Предыдущая публикация

🌱КМДБ КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУ

26 мая 2020

Ассаламу алайкум Москва шаарындагы мекендештер жана кыргыз калкы.

Сиздердин жалпыңыздарды Орозо Айт майрамы менен МИРГРАНТ КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУНУН ЖАМААТЫНЫН атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз!
⠀
Баарыбызга маалым болгондой, быйылкы 2020-жыл оор жылдардын бири болду. Буга себеп, бүткүл дүйнөгө таралган таажы илдети эсептелет. Бирок, ушундай оор кырдаалга карабай, биздин фонд четте карап турбастан, муктаждарга колдон келген жардамын аяган жок. Андан сырткары кирип келген айт марамына карата муктаж мекендештерге майрамдык маанай тартуулоого да жетишти. Учурдан пайдаланып фондубуздун алгачкы кылган иштери тууралуу айта кетүүнү туура көрдүк. ⠀
Сиздердин көмөгүңүздөр жана жалып элибиздин ынтымагы менен, фитр-садака катары чогулган каражатка 1600 даана баштык; күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү ар түрдүү азык-түлүктөр кайрымдуулук үчүн сатылып алынды.
⠀
85 адамдан турган ыктыярчылар тобу майрамга карата азык-түлүктөрдү чогултууга жардамдарын беришти. Алар картошка, пияз сорттоп, ун, күрүч, сүт ж.б азыктар салынган баштыктар 65 унаа менен муктаждардын даректерине жеткирилди. Көп саат бою жолдо унаа айдап рулда жүрүү чоң эмгек. Бирок биз бул нерсени Аллахтын жардамы менен жасай алдык!
⠀
Муктаж болгон, көп балалуу, кош бойлуу жана майып жарандар майрамдын урматына азык-түлүк жардамын ала алышты. Албетте, биз бул нерселерди сиздердин жардамыңыздар менен ишке ашырдык.
⠀
Муктаж болгондорго жардам берүү үчүн каражат берип, кол сунган бардык жарандарга ыраазычылык билдиребиз жана берилген фитир садакалардын кабыл кылуусун Аллахтан сурап дуа кылабыз.
⠀
Ошондой эле бизге жардамдашкан ыктыярчыларга фонддун атынан чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Биздин фонд сиздерди дайыма баалайт жана эч качан унутпайт.
⠀
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!
ЖАМАНДЫК ИШТЕ ЖЕТЕКЧИ БОЛГОНЧО,
ЖАКШЫЛЫК ИШТЕ ЭРЧҮҮЧҮ БОЛ, ЗАМАНДАШ!

Орозо айттын урматына 1600 баштык азык-түлүк МИГРАНТ КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУ тарабынан таратылды
01:18
Орозо айттын урматына 1600 баштык азык-түлүк МИГРАНТ КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУ тарабынан таратылды
1 623 просмотра

Комментарии 1

Сейил Калыбек кызы
Сейил Калыбек кызы
Саламатсыздарбы мен мигрант кайрымдуулук фондко кайрылат элем менин 4 балам бар эки кызым оорукчан чон кызым без менен ооруйт кичинекей кызымдын журогу ооруйт кичинекей кызымдын питаниясынан кыйналып атам журогунон эки жолу операция болгону турат каражатым жок болгондуктан кайрылып турам озум Бишкекте квартирада турам кимде Ким жардам берем дегендер болсо.тел. 0707572082.Элсом .0707572082.
26 мая 2020
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти

    🌱КМДБ КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУ

    ЛентаТемы 5 415Фото 3 856Видео 646Участники 65 966
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 5 415
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться