Предыдущая публикация
АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

11 апр 2021

АЙРАН ЖАНА АНЫН СУУСУНУН ПАЙДАСЫ!!!

Айран менен сүт азыктарынын сары суусу сулуулук жана ден соолук үчүн пайдалуу экени белгилүү. Бирок, көптөр аларды кантип пайдаланууну так биле бербейт. Буга байланыштуу аталган азыктарды колдонуунун жолдорун сунуштайбыз.
Айран
Саламаттыкта
Организмди шлактардан тазалоочу табылгыс азык. Бул үчүн башка тамак-аштарды биротоло чектеп, 3 же 5 күн бою айранды гана ичип туруу керек.
Тамак ичүүгө табит тартпай турганда айран ичиңиз. Анын жагымдуу даамы ашказан бездерин иштетип, мунун эсебинен табит ачылат.
Айран тамак сиңирүүчү каражат катары да жакшы жардам берет. Тамагыңыз сиңбей кыйналсаңыз айрандан бир стакан ичип койсоңуз, 50-60 мүнөттө жегениңиз аш болот.
Майлуулугу жокко барабар болгон айранды ичип турса, ал жүрөк кемтиги, атеросклероз, миокард инфаркты сыяктуу кан тамыр ооруларынын өөрчүүсүн басаңдатат.
Өзүңүздү алсыз сезип, сасык тумоо айланчыктап турганда айран ичип туруңуз. Ал иммунитетти бекемдеп, ооруга каршы турууга жардам берет.
Комплекстүү аллергияга жакындыгы бар болгон шартта да айран ичип туруу керек. Ал аллергияга чалдыгуудан натыйжалуу коргойт.
Косметологияда
3 аш кашык талканды идишке салып, үстүнө аны көмгүдөй кылып айран куясыз. Жакшылап аралаштырган соң бетиңизге жаап, 15 мүнөттөн кийин жууп саласыз. Анан майлуу кремден сүйкөп койсоңуз, териңиздин кургактыгы билинбей калат.
Териңиз майлуу болсо, эртең менен бетиңизге айрандан тегиз кылып жаап, 15 мүнөттөн кийин салкын сууга жууп салыңыз. Бул майлуулукту азайтуу менен катар бетти назик кылат жана агартат.
Бир жумуртканын агы менен 2 аш кашык айранды аралаштырып бетиңизге сүйкөйсүз. 15 мүнөттөн соң салкын сууга жууп салсаңыз, териңиз кургабайт.
Түбүндө шекер кошулбай ичилген кофенин жугу калган идишке 2 аш кашык айранды куюп, жакшылап аралаштырасыз. Анан аны сууланган бетиңизге жаап бир мүнөткө жакын массаждап турасыз. 10 мүнөттөн кийин жууп салсаңыз, бетиңиз назик болуп, жагымдуу көрүнүп калат.
Теринин майлуулугунан улам беттин жылтырап жүргөнүн каалабасаңыз, кадимки дрожждун жарымын идишке салып, ага бир жумуртканын сарысын, бир нече тамчы лимон ширесин жана бир аз айран кошуп туруп сүйкөп, 10-12 мүнөттөн кийин кайра жууп жүрүңүз.
Айран чачтын түшүүсүнө каршы да жакшы жардам берет. Ал үчүн алгач айранды жылытып чачыңызга сүртөсүз. 15 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп саласыз. Мындай ыкманы бир айдын ичинде 5-6 жолу кайталасаңыз чачыңыз түшпөй, сапаттуу болуп калат.
Капуста ширеси менен айранды теңме-тең аралаштырып, муну уктоо алдында бетиңизге сүйкөп кайра жууп турсаңыз, андагы майда кара чекиттер жоголот.
Сүт азыктарынын сары суусу
Саламаттыкта
Сары суунун курамында лактоза бар. Андыктан, андан тамак алдында бир стакан ичип алса, ал ичти көптүрбөйт жана тамактын тезирээк аш болуусуна жардам берет.
Иммунитетти күчтөө үчүн күн сайын эртең менен бир стакан сары суу ичсеңиз болот.
Сары суунун курамындагы В витамини организмде май менен көмүртектин алмашып туруусун тездетет. Андыктан, аны арыктоо үчүн да колдоно бериңиз.
Сары сууну күн сайын ичип турсаңыз, ал чарчоону жазып, жумушка болгон жөндөмдүүлүктү жогорулатат. Курамындагы калий элементи болсо унутчаактыкты жоюп, эс-тутумду кайтарат.
Стресске каршы эң жакшы каражат. Себеби, ал стрессти пайда кылуучу гормондорду жок кылып, кубаныч гормону аталган серотонинди бөлүп чыгарат.
Организмди уулардан жана шлактардан тазалоодо маанилүү. Ал үчүн эртең менен ачкарын бир стакан сары суу ичип коюңуз.
Косметологияда
3 аш кашык быштак менен 3 аш кашык сары сууну аралаштырып бетиңизге жабасыз да, 10 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп саласыз. Муну күн ара кайталап турсаңыз, беттеги сепкилдерди кетирүүгө жардам берет.
Күнгө күйүп калган дененин оорусун жана кызылын кетирүү үчүн бир ванна жылуу сууга 2 л сары сууну куюп алып, ага 20 мүнөт жатуу керек.
Эки колуңуз кенен бата турган идишке сары сууну куясыз да, ага бир чай кашык оливка майын аралаштырасыз. Бир аз жылытып алып, аралашмага колдоруңузду салып отурсаңыз, тырмактар катмар-катмар болуп сынбайт жана колдун териси назик тартат. Жумасына 2 жолу жасап туруу шарт.
1 аш кашык ундай болуп майдаланган буурчакка бир аз сары суу кошуп аралаштырасыз. Анан бетиңизге тегиз жаап, 15-20 мүнөттөн соң салкын сууга жууп салсаңыз, бетиңиздин териси майлуу болбой калат.
Чачыңызды сары сууга чайкап, 15-20 мүнөттөн кийин кайра шампунь менен жууп салсаңыз, жибектей шуудурак чачка ээ болосуз. Мындай ыкма чачтын түшүүсүн дагы токтотот.
Эртең мененкисин жана кечкисин сары сууну бетиңизге сүйкөп, кургаганда жылуу сууга жууп салып турсаңыз, кара тактар түшпөйт. Сары сууну муздаткычтын тоңдургучундагы калыпка куюп тоңдуруп, улам бирден чарчы музду алып бетиңизге сүртүп турсаңыз да бул кара тактарга каршы натыйжалуу каражат болуп эсептелинет.
Сүт азыктарынын сары суусун алуунун жолдору:
Сүттү жылуу жерге коюп койсоңуз, ал ачыйт. Ошондо гана аны жай отко коюп коёсуз. Убакыт өткөндөн кийин сүттүн бетинде быштактын бүртүктөрү пайда болот. Бул маалда аны оттон чыгарып муздатып марлядан өткөрүп жиберсеңиз, таза сары сууну аласыз.
Бир литр сүттү отко коёсуз. Кайнай баштаганда ага бир лимондун ширесин кошуп жиберип дароо оттон чыгарасыз. Бир азда сүт быштактын бүртүкчөлөрүнө жана сары сууга бөлүнө түшөт. Анан аны марлядан сүзсөңүз, сары суусу өзүнчө калат.
Уюган айрандын коюусун өзүнчө алып алсаңыз, мискейдин түбүндө айрандын сары суусу калат.

