*
Эмне мынча бүктүшө ботосуз калган боз инген сымал боздоп нашүкүрлүк кылабыз? Бирөө жарым жакшы сүйлөп, колунда болсо ага кул болуп алмай да адатыбыз бар. Негизи эле кимге кулбуз? Курулай кулак-мээни жеген куйкуму жок сөздөр менен гана алектенген, эч амалыбыз жок, бирок Аллага гана кулбуз дейбизби?! Ал эми түпкү тамыры, жасаган жоруктарына дал келбегенин өз көзүбүз менен көрүп, туюп турсак да чийки эттен болгон инсанга же болбосо напсинин эле кулу экениңди айгинелебей эле жокко чыгаргыбыз келет. Өмүрүбүз өтүп жатат токтоосуздан. Качанкыга чейин жарыбаган нерселерге, көрүнбөгөн ширк кылып, жашообузду жалган нерселерге байлай беребиз? Жарык нур, чырайлуу шоола чачкан, көрккө көрк кошо турган Жаратканга качан чын дилден кулдук урабыз? Адамдын түзүлүшүн, кан айлануу системасын, сөөк системасын, нерв, булчуң системаларын карап көрөлүчү? Кандай гана чебер уста кынтыксыз жараткан дейбиз. Албетте Алла. Алла бизди жаратууда бизден эч нерсе сураган жок акысына. Жаратты, ибадат кыл деп максатыбызды айтты. Ал ибадатты кылбай койсоң Алланын даражасы түшүп кетпейт! Ибадат кылсаң даражасы көтөрүлүп да калбайт. Ал ибадат сиз менен биз үчүн керек акыретте. Эх,чиркин! Баарын билебиз, амал кылбайбыз. Тирүүбүз, демек тообо эшиги али дагы болсо ачык. Келгиле ушул рахмат айында тообо кылып Аллага жакындайбыз?
Алла Таала мындай деген: "Оо, момундар! Баарыңар Аллага тообо кылгыла! Балким (ошондо азаптан) кутуларсыңар." (Нур:31)
Алланын элчиси саллаллооху алайхи уа саллам мындай деген: "О,адамдар! Аллага тообо келтиргиле жана Андан кечирилишиңерди сурангыла, а мен болсо күндө жүз жолудан тообо кыламын". (Муслим)
Даярдаган: Умму Аамир.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2
وَقُل لِّلْمُؤْمِنَاتِ يَغْضُضْنَ مِنْ أَبْصَارِهِنَّ وَيَحْفَظْنَ فُرُوجَهُنَّ وَلَا يُبْدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلَّا مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَلْيَضْرِبْنَ بِخُمُرِهِنَّ عَلَى جُيُوبِهِنَّ وَلَا يُبْدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلَّا لِبُعُولَتِهِنَّ أَوْ آبَائِهِنَّ أَوْ آبَاءِ بُعُولَتِهِنَّ أَوْ أَبْنَائِهِنَّ أَوْ أَبْنَاءِ بُعُولَتِهِنَّ أَوْ إِخْوَانِهِنَّ أَوْ بَنِي إِخْوَانِهِنَّ أَوْ بَنِي أَخَوَاتِهِنَّ أَوْ نِسَائِهِنَّ أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُهُنَّ أَوِ التَّابِعِينَ غَيْرِ أُولِي الْإِرْبَةِ مِنَ الرِّجَالِ أَوِ الطِّفْلِ الَّذِينَ لَمْ يَظْهَرُوا عَلَى عَوْرَاتِ النِّسَاءِ وَلَا يَضْرِبْنَ بِأَرْجُلِهِنَّ لِيُعْلَمَ مَا يُخْفِينَ مِن زِينَتِهِنَّ وَتُوبُوا إِلَى اللَّهِ جَمِيعًا أَيُّهَ الْمُؤْمِنُونَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ
«Аллаху Таала тообо кылгандарды сүйөт»... (Бакара 222)
وَيَسْأَلُونَكَ عَنِ الْمَحِيضِ قُلْ هُوَ أَذًى فَاعْتَزِلُوا النِّسَاءَ فِي الْمَحِيضِ وَلَا تَقْرَبُوهُنَّ حَتَّى يَطْهُرْنَ فَإِذَا تَطَهَّرْنَ فَأْتُوهُنَّ مِنْ حَيْثُ ...Ещё«Аллахка тообо кылгыла!»… (Нур 31)
وَقُل لِّلْمُؤْمِنَاتِ يَغْضُضْنَ مِنْ أَبْصَارِهِنَّ وَيَحْفَظْنَ فُرُوجَهُنَّ وَلَا يُبْدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلَّا مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَلْيَضْرِبْنَ بِخُمُرِهِنَّ عَلَى جُيُوبِهِنَّ وَلَا يُبْدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلَّا لِبُعُولَتِهِنَّ أَوْ آبَائِهِنَّ أَوْ آبَاءِ بُعُولَتِهِنَّ أَوْ أَبْنَائِهِنَّ أَوْ أَبْنَاءِ بُعُولَتِهِنَّ أَوْ إِخْوَانِهِنَّ أَوْ بَنِي إِخْوَانِهِنَّ أَوْ بَنِي أَخَوَاتِهِنَّ أَوْ نِسَائِهِنَّ أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُهُنَّ أَوِ التَّابِعِينَ غَيْرِ أُولِي الْإِرْبَةِ مِنَ الرِّجَالِ أَوِ الطِّفْلِ الَّذِينَ لَمْ يَظْهَرُوا عَلَى عَوْرَاتِ النِّسَاءِ وَلَا يَضْرِبْنَ بِأَرْجُلِهِنَّ لِيُعْلَمَ مَا يُخْفِينَ مِن زِينَتِهِنَّ وَتُوبُوا إِلَى اللَّهِ جَمِيعًا أَيُّهَ الْمُؤْمِنُونَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ
«Аллаху Таала тообо кылгандарды сүйөт»... (Бакара 222)
وَيَسْأَلُونَكَ عَنِ الْمَحِيضِ قُلْ هُوَ أَذًى فَاعْتَزِلُوا النِّسَاءَ فِي الْمَحِيضِ وَلَا تَقْرَبُوهُنَّ حَتَّى يَطْهُرْنَ فَإِذَا تَطَهَّرْنَ فَأْتُوهُنَّ مِنْ حَيْثُ أَمَرَكُمُ اللَّهُ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ التَّوَّابِينَ وَيُحِبُّ الْمُتَطَهِّرِينَ
«Аллаху Таалага насух тообо кылгыла!»… (Тахрим 8)
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا تُوبُوا إِلَى اللَّهِ تَوْبَةً نَّصُوحًا عَسَى رَبُّكُمْ أَن يُكَفِّرَ عَنكُمْ سَيِّئَاتِكُمْ وَيُدْخِلَكُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِن تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ يَوْمَ لَا يُخْزِي اللَّهُ النَّبِيَّ وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ نُورُهُمْ يَسْعَى بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَبِأَيْمَانِهِمْ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَتْمِمْ لَنَا نُورَنَا وَاغْفِرْ لَنَا إِنَّكَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