Мен Суусамырдын кызымын. Кичи Мекенимдин мен үчүн ыйык сезилген суусу, ташы, чөбү, жаратылышы тууралуу сөз кийин болсун. Азыр менин айтайын дегеним башка.
Суусамырда чилде түшкөндө суук – 46° – 48° С чейин жетет. Эми ошондой суукка туруштук бериш үчүн кийимиң жылуу, курсагың ток болушу керек.
Күндүн илеби кайтып, түндө эшикте суусу менен калып калган кумгандын үстүнө кылаңкыр муз тура баштаган маалда (октябрдын аягы, ноябрдын башы) атам согум соёр эле. Мал жайлоодон келип, этинен түшө элек кунаажынды жем-чөпкө алып, тулуптай семиргенде кошуна-колоңду чакырып согум сойчубуз. Согум союу деген кадимкидей эле майрам болчу. Адегенде атам бычакты чарыкка тартып, анан бүлөп курчутчу. Ал кезде апам аш-тамагын даярдап, кичүү байкем Кыялбекти чабармандыкка жиберишчү (ал кезде телефон, вотсап группа деген жок да). Апам шашкалактап дасторкон жайып, менин да жанымды тындырбай тигиге-буга жумшап конок күтүп бүлүнүп эле калабыз.
Дасторконго бата тартылып, эркектер эшикке чыгып кеткен соң аялдар баштан таңмай кылышчу...
Уйдун ичи жарылганда келин-кесектер ичеги-карын артканга сыртка чыгышат. Ара-чолодо бозосун көтөрүп апам жүрчү балбалактап өзүнчө эле сүйүнүп.
Бозо демекчи “күч болот, кубат болот. Суукта бозо болбосо адам чыдайбы?-деп угут өндүрүп таруу бозо салчу апам жылына. Атам кирип-чыгып бозону жылыттырып ичээр эле. Үйдө аппак болуп акталган меште дайыма алоолонуп от күйүп, үстүндө боркулдап тамак, чайнектерде чай кайнап турчу. Атам эшиктен кирип: Сары үкүм (ал мен), бозодон жылыт, кызым- дейт. Мен 2 литрдей болгон эмаль челекке жартысынан бозо жылытам. Баламын да ошонун жылыганын көрүш үчүн ууртабастан сөөмөйүмдү салып көрчү элем. Анда 2-класс болсом керек. Колумдун деле таптаза экенине азыр күмөнүм бар.
Ошентип кирип-чыгып бозо жылыттырып ичип атып кечинде малдан келгенде атамдын мурду кызарып, көздөрү коюлуп калчу. Бир чети сууктан ысыкка киргенде бети албырып, кечке жаны тынбаган атам чарчап, уйкусу келсе, бир четинен боркулдап көбүрүп ачыган бозонун градусунун таасиринен ошентчү окшойт.
Согумчуларга бозо берип келип апам отту алоолонто жагып, чоң кара казанды мешке асат. Аңгыча байкем кирет куурдактык этти булоолонтуп. Апам эт туурайт, мен үлпүлдөтө пияз туурайм. Өз майына өз этин кууруп, туздан башка эч нерсе кошпой кара куурдак кууруйт апам. Эми даамдуусун айтпа!
Апам ырымчыл киши. Байкеме: өзүбүз ооз тийе электе уйдун кан-панын итке ичирип жибербе-дейт. Куурдак бышканда да эбин таап атама: мал ээси машаяк дейт, адал-ак малыбыз, биринчи өзүң ооз тий-деп бере салат. Атам анча жактырбай: жасап атып тузун көргөндүрсүң да, болот ошол -деп атып ооз тийет.
Оо, анан майрам башталат. Кара куурдактан жеп, бозодон ичип, уйдун семиздигин, аны байлаган атамды макташып, бала – бакыраң менен кыштан аман-эсен этти буйруп жегиле дегендей жакшы тилектерин айтып, ырдап-чоордоп атып кетишет. Ал арада апам кол кесер деп чакаларга эт салып даярдап коёт. Согум союшуп, этке тоюшкан кошуналар ыраазычылык билдирип, кол кесерлерин алып, күздүн кыска күнүндө кеч курун үйлөрүнө кетишет.
Анан да кызыгы апам кайра кечкиге эт салчу. Аны качан жеп, качан сиңирип, качан жатчубуз деле билбейм. Бирок ошончолук эт-майдан апамдын оозу толо жегенин эсиме киргени көргөн жокмун. Мен билгени эле апам камырды сууга чайкап жеп, жарымын суу, жарымын сүт кылып ботко (каша) жасап жеп келатат. Антсе да кудай апама узун өмүр берсе экен деп тилейм.
Бизде ылдыйкы үй, өйдөкү үй деген эки үйүбүз боло турган (азыр ылдыйкы үй кампа болуп калган). Согумдун этин эки столго ошол ылдыйкы үйгө жайып койчу апам. Анан кыштын узун түндөрүндө ылдыйкы үйдөн бөз баштыкка эт көтөрүп келип чоң казанга салып, өкүл ата, өкүл уул-кыздарын конокко чакырышчу. Андан кийин шеринелештери, анан атамдын айылга турмушка чыккан карындашын, эжекесин, таятам-тайенемдерди кылып кезек менен согум жегенге чакыра беришчү. Атамдарды да согумдун этинен ооз тийгенге деп чакырышат. Мен үйдө эң кичүүсү, эркеси болгондуктан калбай ээрчип алам. Атамдын ИЖ маркасындагы кызыл мотоцикли бар болчу. Апам люлкага отуруп, мени алдына алып, жууркан менен ороп алат. Кыштын кычыраган сууганда кабыма шым, тыбыт колкап, тон кийип атам рулда. Кээде негедир чана менен айылчылачубуз (көрсө ошондо жол тайгак болчу тура. Менин аны менен ишим эмне, конокко барганыма кубанып эмне болсо да кете берем). Атам ичик, ушанка түлкү тумак кийип, апам мени жуурканга ороп, атты чанага чегип, жөнөп калабыз.
Эшиктен үйгө кирегенде буу көтөрүлүп, кирпигибизге тоңуп калган муздар эрий баштачу. Сууктан ысыкка киргенге муздубуз жибип, беттерибиз албырып барып тарачу.
Турар агайдыкына (эмгек сабагынан атама сабак бериптир. Кийин баласына атамды-окуучусун өкүл ата коёт. Атам мугалими болгондуктан агай десе, биз деле атамды туурап жашынын улуулугуна карабай агай дечүбүз) барганда баласын ырдатат. Ал аккардеону менен Бек Борбиевдин “Түн чүрөгү”, “Ай кызым” ж.б. ырларын ырдайт. Биздин үйгө келгенде атам, улуу байкем Үмүтбек комуз менен ырдашат. Ошентип түн бир оокумга чейин ичип-жеп отуруп үй-үйлөргө тарамай болчу.
Азыр деле айылда береке. Аш көп болсо каада көп болуп кышкысын улак тартышат. Баламдын тиши чыкты, коюм үч эм тууду, кызым олимпиададан 1-орунду алды ж.б. майда-чүйдө кубанычтарда кошуна-колоң санаалаштар чогулуп чайлашып турушат экен. Бирок баары бир баягы мен бала кездегидей эмес. Анткени андагы төрдүн көркү аталар-апалардын арасы суюлуп (арасында менин атам да бар. Атамдын өткөнүнө 7 жылдын жүзү болду), үйдүн куту бөксөргөндөй, мен бала кездегидей береке жоктой сезиле берет мага.
8.12.25 Изати Белекова
#согум_элдик
Нет комментариев