Айлана өзгөчө жарык боло калганынан эки-жагын карап, баамдаса аэропортко жакындап калышкан экен. “Эмнеге самолет ойго келбеди, билет карасак болмок да?” деп ойлоду. Чын эле самолет менен баралы, билет карайлы деп ойлоно албаптыр. Аялы деле айтпаптыр. Асмандагы жанып өчүп аткан кызыл жарыктар көңүлүн алагды кылды. Так машиненин маңдайынан жогорто көөдөй караңгыны жиреп эки самолет кайчылаш өтүп баратыптыр. “Самолетторду кара” – деди, жанында телефон чукулап бараткан аялына. Анысы телефондон башын көтөрүп, асманды карады да:
-Ии, бири жаңы көтөрүлүптүр, бири конгону ылдыйлап бараткан экен ээ? –деди.
-Бирөөлөрдүн сапары башталды, бирөөлөрдүн сапары бүттү, демек...
Жолго чыккандарына үч саатка жакындап калса да, болгон сүйлөшкөндөрү ушул болду. Кайрадан ортону жымжырттык басты. Кап самолетко билет караган ойго келбептир да... шашып... деп, кейиди. Аялы унчуккан жок. Бул жол эми оңою менен арбыбайт го... Түн кирип баратканга да бир тараптан чарчоо, бир тараптан уйку басып кыйналып баштады. Бирок бир жерге токтоп “чырм” этип алууга такыр болбойт. Алдыда дагы он эки сааттык жол бар. Ушул жолдон ал далай эле ары-бери өттү. Алыс жолго чыкканда ар дайым музыка коюп алчу эле, бүгүн аны да кыла алган жок. “Баарыбызды таштап, кайдагы ата-бабаң көрбөгөн шаарга кетип баратасың. Сага бирдеме болсо биз сени издеп барбайбыз” деген ага кызы, апасы, жалгыз карындашы. Бир жолу эле эмес ушинтип далай жолу эскертишкен. Бирок аларды уккан жок. “Мага эч качан эч нерсе болбойт”- деп койчу. Мына эми бүгүн аларды өзү издеп баратат.
Аялы да андан бетер тунжурап жолду карап үн-сөзсүз. Аны менен сүйлөшүп, алаксып баргысы келди. Бирок ал ойго батып, телмиргенден телмирет. Өзү бирдеме деп сөз баштагандан айбыкты. Сөз баштаса эле качанкы өткөн окуяны айтып, беттен алар бекен деп унчукпайт. “Ал деле азыр ошол окуяны эстеп баратса керек” деп ойлоду.
Мындан он жыл мурун: “Сени үй-бүлөм менен тааныштырам. Айылыма баралы, апамдын, тууган-уруктун батасын алалы” деп, аялын ушул жол менен айылына алып барган. Туулганы ал чөлкөмдү көрбөгөн неме көңүлү элеп-желеп болуп, жол бою бежиреп сүйлөп барган, анда. Бир кайненсине алган белегин айтып, бир кайын сиңдисине алган белегин мактап, бир дасторконун айтып көңүлү шат болчу. Өзү да ошол айыл турмушунан тажап, карыган апасын, ансыз да аралары сууп калган аялын, жалгыз кызын таштап шаарга кетип калгандан тартып айылга каттай элек эле. Сагынычы көкүрөгүн жара тээп, айылга кантип кирерин, канча күн жүрөрүн кыялданып атып бат эле жетишкендей болгон.
Бирок баары алар ойлогондой болгон жок. Апасы аларды короодон үйгө киргизбей күтүп алды. “Карааныңды көзүмө көрсөтпө!” деди уулуна. Заматта коңшу-колоң, тууган-урук чогулду. “Мобул даагириңди кайдан апкелсең өзүң да ошол жакка жогол! Сизге келин апкелдим деп коет, арсыз. Мага, келин имиш, менин келиним бар. Сен мени карабай таштап кеткенде, мени ошол келиним бакты. Менин көзүм тирүү турганда Каныкей жетелеп келсең да кабыл албайм!” деп албууттанды. Апасынын ал сөзүн карап турган тууган-урук да коштоду, туура көрдү. Эл арасынан мурунку аялына, кызына көзү түштү. Аны кетип калды деп уккан, кайра келип калганын кайдан билсин. Апасынын деле өзүнө нааразы экенин билчү. Бирок, эне да кайда барат эле, бактылуу экеними көрсө сүйүнөт, эмне үйдөн кууп чыгат беле?” деп ойлоп, алдын ала кабар бербей барган эле. Мындай болору түк оюна келген эмес. Жетелеп барган аялынын көзүнчө сынып, жети өмүрү жерге кирип кайра шаарга кайткан. Андан кийин айылы жөнүндө, тууган-туушканы жөнүндө “лам” деп ооз ачпай, тилин тишине катып жашады.
