*
Тык - тык...бул ким?! ким эле, мен - өлүмүң.
Өтөөрүнү - өтөп бүттү өмүрүң.
Койчу, кантип...? бир аз кое турсаңчы.
Жоок, койбоймун! бүттү деди, өкүм үн.
Кантип бүттү? дагы бир аз убак бер?
Өмүрүмдү, дагы бир аз улап бер.
Мен өлүмгө, даяр эмес элем го.
Улам ыйлап, колу менен урат жер.
Болду эми, каалагандай жүргөнсүң.
Намаз оку, дегендерге күлгөнсүң.
Ошол чардап жүргөнүңдө бир күнү.
Өмүр барып, - токтоорун да билгенсиң.
Эми сени, кысып кыйнайт кабырың.
Баары бүттү, байлык, мансап кадырың.
Ар бир күнөөң, жылан болуп келет да.
Жан чыдагыс, азап берет катыгүн.
Эми сенин, көрөөр күнуң тозокто.
Эми сенин, күнүң өтөт азапта.
Кедейлерди жүрдүң эле шылдыңдап.
Кана эми, көрөйүнчү мазакта....
Дүйнө топтоп, зекетини бербедиң.
Ачкаларды, кабар алып келбедиң.
Садакада, дагы кылдың сараңдык.
Жалаң гана, оюн болду эрмегиң.
Отко, сууга, мазарларга сыйындың.
Арам оокат жыйнаганга күйүндүң.
Күнөөлөргө тообо кылып кайгырбай.
Ойноп - күлуп жүргөнүңө сүйүндүң.
Өткөнүнө өкүнбөдүң ай - жылдын.
Колдоо издеп, арбактарга кайрылдың.
Көзү ачык шайтандарга ишенип.
Мына ошентип, ыйманыңдан айрылдың
Арам дебей, билгениңдей жеп ичтиң.
Жолун такыр издебедиң кейиштин.
Бирөөлөрдүн мүлкүн жеген, уурдаган.
Сага эми, жыты арам бейиштин.
Күнөөлөрдүн баардыгыны кечээги.
Өзүң кылдың, сендей жүрөт нечени.
Кылганыңа жатасыңбы өкүнүп?
Баары бекер, өкүнгөнүң кеч эми.
Деген жерде, жигит кетти ойгонуп.
Көл - шал тердеп, каректери айланып.
Жүрөк дагы, чыгайын деп кабынан.
Согуп жатат, кирпике жаш байланып.
Дароо туруп, чүркап барды мечитке.
Эми гана, таң агарган эшикте.
Ал ошентип намаз окуп үлгүрдү.
Сенчи досум? сен да үлгүр, кечикпе.
Автор :Таирбек Ерматов


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 14