Өтсө дагы бир топ күндөр арадан,
Өксүгөн дил айыга элек жарадан.
Куса болду калкым Чубак ажыга,
Эли үчүн ак кызматка жараган.
Аттиң өлбөй, түш болуп гана калганда,
Бирок, ажал сыр экен го жалганда.
Бир кем дүйнө болот тура ушундай,
Ишене албай, жүрөк дале арманда.
Буйрук экен тагдырга биз багынып,
Бейиш сурап бир кудайга жалынып,
Баркын сезип, отурабыз кайгыда,
Орду толгус ажыкемди сагынып.
Эркке койбой көздөн жаштар агылат,
Эстегенде күйүт оттой жагылат.
Алла койсо аалымдарды сүйдүрүп,
Бул сезимге ар бир момун кабылат.
Жакшы иштин болуп дайым башаты,
Кыска өмүрдө эң нускалуу жашады.
Из калтырып кетти өчпөс артында,
Эл ичинде калып барктуу атагы.
Эл унутпайт айткан насаат сөзүңдү,
Тарых бети сактайт дайым өзүңдү.
Жаратканым ыраазы болуп ажыкем,
Бейиш менен кубандырсын көзүңдү.
Касым Сыдыков 02.08.2020


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 20