Бүгүн деле аялына эчтеке айткысы келген жок. Бирок, каякка барарын, эмнеге барарын айтышы керек эле да. Кантип айтарын билбей көпкө буйдалды. Жумуштан келип душка түштү. Жолго чыксам даярданып алайын деп, сакал-мурутун алды. Телевизор көрүп отурган аялына жакындап:
-Айылдан кабар келди, апам каза болуптур деп, угузду.
-Эмне? Аялы алгач чочуп ордунан тура калды да, эмне кыларын билбей саамга селейди. Анан анын жанына басып келип, кучактады. “Кайрат кыл, бейиштик болсун” деп, моюнунан жыттады.
Көзүнө жаш алды. Эне деген эне да... Бир кыйла тунжурап отурду.
-Мен жолго чыгайын эми – деди, уруксат сурагансып, бирдеме айталбай тургансып мукактанды.
-Мен да даярданайын.
-Сен... Сен барасыңбы?
Барбай эле кой дегиси келди дилинде. “Барам да” деди, аялы чечкиндүү үн менен.
-Барам да, сени жалгыз жибермек белем. Ушунча жолду... Апаң болсо...
Аялы сөзүн аягына чыгарбай туруп, буюм-тайымдарын салыштырып, даярданып кирди.
***
“Шаардагы досторума кабар берип койсомбу” деп ойлоду. Эч ким деле барбаса керек алыс жерге. Бирок баарыбир ким бирөөлөргө кабар бергиси келип, бир досуна телефон чалып, жолдо кетип баратканын, апасы каза болгонун. Бир жумадай жок болорун айтты. Дагы бирөөгө чалып ушундай эле таризде сүйлөштү. Үчүнчү кишиге чаларда аялы:
-Башыңды бир аз оор карма, ар кимге чала бербей. Бир кишиге чалдыңбы калганы угат, өздөрү чалат, - деп урушту.
Анан эч кимге чала албай, унчукпай жолду тиктеп кете берди. Апасы жөнүндө ойлогусу, аны эстегиси, жоктогусу келди. Бирок аны көмүш керек, ырым-жырымын жасаш керек, тууган-урук эмне дейт, “өлгөндө келгениңден эмне пайда” дешеттир деген ойлору басымдуулук кылып атты.
-Бир жерден банкомат көрсөң айтчы – деди, аялына - Акча чыгарып алышым керек. Жанымда көбүрөөк акча турсун. Кап, союшу, тасмалы, жыртышы деп отуруп бир топ чыгым болот го, – деп кейиди. Атайын үнүн бек чыгарып айтты. Анысы, аялым да билсин, даяр болсун дегени эле.
-Аны ойлонбо, өлүм каадасы сенин мойнуңда эмеспи, - деди.
Аялына ичинен ыраазы болду. Болбосо ошондо апасы аны кандай гана боз-ала кылып жолго салды эле. Ошончо элдин көзүнчө “даагир” дегеничи.
“Дагы жакшы мүрзөсү даяр” - деди. Муну ичинен эле ойлоп бараткан жанатан бери. Анан аялына айткысы келип кеттиби. Оозунан чыгып кетти.
-Кандайча мүрзөсү даяр?
-Атамдын үстүнө көмөбүз да.
-Кандайча атаңдын үстүнө көмөсүң?
-Ушундайча эле, атамдын мүрзөсүн казып...
-Мүрзөсүн ачыппы? - аялы сөзүн жула качты. Ал мындайды өмүрүндө укпаган окшойт. Ага бул тууралуу такыр ооз ачпаса керек. Анын үстүнө өлүм-жетимге деле такыр каттабайт эмеспи. Алардын ортосунда бул туурасында сөз деле болбоптур.
-Ооба, мүрзөсүн ачып атамдын сөөгүн бир чекеге жылдырып, апамды көмөбүз.
-Эмнеге, ошо кантип болсун?
-Бизде жер жок да, улам жаңы мүрзө каза бергидей.
-Неге жер жок?
Аялы башка планетага түшүп калгансып аңырайды.
-Жер болсо да кымбат. Мурда эле 30-40 миң эле мүрзөлөр, азыр асмандын башы болуп кеткендир...
