Ислам Дооровдун «Өрүкзар» деп аталган бул аңгемесиндеги окуя чыныгы жашоодон алынган. Мен аны көп жыл мурун уккан элем. Ошол үчүнбү же анда сүрөттөлгөн аймак, өрүкзар, Кулунду каналы - баары менин балалыгым калган жерлер экени үчүнбү, айтор, башкача толкундандым аны окуп жатып. Автор кыска гана текстке атанын жашоого, табиятка үй-бүлөсүнө, балдарына, а балдарынын болсо атасына деген аяр мамилесин, кайгы-кубанычын, баарын батыра алган экен. Анда айтылгандай, баары өтөт турмуштан, бирок өмүр улана берет – «өрүктүн гүлү күбүлүп, бүчүрлөр горолойт, жаш өрүктөр пайда болот». (Аңгеменин толук тексти төмөндө)
Текст: Door'ov Danko
Окуган: Төрөкул Дооров
Сүрөт: Нурсултан Каработоев. Кулунду каналынын маңдайындагы өрүкзар. Март, 2023.
https://youtu.be/AES9tL5Xg1A?si=Lpl4PXNpX8KkB0w2
Ислам Дооров
Өрүкзар
аңгеме
Канча жылдан бери оор дарт менен кармашып келет... Канча жылдан бери төшөктөн башы көтөрүлгөн жок... Бирок ошентсе да ал дагы бир жазга жетти. Кээде гана оор үшкүрүнүп, терезеден тыштагы дүйнөгө чарчаңкы көз ыргытып коет. Коомай ачылган терезе артында карыган аялы Атыргүл очок башында тамак бышырып, эр жеткен уулдары жер казып алек. Казандын астында күйүп жаткан бутактардын тырсылдаган дабыштары угулат, тамактын жана түтүндүн жыты мурун жарат.
- Атыргүл! Атыргүл! - онтоо үн менен ал аялын чакырды. Атыргүл дароо маани бербеди. Акыры уккан соң, терезеге жакындап келди.
- Өрүк гүлдөдүбү? - деди ал аялына.
- Эмне дедиң?
- Өрүк гүлдөдүбү деп жатам, - кайра сурады.
- Гүлдөдү... Гүлдөгөнүн не кыласың?
Каримбай көзүн шыпка буруп, бир үшкүрүнүп алды. Атыргүл кайра өз ишине кайта бермекчи болуп жатканда Каримбай кайра чакырды:
- Атыргүл, Айбек менен Кайратты бияка айтып жибергин, - деди ал.
- Азыр, азыр... азыр айтам...
Ал аялына тигиле карады. Кемпир уулдарына барып, аларды атасына жөнөттү. Улуу уулу Кайрат керебеттин жанына келди. Агасынын артында кичүүсү Айбек.
- Ата, бизди чакырдыңызбы? - деди Кайрат.
- Уулум, мени каналга көтөрүп баргыла. Суунун добушун бир эшитким келди. Үйдө дамим кысылып баратат, - деди Каримбай.
Бир туугандар атасын керебети менен кошо үйдөн чыгарып жатышканда:
- Силер каякка? Оокат даяр болуп калды, - деди Атыргүл.
- Кампир, дамим кысылып жатат. Сен дасторконуңду даярдап тур. Бир паста келебиз, - деди Каримбай жай гана.
Көп өтпөй үчөө өрүкзарга жакындап калышты. Күн чакчайып төбөдө. Өрүккө конгон парандалардын сайраган үнү угулат.
- Айбек, талпактабай бас. Атама оор болуп жатат, - деди Кайрат инисине.
- Аракет кылып жатам, ава, аңгыл-дөңгүл жер болсо не кылайын,- деди Айбек чарчоосун жашырып.
- Пичи дам алып алгыла, Айбек чарчап калды, - деди Каримбай.
- Жок, ата, Айбегиңиздин гөданин караң, дөөдөй болуп турат. Катын ала турган болуп калган, - деди Кайрат.
- Алам, ава, бирок авамдан мурда үйлөнүп алсам болбойт го, - деди Айбек күлмүңдөп.
- Мен дагы үйлөнсөм дейм, бирок ким карайт аваңды... Сен бизде красавчиксиң да. Сага кыздар тизилип турат, - деди Кайрат азил менен.
Каримбай уулунун үйлөнө албай жүргөнүнө күнөөлүүдөй сезди өзүн. Ким оорукчан атасы бар жигитке кызын бермек эле? Азыр да балдары минтип тердеп-тепчип көтөрүп баратканына ыңгайсыз болуп турду. Өзүн ашыкча жүк сезди. Ал ушул ойго чөмүлүп, термелип отуруп кантип өрүкзарга жеткенин сезбей калды. Каналга чыгыш үчүн өрүкзар аркылуу өтүш керек.