АЙРАН ЖАНА АНЫН СУУСУНУН ПАЙДАСЫ!!! - 913311076299

Комментарии 25

Арзыкан Эгемжарова
Арзыкан Эгемжарова
😍
11 апр 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Назгул Бакасова
    Назгул Бакасова
    ❤️
    11 апр 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айкокул Максытовна(замужем)
    Айкокул Максытовна(замужем)
    Сузмодон калган саары сууну иштетем мен
    11 апр 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жумагул Кубат кызы
    Жумагул Кубат кызы
    😃
    11 апр 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Kamilla yruskeldi
    😃
    11 апр 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айпери Абдырахманова
    Айпери Абдырахманова
    🎁
    11 апр 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Vgfuihff Acfhff
    Поздравляю!!!
    12 апр 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жыпара Осмонова
    Жыпара Осмонова
    ❤️
    12 апр 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жыпара Осмонова
    Жыпара Осмонова
    12 апр 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айнагул Казыновна
    Айнагул Казыновна
    👍👍👍👍👍
    15 апр 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    🌷🌷🌷🌷🌷🌷 😘😘😘😘
    🌷🌷🌷🌷🌷🌷 😘😘😘😘
    ❤️
    16 апр 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    🌷🌷🌷🌷🌷🌷 😘😘😘😘
    🌷🌷🌷🌷🌷🌷 😘😘😘😘
    Супер!
    16 апр 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Райхан Момунова
    Райхан Момунова
    👆👍👍
    16 апр 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Бермет Жолдошова замужем
    Бермет Жолдошова замужем
    😂
    17 апр 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ♠️Mir Akimovy
    ♠️Mir Akimovy
    Айран менен бетиме маска жасачумун
    25 июн 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ♠️Mir Akimovy
    ♠️Mir Akimovy
    Үйдө отурган айымдарга интернет аркылуу иштеп акча тапканды үйрөтөм....Личкама жазгыла кыздар .
    25 июн 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Дамира Чынгышева
    Дамира Чынгышева
    😃
    20 авг 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Дамира Чынгышева
    Дамира Чынгышева
    😃
    20 авг 2021
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Орроррпооорррроо Паапппр
    Орроррпооорррроо Паапппр
    😍
    20 июн 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Роза Айнура
    Роза Айнура
    🎁
    30 июл 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

    АйЫмДаРгА МиҢ КеҢеШ KG

    ЛентаТемы 4 739Фото 4 939Видео 15Участники 96 210
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 4 739
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться