 или 0707-77-27-91 или мкр Тунгуч-2, Сумая ухти - +996 553 372 003. Кто желает дать деньгами можете перечислить на кошелек Элсом на №0779150177. Инициативная группа распределит все ваши пожертвования и предоставит фото отчет о проделанной работе.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 12