- Балдар, шу жерге мени коюп тургула. Бир аз эс алгыла. Мен да өрүк гүлдөрүн бир тамаша кылып алайын, - деди Каримбай.
Бул жолу эч ким каршы болгон жок. Алар атасын көлөкөлүү жерге коюп, бир өрүк дарагынын түбүнө олтурушту. Өрүк бак соңу жоктой кең, ак гүлдөр кар сыяктуу тегеректи каптап турат. Эгер гүлдөрдүн ортосу кызыл болбогондо, чындап эле кар түшүп жаткандай көрүнмөк.
Каримбай бакты карап, балдарынан жүзүн буруп, жалгыз көз жаш кылгыртып алды. Бир бутакта жылып бара жаткан жылан куштун уясын көздөй баратканын көрдү. Ал бул бакта эскиде канча ирет балдар менен жашынмак ойноду. Мелүүн желде өрүк асты кар жаагандай, бирок жылуу.
Каримбай бул бакта кыздар менен жолугуп, аларга сүйүү ырларын окуганын, жайда өрүк терип, айлана-төгөрөк өрүк жыттанган кезди эстеди. Күздө өрүкзар жаздагыдай кооз, сары жалбырактар алтын жаагандай болот.
Мунун баары эми өтмүш. Бир саамга оюнда төшөктөн ыргып туруп, чуркап да алды Каримбай. Бул - болгону бир кыял. Төшөктөн тураарына үмүтү качан эле үзүлгөн. Ал бак астында кеп куруп отурган Айбек менен Кайратка карады. Ал кантип балдары ушундай чоңоюп кеткенине таң кала карап жатты.
Көпкө карады Каримбай. "Айбегим мага, Кайрат болсо апасына окшош экен" деп койду ичтен. Каримбай да жаш болчу бир кезде. Бирок жаштык азыр бир түш сымал эле өтүп кеткен сыягы ага. Эми башка бутка тура албастыгын түшүнгөн Каримбай бир саамга балдарынын жаштыгына, эсен-соолугуна кызганып кетти да кайра ичтен өзүн жекирди. Тообо келтирди. Кеселдин дарты ичинде. Анын абалын өзүндөй бейбак гана түшүнөт.
Кайта келгис жылдарды эстеп олтуруп, ал ооруну да унуткансып, бир азга үргүлөп кетти. Көзүн ачканда алар каналдын жээгине жетип калышкан экен.
- Чайпабай бас, атамды кыйнап жатасың, - деди Кайрат.
- Дөңсөө жер экен да, ава, - деди Айбек актана.
Акыры каналдын жээгине жетишти. Керебетти жерге коюшканда, Каримбай бир нерсеге шаштысы кетип тургандай, бир демке издеп жаткандай болду.
- Кайрат, үкаңди алып үйгө барып келгиле?
- Не керек эле, ата?
- Пиала албаптырбыз да, - деп ыңгайсыз жооп берди Каримбай.
- Пиаланы не кыласыз, ата? - деди Айбек.
- Каналдын суунан бир ууртап алсам дедим эле, балам. Үйгө барып келгиле эми, - деди Каримбай жай гана.
Айбек дагы бир нерсе айтайын деп жаткан, бирок Кайрат анын ийнине колун коюп токтотту.
- Жүгүргөн бойдон барып келейикпи? Ким акыркы болуп жетсе, ошол кийими менен каналга секирет! - деди Кайрат инисине.
Каримбай уулдарынын алыстап бара жатканын карап турду. Алар өрүкзарга кирип кайып болгучакты көзүн алардан албай карады. Каримбайдын кургак эриндери балдарынын артына бир сөз айткандай болду. Алар алыстаганына толук ынанганында гана Кулунду каналынын шар агымын карап, жаш кезде достору менен ушул каналга сууга түшүп, секирип ойногон күндөрүн эстеди. Ордунан турууга аракет кылды, бирок алы жете тургандай эмес. Акырын оңго-солго термелип, бир убакта катуу силкине канал тарапка оодарылды. Шар аккан суунун бир гана чулп эткени угулду…
Кайрат менен Айбек өрүк бакты аралай атасына жарыша чуркап келе жатышты. Өрүк гүлүнүн кардай аппак желекчелери жерге желпип жай кулап жатат. Гүлдөрдүн баары күбүлүп түшкөндө бүчүрлөр горолоп, жаш өрүктөр пайда болот.
Ислам Дооров.
#өрукзар_элдик
Комментарии 4