-Койчу? Мүрзөлүк жер сатылабы?
-Сатылбай анан. Бизде шаардагыдай жер кенен эмес. Мүрзөнүн арасында жер бардыр, бирок ал кымбат да. Бир үйдүн баасы болсо керек.
-Койчу?! Анан ошентип биринин жанына бирин көмө берсе болобу?
-Болот, мынтип көмүп келатканыбызга көп жыл болду.
-Койчу, мен мындайды биринчи угушум.
-Албетте биринчи угасың, шаарда жер кенен. А бизде кайдан, жер жок да – деп, оор үшкүрдү.
-Неге силерде жер жок?
-Чек арада жайгашкан айылдарда жер жок, түгөндү. Кокту-колоттун баарын коңшу өлкөлөргө сатып жүрүп жер тарып кеткенине көп болбодубу. Тарып отуруп үй салганга эмес, мына мүрзөлүк жер калбады акыры. А адам дегениң өлгөндө да өз айылында, киндик каны тамган жеринде жаткысы келет экен да.
-Тообо, ошончолукпу ыя? Аялы такыр ишенбей аткансыды.
-Ошончолук болгондо да кандай. Атамдын бизге калтырган байлыгы ошо мүрзөсү болду. Өзү жер бекер кезде өлүп, жер ээлеп коюптур. Мына эми урматын көрүп атабыз. Адил деген таякем бар дебедим беле?
-Ии, былтыр Адил таякем өлүптүр деп кейип келгенсиң. Бирок барбай койдуң го. Ошолбу?
-Ооба, ошол өлгөндө жер жок, бир туугандарынын үстүнө көмөлү десе, биринин өлгөнүнө эки жыл, да бирине төрт жыл, да бирине жакында эле башка бир жакын тууганын кошуп көмүшкөн экен. Беш-алты жыл өтө элек, мурунку сөөктөр чирий элек деп, ачтырышпаптыр.
-Анан?
-Анан менин атамдын жанына көммөк болушуптур.
-Анан?
-Анан апам көнбөй коюптур. Төрүмдөн көрүм жакын отурам, атаңарга башка мүрзө тапкыла деп бала-чакасын урушуп болбой коюптур.
-А эмне башка бирөөлөрдү да көмө берсе болобу?
-Жакын тууганы болсо болот. Бир тууганы, баласы, кызы, аялы-күйөөсү. Мисалы мен өлсөм атам менен апамдын жанына көмүлсөм болот. Карындашым да. Байкуш карындашым калган өмүрүн эми ошол мүрзөнү кайтарып жүрүп өткөрөт го, апамдан бетер.
-Сенин айылыңда өлөлүчү?
-Эмнеге? - чочуп кетти.
-Өлгөндө да чогуу болот экенбиз.
Аялынын бул сөзүнө жүрөгү жылыды.
-Апаң көнбөсө керек ээ? Менин келиним бар деп, мени ал жакка да кабыл албай койсо керек?
Аялы оюн-чынга аралаш таарынычын айтып алды. Жолката ошол окуяны эстеп келаткан экен деп ойлоду. Анан анын көңүлүн жубатып:
-Келини, күйөө баласы көмүлбөйт, - деди.
-Сен да өлгөндөн кийин туулган жериңде жаткың келеби?
Аялы эми олуттуу суроо берди.
-Туулган жеримде жаткым келсе, тырышып ошол жерде жашамакмын да. Мага баары бир.
-Эмнеге?
-Билбейм. Өлгөндөн кийин кайсы жерде жатканыңдын эмне айырмасы бар? Мени шаарга көм.
Аңгыча телефону шыңгырап калды. Кызы экен
-Алло, кызым!
-Эмне болду, каерге жеттиңиз?
-Эрте менен жетсек керек, кызым.
-Жетсек? Эмне тигиниң да келатабы?
-Ооба.
Кыска жооп берди. Эмне дээрин билбеди.
-Апамчы? Туугандар эмне дээр экен?
-Билбейм, эмне десе ошо десин. Бара көрөрмүн, - деди да, кызы менен коштошту. Баарын уктубу же баамдадыбы аялы эч нерсе деген жок. Экөөнүн ортосун кайрадан оор жымжырттык басты...
Кыргыз поэзиясынын баракчасынан алып келдим ..
#жолдо_элдик
Комментарии 6
дегендей.
Кайсы жакта ушундай жер тар экен?
Биринин үстүнө бирин көмгөн кайда бар?
Кудайым баарыбызга жакшына өлүм берсе экен